Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 12-сентябры №60
Кадамжай шаардык мэриясынын 2025-жылдын 30-июлундагы 01-15-1848 номери менен чыгышталган “Кадамжай шаарынын аймагындагы авариялык абалдагы 7 көп кабаттуу үйлөрдүн ордуна көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн тиешелүү иш кагаздарын даярдоого акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө” кайрылуусу
Кадамжай шаардык мэриясынын “Кадамжай шаарынын аймагындагы авариялык абалдагы 7 көп кабаттуу(Звездная №2, Молдо-Нияз №23, Молдо-Нияз №19, Больничная №4, Больничная № 5, Северная №23, Северная №20) үйлөрдүн ордуна көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн тиешелүү иш кагаздарын даярдоого акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө” кайрылуусун жана шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап, талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кадамжай шардык кеңеши токтом кылат:
1. Кадамжай шаарынын аймагындагы авариялык абалдагы 7 көп кабаттуу үйлөрдүн ордуна көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн тиешелүү иш кагаздарын даярдоого 1 900 000 (бир миллион тогуз жүз миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри А.Мурзажановко тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду каттап, кеңештин сайтына жарыялап жана мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберсин.
Төрага: | К.Дастиров |