Загрузка документа…
ЖУСУП АБДРАХМАНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин кезектеги 12 - сессиясы
13.10.2025ж. № 12-8
Ж.Абдрахманов айыл аймагынын Турак – жай коммуналдык чарбасы, жайыт пайдалануучулар муниципалдык мекемесинин жайыт жерлери боюнча
2025 - жылга бюджетине өзгөртүү-толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Ж.Абдрахманов айыл аймагынын Турак – жай коммуналдык чарбасы, жайыт пайдалануучулар муниципалдык мекемесинин жайыт жерлери боюнча адиси Б.Исмаиловдун билдирүүсүн угуп, карап, талкуулап Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊеши токтом кылат:
1. Ж.Абдрахманов айыл аймагынын Турак – жай коммуналдык чарбасы, жайыт пайдалануучулар муниципалдык мекемесинин жайыт жерлери боюнча адиси Б.Исмаиловдун маалыматынын негизинде жайыт пайдалануучулардын 2025-жылга бюджетин бекитип берүү жөнүндө токтомуна өзгөртүү-толуктоолорду киргизилсин. (Тиркеме №1)
2.Токтомдун аткарылышы Турак – жай коммуналдык чарбасы, жайыт пайдалануучулар муниципалдык мекемесинин жайыт жерлери боюнча адиси Б.Исмаиловко тапшырылсын.
3. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчы М.Б.Алиевке жана финансы-экономикалык бөлүмдүн башчысы З.Аттоевага милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы, экономика жана инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.
5. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин 21.02.2024ж. №28/1-5- токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
Төрага А.Ш.Кыштобаев