Загрузка документа…
ЖУСУП АБДРАХМАНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин кезексиз 10- сессиясы
18.08.2025ж. № 10-4
“Жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө”
Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы М.Б.Алиевдин жана Ананьево АМБнын башчысы Турсунбек уулу Саматтын экологиялык видео көзөмөл орнотуу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө кайрылуусунун угуп, талкуулап Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊеши токтом кылат:
1. Жусуп Абдрахманов айыл аймагына караштуу Чоң – Өрүктү айылынын түштүк
тарабынан, көл жээгинен №441 контуруна экологиялык видео көзөмөл орнотуу үчүн
аянты 500,0м2 (0,05га)жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын
айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Алиевке милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Транспорт, курулуш, байланыш, өндүрүш,
ишмердикти өнүктүрүү, отун энергетика, туризм, курортту өнүктөрүү, жаратылыш
ресурстарын пайдалануу, экология, жер, агрардык реформа жана айыл чарба
продукциясын кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4.Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ
ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын
жергиликтүү Кеӊешинин 21.02.2024ж. №28/1-5- токтомунун негизинде мамлекеттик
тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
Төрага А.Ш.Кыштобаев