Загрузка документа…
ЖУСУП АБДРАХМАНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин кезектеги 12 - сессиясы
13.10.2025ж. № 12-10
“Жусуп Абдрахманов айыл аймагына караштуу айылдарынын тургундары колдонгон таза сууга болгон тарифин бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 мыйзамынын ылайык Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын айылдарынын жашоочулары ичүүчү таза сууга болгон тарифи жөнүндө 2025-жылдын өткөрүлгөн коомдук угуу жыйынынын чечин карап талкуулап Жусуп Абдрахмановайыл аймагынын жергиликтүү Кеӊеши токтом кылат:
1. 2025-жылдын өткөн айылдык жыйында ичүүчү таза сууга болгон тарифин төмөндөгүдөй бекитилсин:
- Ананьево айылында арбир үй – бүлө мүчөсүнөн 1-айга 50(элүү) сом өлчөмүндө;
- Көк-Дөбө айылында арбир короодон 1-айга 100(жүз) сом өлчөмүндө;
- Жаркымбаев айылында арбир короодон 1-айга 150(жүз элүү) сом өлчөмүндө;
- Өрүктү(Хутор) айылында арбир короодон 1-айга 100(жүз) сом өлчөмүндө;
- Чоң - Өрүктү айылында арбир короодон 1-айга 100(жүз) сом өлчөмүндө;
- Орто – Өрүктү айылында арбир короодон 1-айга 100(жүз) сом өлчөмүндө;
2. Ичүүчү сууга түшкөн акча каражаты Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Таза Суу” муниципалдык ишканасынын бюджетине кириштелсин.
3. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчы М.Б.Алиевке жана финансы-экономикалык бөлүмдүн башчысы З.Аттоевага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы, экономика жана инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.
5.Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин 21.02.2024ж. №28/1-5- токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
Төрага А.Ш.Кыштобаев