Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 10-октябры № 109
Салык боюнча Кз зоналык коэфициентинин өлчөмүн белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Баткен району боюнча башкармалыгынын жетекчиси З.Сапаровдун 2025-жылдын 9-сентябрындагы №024/25/03-6/539 сандуу чыгыш катынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 388-жана 404-беренелерине ылайык , Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Суу-Башы айыл өкмөтүнүн аймагында имараттар, курулмалар жана жайлар үчүн жана калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге мүлк салыгынын эсептөө үчүн Кз коэфициенти 1,0 барабар болуп кабыл алынсын.
2. Токтомду аткарууга алуу жагы Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Макановго милдеттендирилсин.
3. Токтом каттоодон өткөрүлүп, suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К.Шакиров |