Загрузка документа…
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XII СЕССИЯСЫ (VI1 чакырылышы)
2025-жылдын 10-октябры №1
Раззаков шаарындагы бөлүнгөн бөлүктөргө карата жарандардын жана жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын өткөрүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы №270 Жарлыгын аткаруу жана Кезектеги IV Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо максатында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 61, 62-беренесине, 2023-жылдын 24-июлундагы №146 “Элдик Курултай жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча жана ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин 2025-жылдын 25-сентябрындагы №1 протоколу менен бекитилген Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын календардык планына ылайык Раззаков шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Раззаков шаарынын жергиликтүү коомдоштуктарынын жыйыны 2025-жылдын 1-ноябрь күнү саат 10-00гө Лейлек райондук маданият үйүнө чакырылсын.
2. Раззаков шаарындагы бөлүнгөн бөлүктөргө карата жарандардынжыйындарын өткөрүү графиги (жарандардынжыйындарын өткөрүү убактысы жана өтүүчү жери, жергиликтүү коомдоштуктардынжыйынына катышуучу өкүлдөрдүн саны, жарандардын жыйындарын өткөрүү боюнча бөлүнгөн бөлүктөргө каратабөлүү ченемдери, жыйындарды өткөрүү графиги жана жарандардын жыйындарын өткөрүүгө жооптуу шаардык Кеңештин депутаттарынын тизмеси) тиркемеде көрсөтүлгөн таблицага ылайык бекитилсин. (Тиркеме №1).
3. Раззаков шаарындагы бөлүнгөн бөлүктөргө карата жарандардын жана жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы№2 тиркемеге ылайык бекитилсин. (Тиркеме №2).
4. Жарандардын жана жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын өткөрүүнү уюштуруу, материалдык техникалык жактан камсыздоо жана маалымдоо иштерин жүргүзүү жагы Раззаков шаарынын мэриясынын жетекчилигине жүктөлсүн жана каржылоо жагы жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргузүлсүн.
5. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | С.А.Саматов |
Раззаков шаардык Кеңешинин кезексиз
XII сессиясынын 2025-жылдын 10-октябрындагы
№ 1 токтомуна тиркеме №1
Раззаков шаарындагы бөлүнгөн бөлүктөргө карата жарандардын жыйындарын өткөрүү
ГРАФИГИ
№ | А.А.А. | Калктын саны | Коомдоштуктар- дын жыйынына өкүл көрсөтүү нормасы (саны) | Жарандардын жыйындарын өткөрүүгө жооптуу депутаттар. | Өткөрүлүүчү жери жана өткөрүү датасы |
Уюштуруучулар |
1 | Ак-Босого | 958 | 4 | Т.Н.Джоошбаев Ү.А.Кундузов | Жыйындар залы. 21.10.2025ж Саат 10-00 | Раззаков шаардык Кеңеши, Раззаков шаарынын мэриясы. |
2 | Самат | 2709 | 12 | Г.А.Момунова Т.Н.Джоошбаев Ү.А.Кундузов | Самат ат.о/м 21.10.2025 Саат 11-00 | Раззаков шаардык Кеңеши, Раззаков шаарынын мэриясы. |
3 | Чымкен | 3259 | 15 | А.Т.Канзаманов Ж.Б.Тиллаев Б.Б.Айтемиров Н.Н.Жээналиев Ж.А.Джумабаева | Т.Жапаров ат.о/м 21.10.2025ж Саат 13-00 | Раззаков шаардык Кеңеши, Раззаков шаарынын мэриясы. |
4 | Ак-Булак | 1012 | 5 | И.А.Юсупов
| Ак-Булак о/м 21.10.2025ж Саат 14-00 | Раззаков шаардык Кеңеши, Раззаков шаарынын мэриясы. |
5 | Тайлан | 1681 | 8 | Р.Г.Шамуров Р.М.Пусурманов | Тайлан о/м 21.10.2025ж Саат 15-00 | Раззаков шаардык Кеңеши, Раззаков шаарынын мэриясы. |
6 | Алтын-Бешик | 1864 | 9 | Г.Ю.Абдиева С.Ш.Жаназаков | К.Казиев ат. о/м 21.10.2025ж Саат 16-00 | Раззаков шаардык Кеңеши, Раззаков шаарынын мэриясы. |
7 | Раззаков 1 | 4907 | 21 | Д.С.Худайназаров У.Б.Кундузов | Амир Темур ат.о/м 22.10.2025ж Саат 10-00 | Раззаков шаардык Кеңеши, Раззаков шаарынын мэриясы. |
8 | Раззаков 2 | 3316 | 15 | С.А.Туракулов Д.С.Худайназаров Д.Х.Туракулова | №4 гимназия мектеби 22.10.2025ж Саат 11-00 | Раззаков шаардык Кеңеши, Раззаков шаарынын мэриясы. |
9 | Раззаков 3 | 3592 | 17 | Д.С.Худайназаров С.А.Туракулов Д.Х.Туракулова | Исфана о/м 22.10.2025ж Саат 13-00 | Раззаков шаардык Кеңеши, Раззаков шаарынын мэриясы. |
10 | Раззаков 4 | 5868 | 25 | М.У.Алимбаев Ж.Х.Ганиева К.Т.Курбанов Ж.А.Якубжанов | А.Навои ат. о/м 22.10.2025ж Саат 14-00 | Раззаков шаардык Кеңеши, Раззаков шаарынын мэриясы. |
11 | Раззаков 5 | 4312 | 19 | Ж.А.Якубжанов К.Т.Курбанов Э.Н.Набиева А.А.Халилов | Ыссык-Көл о/м 22.10.2025ж Саат 15-00 | Раззаков шаардык Кеңеши, Раззаков шаарынын мэриясы. |
| Жалпы саны | 33478 | 150 |
|
|
|
Раззаков шаардык Кеңешинин жооптуу катчысы: З.Н. Туяков
Раззаков шаардык Кенешинин кезексиз XII сессиясынын