ЖУСУП АБДРАХМАНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин кезектеги 12 - сессиясы
13.10.2025ж. № 12-3
“Ананьево айылындагы Вишневый кичи көчөсүнө “Карымшаков Доктурбай” ысымын ыйгаруу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 мыйзамынын 34-беренесинин 17-бөлүгүнүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтомунун, Кыргыз Республикасынын “Географиялык аталыштар жөнүндө ” мыйзамынын 7-беренесин жана Ананьево айылынын тургуну
Э.Д.Карымшаковдунмаалыматын, сунушун угуп, талкуулап Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊеши токтом кылат:
- Жусуп Абдрахманов айыл аймагына караштуу Ананьево айылындагы Вишневый кичи көчөсүнө «Карымшаков Доктурбай» ысымы ыйгарылсын.
- Токтомду аткаруу жана тиешелүү кызматтардан (Госрегистр, архитектура, РОВД) каттоо жүргүзүү жагы Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Алиевке жана арыз ээси Э.Д.Карымшаковкомилдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, курулуш, байланыш, өндүрүш, ишмердикти өнүктүрүү, жер, агрардык реформа жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.
- Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин 21.02.2024ж. №28/1-5- токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
Төрага А.Ш.Кыштобаев