Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 12-сентябры №62
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 54 Жарлыгын шаардын аймагында ишке ашыруу боюнча Кадамжай шаардык кеңешинин 2022-жылдын 2-июнундагы № 58 токтому менен бекитилген Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү” № 54 Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы “Тынчтык жөнүндө” № 194 мыйзамынын талаптарына ылайык Кадамжай шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Кадамжай шаардык кеңешинин 2022-жылдын 2-июнундагы “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 54 Жарлыгын шаардын аймагында ишке ашыруудагы түзүлгөн жобону бекитүү жөнүндө” № 58 токтому менен бекитилген жобого, Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы “Тынчтык жөнүндө” № 194 мыйзамынын талаптарына ылайык өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри А.Мурзажановко тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду каттап, кеңештин сайтына жарыялап жана мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберсин.
Төрага: | К.Дастиров |