Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 12-сентябры №61
Кадамжай шаарына кошулган Кара-Жантак айылынын башкы планын бекитүү жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын кошмо жыйынынын сунушун карап, талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кадамжай шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Кадамжай шаарына кошулган Кара-Жантак айылынын башкы планы бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри А.Мурзажановко тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин жер, курулуш, транспорт жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду каттап, кеңештин сайтына жарыялап жана мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберсин.
Төрага: | К.Дастиров |