Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 10-октябры № 108
Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан 2025-2026 жылдардын күз-кыш мезгилине карата көрүлүп жаткан даярдык иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын жана Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентине ылайык, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Макановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан 2025-2026 жылдардын күз-кыш мезгилине карата көрүлүп жаткан даярдыктары жана аткарган иштери кээ бир кемчиликтерди эске алуу менен канаттандырарлык деп табылсын.
2. Суу-Башы айыл аймагында арзан баада көмүр сатуучу жайларды уюштуруп, калкты сапаттуу көмүр менен камсыздоо иштерин колго алуу жагы Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Макановго милдеттендирилсин.
3. Токтом каттоодон өткөрүлүп, suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | К.Шакиров |