Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 10-октябры № 111
Суу-Башы айыл аймагындагы айылдардын көчөлөрүнө суу өтүүчү лоток жаткыруу үчүн 2026-жылга жергиликтүү бюджетинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 9-октябрындагы №461 сандуу чыгыш катынын негизинде, айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Макановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Суу-Башы айыл аймагындагы айылдардын көчөлөрүнө суу өтүүчү лоток жаткыруу үчүн дем берүүчү гранттын эсебинен каржылануучу долбоорго 4 278 771 (төрт миллион эки жүз жетимиш сегиз миң жети жүз жетимиш бир ) сом акча каражаты Суу-Башы айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен өздүк салым катары бөлүнүп берилсин.
2. Токтомду аткарууга алуу жагы Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтом каттоодон өткөрүлүп, suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К.Шакиров |