Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 10-октябры № 110
Суу-Башы айыл аймагынын ичүүчү таза суу түтүктѳрүнѳ кошулуу үчүн абоненттердин долбоор жүрүп жаткан кездеги ѳздүк салымы, ичүүчү таза суу түтүктѳрүнѳ абоненттердин кошулуу учурундагы тартиби, абоненттик китепче жана анын ичинде кѳрсѳтүлгѳн “Жанбулак-Ата” МИ менен абоненттин ортосундагы келишим, техникалык шарттар, ситуациялык чийме, айылды ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу системаларынан ичүүчү таза сууну пайдалануунун эрежелери, “Жанбулак-Ата” муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин долбоор бүтүп, ишке киргенден баштап кызмат көрсөтүү акылары жана “Жанбулак-Ата” муниципалдык ишканасынын абоненттери ичүүчү таза сууну пайдалануу учурундагы эрежелерди бузгандыгы үчүн айып пул салуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык жана Кара-Булак айылынын 2025-жылдын 8-июлундагы жалпы элдик чогулушунун протоколун эске алуу менен, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Макановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Суу-Башы айыл аймагындагы элдердин үй-чарбаларына ичүүчү сууну киргизүүнү кошуу тартиби бекитилсин ( №1 тиркеме тиркелет).
2. “Жанбулак-Ата” муниципалдык ишканасы тарабынан сунушталган, абоненттерге бериле турган абоненттик китепче жана анын ичиндеги кѳрсѳтүлгѳн: Келишим, техникалык шарттар, ситуациялык чиймеси менен, айылды ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу системаларынан ичүүчү таза сууну пайдалануу эрежелери бекитилсин. (№2 тиркеме тиркелет. Тиркеме 11 барактан турат)
3. Токтомду аткарууга алуу жагы Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Макановго жана “Жанбулак-Ата” МИ жетекчисине жүктөлсүн.
4. Токтом каттоодон өткөрүлүп, suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин жер, айыл-чарба жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К.Шакиров |
Тиркеме№1
Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясынын 10.10.2025-жылдагы №110 токтомуна тиркеме
Абоненттерди негизги ичүүчү таза суу түтүктөрүнө кошуу тартиби:
1) Негизги ичүүчү таза суу түтүгүндө жайгашкан кудуктан баштап, абоненттин үйүнө киргенге чейинки аралыктагы ПЭ ичүүчү таза суу түтүкчөсү ташталуучу чункурдун терендиги, 1 метрден кем болбоосу зарыл.
2) Абоненттин үйүнө тартылуучу ПЭ ичүүчү таза суу түтүкчөсүнүн сапаты сертификацияланган, сапаты жакшы, ички диаметри 15 мм болуусу шарт.
3) Абоненттин үйүнө тартылуучу ПЭ ичүүчү таза суу түтүкчөсүн көмүү учурунда, анын алдыңкы тарабына 10 см жана жогорку тарабына 20 см.ден кем эмес жумшак топурак же майда кум төшөлүүсү абзел.
4) Абоненттердин негизги ичүүчү таза суу түтүгүнө туташтырганга чейин ПЭ ичүүчү таза суу түтүкчөсүнүн эки жагындагы уучтары жабык болуп(заглушка) турушу шарт.
5) Абоненттердин негизги ичүүчү таза суу түтүгүнө кошулуу учурундагы: экскаватор менен казуу, көмүү, ПЭ ичүүчү таза суу түтүкчөсү жана ага кетүүчү каражаттар абоненттин өз эсебинен жүргүзүлөт.
6) Аткарыла турган жумуштардын баары “Жанбулак-Ата” муниципиалдык ишканасынын көзөмөлүндө болсун жана абоненттердин ичүүчү таза суу түтүгүнө кошуу, суу эсептегичтерди орнотуу “Жанбулак-Ата” муниципиалдык ишканасына жүктөлсүн.
Жооптуу катчы у.м.а.: Мурзаева С.
Тиркеме№2
Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясынын 10.10.2025-жылдагы №110 токтомуна тиркеме
Кыргыз Республикасы
Баткен облусу
Баткен району
Суу-Башы айыл аймагы
“Жанбулак-Ата
муниципалдык ишканасы
Ичүүчү суу боюнча
абоненттик китепче
(Дареги)
Кара-Булак айылы 2025-ж
“Жанбулак-Ата” МИнин кызматкерлеринин байланышуу маалыматтары
Жетекчиси_______________________________________________________
Тел.: __________________________________________
Бухгалтер
Аты-жөнү: _______________________________________________________
Тел.: _______________________________________________________
Сантехник
Аты-жөнү: _______________________________________________________
Тел.: _______________________________________________________
Аты-жөнү: _________________________________________________________
Тел.: ______________________________________________________________
Аты-жөнү: _________________________________________________________
Тел.: ______________________________________________________________
Аты-жөнү: _________________________________________________________
Тел.: ______________________________________________________________
Аты-жөнү: _________________________________________________________
Тел.: ______________________________________________________________
“Жанбулак-Ата” МИнин дареги:
Кыргыз Республикасы, Баткен облусу, Баткен району, Суу-Башы айыл аймагы, Бужум а.
Кыргыз Республикасынын суу ресуртары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министирлигине караштуу суу ресурстар кызматы.
Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү мамлекеттик мекемеси
“Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу” (ПУВУУИК) долбоорунун негизги максаты тандалган дарыя бассейндеринде климатка туруктуу суу кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана жергиликтүү жана улуттук деңгээлдеги климатка туруктуу сууну башкаруу боюнча институттук потенциалды күчөтүү.
Ичүүчү суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу жана санитария тутумдарын өнүктүрүүдө башкы багыттар менен иш-чараларды белгилөө, бул чөйрөдөгү кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу, ишмердик жүргүзүүдөгү башкы маселелерди чечүү максатында, Кыргыз Өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 12-июнь күнү №330 токтому менен бекитилген “КРнын калктуу конуштарын суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу тутумдарын өнүктүрүүнүн 2026-жылга чейинки Стратегиясы” кабыл алынган.
Бул Стратегияга ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин суу менен камсыз кылуу жана санитария жаатында улуттук саясат боюнча Программаны ишке ашырат.
Бүткүл дүйнөлүк банк каржылаган“Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу” долбоорун ишке ашыруучу катары ДИАБ белгиленген.
Долбоордун максаттары