ЖУСУП АБДРАХМАНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин кезексиз 10- сессиясы
2025-жылдын 18-августундагы № 10-3
Ж.Абдрахманов айыл аймагынын айыл чарба эмес багытындагы жерлер үчүн зоналдык коэффиентин жана калктуу конуштардын жерлерине жана калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу учүн жыйымдарынын
өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 мыйзамынын 34-беренесине ылайык жана Ж.Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында, Ж.Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат.
- Кыргыз Республикасынын салык Кодексинин 404-беренесинин 4-пунктуна ылайык айыл чарба эмес багытындагы жерлер үчүн жана калктуу конуштардын жерлеринин зоналдык коэффициентин 2026- жылдын 1-январынан тартып 1,8 өлчөмүндө бекитилсин.
- Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жеке жактарга 100сом жана юридикалык жактарга 200 сом өлчөмүндө бекитилсин.
- Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы М.Б.Алиевке милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы, экономика жана инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.
- Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин 21.02.2024ж. №28/1-5- токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.