Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 10-октябры № 112
Суу-Башы айыл аймагындагы бала бакчаларына кошумча тайпа ачууга макулдук берүү жөнүндө
Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 9-октябрындагы №462 сандуу чыгыш катынын негизинде, айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Макановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Суу-Башы айыл аймагындагы Кара-Токой бала бакчасынын филиалы болуп ачылган Бөжөй айылындагы бала бакчасына жана Кара-Булак айылындагы Жаш Балапан бала бакчаларына кыска мөөнөттүү кошумча тайпаларды ачууга макулдук берилсин.
2. Жаңы ачылган тайпалардын штаттык бирдиктерин чечип берүү жагы Баткен райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
3. Токтомду аткарууга алуу жагы Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Макановго милдеттендирилсин.
4. Токтом каттоодон өткөрүлүп, suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К.Шакиров |