Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 13-октябры №64
Кара-Жантак айылындагы 3,16 га жер тилкесин калктуу конуштар (социалдык объектердин курулушу үчүн) категориясына которуу жөнүндө
Кадамжай шаарынын вице-мэринин “Кара-Жантак айылындагы 3,16 га жер аянтын калктуу конуштар категориясына которуу жөнүндө” сунушун угуп, талкуулап, шаардык кеңештин жер, курулуш, транспорт жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кадамжай шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Жантак айылындагы 3,16 га жер аянтын (№51-контурунда жайгашкан 3,0 га жер аянты көп жылдык бак-дарактар астындагы жер, №89-контурунда жайгашкан 0,06 га жер аянты жайыт жер, №91-контурунда жайгашкан 0,10 га жер аянты курулуштар астындагы жер) социалдык объектердин курулушу үчүн (бала бакча жана мектеп) калктуу конуштар категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри А.Мурзажановко тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин жер, курулуш, транспорт жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду каттап, кеңештин сайтына жарыялап жана мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберсин.
Төрага: | К.Дастиров |