Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 12-сентябры №59
Кадамжай шаардык мэриясынын бюджетинин киреше жана чыгаш
бөлүктөрүн көбөйтүү жөнүндө
Кадамжай шаардык мэриясынын бюджети 2025-жылдын 31-августуна карата такталган киреше план тапшырма 73171,9 миң сомду түзөт, ал эми аткарылганы 84844,9 миң сомду түздү. 2025-жылдын биринчи кварталынын планын 3000,0 миң сом, экинчи кварталына 5717,9 миң сом, жалпы 8717,9 миң сом жылдык планына өзгөртүү киргизилген. 2025-жылдын үчүнчү кварталына 10650,0 миң сом 9 айынын киреше бөлүгүнүн план тапшырмасына кошумча 10650,0 миң сом, жалпы 19367,9 миң сом, ошондуктан Кадамжай шаардык мэриясынын жылдык планынын киреше-чыгаша бөлүктөрүн көбөйтүп берүү жөнүндөгү кайрылуусун жана шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап, талкуулап чыгып, Кадамжай шардык кеңеши токтом кылат:
1. Кадамжай шаардык мэриясынын бюджетинин киреше салыгына төмөнкүдөй болуп өзгөртүүлөр киргизилсин:
11111100 “Салык агенти төлөөчү киреше салыгын” - 16553,1 миң сомго көбөйтүү.
11311200 “Кыймылсыз мүлк салыгын” – 603,3 миң сомго азайтуу.
11321200 “Айыл чарбасына жараксыз жерлеринен” – 31,9 миң сомго азайтуу.
11321300 “Айыл чарбасына жарактуу жерлердин салыгын” -300,0 миң сомго көбөйтүү.
11462230 “Роялити сурьмадан төлөөнүчү салык” – 2700,0 миң сомго көбөйтүү.
11463390 “Роялити металлдардан төлөөнүчү салык” – 450,0 миң сомго көбөйтүү.
2. Кадамжай шаардык мэриясынын алдындагы Муниципалдык Менчик Департаментинин чыгаша бөлүгү боюнча:
2215 “Аркандай чыгашалар статьясына” – 5300,0 миң сом.
3111 “Капиталдык оңдоо статьясына” – 5350,0 сом, жалпы 10650 миң сом.
3. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри А.Мурзажановко милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду каттап, кеңештин сайтына жарыялап жана мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберсин.
Төрага: | К.Дастиров |