Редакцияот 28.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

САРЫ-ЧЕЛЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ 

ТОКТОМ

 

Сары-Челек  айылдык кеӊешинин IХ чакырылышынын

кезексиз II сессиясы

 

 

2024-жылдын  28-декабры  №2/1

 

«2025-жылга карата түзүлгөн Сары-Челек айылдык кеңешинин иш планын бекитүү жөнүндө»

 

             Сары-Челек айылдык айылдык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын 2024-жылдын 25-декабрында өткөрүлгөн биргелешкен отурумунун корутундусуна негиз, сессия

                                              

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.2025-жылга карата түзүлгөн Сары-Челек айылдык Кеңешинин иш планы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.

 

3.Аталган токтомду расмий жарыялоо,Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык Кеңештин жооптуу катчысы У.Барпиевге жүктөлсүн.

 

4.Токтом мамлекеттик тилде жазылды.

 

 

Төрага

 

Н.Абдыраманов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Сары-Челек айылдык кеңешинин                   2024-жылдын 28-декабрындагы №2/1 токтомуна тиркеме

 

 

САРЫ-ЧЕЛЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН 2025-ЖЫЛГА КАРАТА ТYЗYЛГƟН

ИШ ПЛАНЫ.

 

№

 

Аткарылуучу иштин мазмуну

 

Мѳѳнѳтү

 

Аткарууга жооптуу

 

I-КВАРТАЛ

 

 

1

 

 

2

Cары-Челек айылдык Кеӊешинин туруктуу комиссияларынын иш пландарын бекитүү

Сары-Челек айыл ѳкмѳтүнүн 2024-жыл аралыгында жүргүзгѳн ишинин жыйынтыктары тууралуу айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Т.Айткуловдун отчету жѳнүндѳ.

январь

 

 

Февраль айы

Туруктуу комиссиялардын тѳрагалары: Д.Арстанбеков К.Темирбеков Г.Жоробекова Б.Тѳрѳбеков

3

Сары-Челек айыл аймагынын 2025-жылдагы социалдык-экономикалык ѳнүгүүсүнүн планы жана 2026-2027-жылдарга карата долбоору жѳнүндѳ.

 

Туруктуу комиссия

4

Сары-Челек айыл ѳкмѳтүнүн 2024-жылдагы бюджетинин аткарылышы, 2025-жылга карата бюджетин жана 2026-2027-жылдарга карата долбоорун бекитүү жѳнүндѳ.

 

Туруктуу комиссия

5

Сары-Челек жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2024-жылдагы жүргүзгѳн иштеринин жыйынтыктары тууралуу жайыт комитетинин тѳрагасы Ш.Козугуловдун отчету жѳнүндѳ.

 

Туруктуу комиссия

6

 

Сары-Челек жайыт комитетинин 2024-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2025-жыл үчүн бюджетин бекитүү жѳнүндѳ.

 

Туруктуу комиссия

7

Ар бир айдын 10 числосунда айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинин аткарылышынын абалы менен таанышуу максатында отурум ѳткѳрүү

 

Туруктуу комиссия

 

II КВАРТАЛ

 

 

1.

Сары-Челек айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу, кайра бѳлүштүрүү фондусунун жерлерин бѳлүштүрүүнүн абалы жѳнүндѳ.

май

Туруктуу комиссия

2.

Айыл аймагындагы жашылдандыруу жана кѳрктѳндүрүүнүн абалы жѳнүндѳ.

 

Туруктуу комиссия

3.

Калктын ден соолугуна кам кѳрүүдѳгү айыл аймагындагы ФАПтардын жүргүзүп жатка иш-аракеттеринин абалы жѳнүндѳ

 

Туруктуу комиссия

4.

Айыл аймагынын калкынын менчик малдарын жайыттарга жайгаштыруудагы жайыт комитетинин жүргүзүп жаткан жумуштары жѳнүндѳ.

 

Туруктуу комиссия

5.

Айыл ѳкмѳтүндѳгү жергиликтүү бюджеттин аткарылышынын абалы жѳнүндѳ

 

Туруктуу комиссия

6

 

Сары-Челек айыл аймагындагы менчик эс алуучу жайлардагы калкты тейлѳѳнүн жана тазалыктын абалы жѳнүндѳ

 

Туруктуу комиссия

7

Айыл аймагындагы айылдардагы жана менчик ашканалардагы, күркѳлѳрдѳгү тазалыктын абалы жѳнүндѳ

III КВАРТАЛ

 

Туруктуу комиссия

1.

Айыл аймагындагы мектептердин жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жаӊы окуу жылына карата даярдыгынын абалы жѳнүндѳ.

август

Туруктуу комиссия

2.

Жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бѳлүктѳрүнѳ айрым ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ.

 

Туруктуу комиссия

3.

Менчик күркѳлѳрдѳгү товарлардын сапаты,мѳѳнѳттѳрүнүн сакталышы жана алкаголдук ичимдиктерди сатуунун мыйзамдуулугу жѳнүндѳ.

 

Туруктуу комиссия

4.

Айыл ѳкмѳтүнүн жетекчилиги тарабынан сессияларда кабыл алынган чечимдерди аткаруунун абалы жѳнүндѳ

 

Туруктуу комиссия

5.

Авлетим токой чарбасындагы чарбачылык жумуштардын аткарылышынын абалы жѳнүндѳ.

 

Туруктуу комиссия

6.

Жайыт комитетинин биринчи жарым жылдыктагы аткарган иштеринин жыйынтыгы жѳнүндѳ

 

Туруктуу комиссия

7.

Сары-Челек айыл аймагындагы эс алуучу жайлардан түшкѳн салыктар боюнча системалуу жумуш алып баруу

 

Туруктуу комиссия

 

IV КВАРТАЛ

 

 

1.

Сары-Челек айыл аймагындагы калкты маданий жактан тейлѳѳдѳгү маданият үйүнүн кызматкерлеринин аткарган жумуштарынын абалы жѳнүндѳ.

октябрь

Туруктуу комиссия

2.

Айыл аймагындагы социалдык мекемелердин кышка карата даярдыгынын абалы жѳнүндѳ.

 

Туруктуу комиссия

3.

Айыл ѳкмѳтүндѳгү жергиликтүү бюджеттин аткарылышынын абалы тууралуу.

 

Туруктуу комиссия

4.

Айыл аймагындагы аз камсыз болгон,жардамга муктаж атуулдар жана үй-бүлѳлѳр менен иш алып баруудагы айыл ѳкмѳтүндѳгү аткарылган жумуштар жѳнүндѳ

 

Туруктуу комиссия

5

Yй-бүлѳлүк зордук-зомбулук кѳрсѳтүүлѳргѳ жана жаш балдарды кордоону алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан жумуштар жѳнүндѳ

 

Туруктуу комисси

        

 

 

Сары-Челек айылдык кеңешинин катчысы:

 

 У.И.Барпиев