Редакцияот 13.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин кезектеги 12 - сессиясы

 

 13.10.2025ж.                   № 12-5                                                               

 

 

“Жусуп Абдрахманов айыл аймагында жергиликтүү коомдоштуктун  өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө”

        Кыргыз Республикасынын “Элдик Курултай жөнүндө” конституциялык мыйзамы (2023-жылдын 24-июлу №146), Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” 2025-жылдын 22-сентябрындагы ПЖ № 270 Жарлыгынын негизинде, Улуттук кеңештин 2024-жылдын 21-декабрындагы чечими менен бекиген “Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып,  маселени карап, талкуулап чыгып Ж.Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеңеши токтом кылат:

         

1. Ж.Абдрахманов айыл аймагынын IV Элдик Курултайына делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын уюштуруу жана ѳткѳрүү боюнча уюштуруу топтун курамы бекитилсин.(№1-тиркеме)

            2. Ж.Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү жыйынына катышуучу өкүлдөрдүн саны “Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жөнүндө жобого” ылайык (80 делегат) 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

          

            3. Ж.Абдрахманов айыл аймагынын IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын өткөрүү 2025-жылдын 17- октябрдан 24-октябрга чейин белгиленсин (№3 тиркемеге ылайык).

         

           4. IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү курултайды өткөрүү  2025-жылдын 1-ноябры деп белгиленсин  ( № 4 тиркемеге ылайык).

 

5.Уюштуруу тобуна жана айыл башчыларга 17- октябрдан 24-октябрга Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жыйындарды жана чогулуштарды өткөрүү, уюштуруу жагы  милдеттендирилсин.

        6. IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүүгө кеткен чыгымдар айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен жумшалсын.

 

 

7. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Ж.Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кенешинин 21.02.2024 -жылдын №28/1-5 - токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана  ММКда жарыялансын.

 

            8. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Ж.Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кенешинин Депутаттык “Укук бузуу менен күрөшүү, мыйзамды сактоо, коомдук бирикмелер менен иш алып баруу ”туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                          А.Ш.Кыштобаев