Загрузка документа…
ЖУСУП АБДРАХМАНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин кезектеги 12 - сессиясы
13.10.2025ж. № 12-9
“Турак – жай коммуналдык чарбасы, жайыт пайдалануучулар” муниципалдык мекемесинин жайыт жерлерин эффективдүү пайдалануу үчүн атайы эреже
киргизүү жөнүндө
Ж.Абдрахманов айыл аймагынын Турак – жай коммуналдык чарбасы, жайыт пайдалануучулар муниципалдык мекемесинин жайыт жерлери боюнча адиси Б.Исмаиловдун билдирүүсүн угуп, карап, талкуулап Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊеши токтом кылат:
1. Ж.Абдрахманов айыл аймагынын Турак – жай коммуналдык чарбасы, жайыт пайдалануучулар муниципалдык мекемесинин жайыт жерлери боюнча адиси Б.Исмаиловдун маалыматынын негизинде жайыт акысын төлөмөйүн, айыл аймактагы ветеринардык адистери тарабынан сатылуучу малга (тирүүлөй, эт түрүндө) берилүүчү маалымдамаларды берилбеси милдеттендирилсин.
2.Жайыт пайдалануучулар жайыт ресурстарын пайдалануу менен жайыт акысын төлөө кечиктирилген убакта, төлөнө элек суммадан ар бир кечиктирилген күн үчүн кошумча 0,09% үстөк (пеня) төлөнөрү эскертилсин. Токтом 2025-жылдын 1-ноябрынан тартып күчүнө киргизилсин.
3. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчы М.Б.Алиевке, Турак – жай коммуналдык чарбасы, жайыт пайдалануучулар муниципалдык мекемесинин жайыт жерлери боюнча адиси Б.Исмаиловко жана бардык айыл башчыларына милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Маданият, саламаттыкты сактоо, билим берүү, калкты социалдык жактан коргоо, санитардык-ветеринардык коопсуздук, эмгек миграция жана дин маселеси менен иш алып баруу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин 21.02.2024ж. №28/1-5- токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
Төрага А.Ш.Кыштобаев