Загрузка документа…
ЖУСУП АБДРАХМАНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин кезексиз 10- сессиясы
2025-жылдын 18-августундагы № 10-5
“Участкалык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөтүү боюнча жарандардын чогулушунун протоколдорун бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын 2025-жылдын 16-августундагы чыг.№01-13-4650 катынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын 2025-жылдын 5-августундагы чыг.№02-2-8/861 катын жетекчиликке алып,усуп Абдрахманов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы М.Б.Алиевдин кайрылуусунун угуп, талкуулап Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊеши токтом кылат:
1. Жусуп Абдрахманов айыл аймагындагы
- 3042 шайлоо участогу – Көк-Дөбө УШК;
- 3043 шайлоо участогу – Ананьево УШК;
- 3044 шайлоо участогу – Ананьево УШК;
- 3045 шайлоо участогу – Ананьево УШК;
- 3046 шайлоо участогу – Ананьево УШК;
- 3047 шайлоо участогу – Кароол-Дөбө УШК;
- 3048 шайлоо участогу – Жаркымбаев УШК;
- 3049 шайлоо участогу – Өрүктү УШК;
- 3050 шайлоо участогу – Чоң-Өрүктү УШК;
- 3051 шайлоо участогу – Орто –Өрүктү УШК резервин толуктоого талапкерлерди көрсөтүү боюнча жарандардын чогулуштарынын протоколдору тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Тиешелүү иш кагаздары Ысык-Көл райондук аймактык шайлоо комиссиясына жиберилсин.
3.Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы М.Б.Алиевке жана айыл башчыларына
милдеттендирилсин.
4.Депутаттык иш, мыйзамдуулук, укук бузуу менен күрөшүү, мыйзамды сактоо, аскердик тарбия, спорт, өзгөчө кырдаал боюнча, коомдук бирикмелер менен иш алып баруу боюнча туруктуу комиссиясынатапшырылсын.
Төрага А.Ш.Кыштобаев