ЖУСУП АБДРАХМАНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин кезектеги 12 - сессиясы
13.10.2025ж. № 12-11
Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн
“Турак –жай коммуналдык чарбасы, жайыт пайдалануучулар” муниципалдык ишканасынын айыл - чарба техникасынын кызмат акы төлөмдөрүнүн тарифин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине ылайык жана “Турак –жай коммуналдык чарбасы, жайыт пайдалануучулар” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Р.Эсеналиевдин кайрылуусун карап, сунушун угуп, талкуулап Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊеши токтом кылат:
- Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Турак –жай коммуналдык чарбасы, жайыт пайдалануучулар” муниципалдык ишканасынын айыл чарба техникаларынын жана таштанды чыгаруу кызмат акы төлөмдөрүнүн тарифи тиркемеге ылайык бекитилсин.(Тиркеме №1 тиркелет)
- Техникадан жана таштанды чыгаруудан түшкөн акча каражаты Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Турак –жай коммуналдык чарбасы, жайыт пайдалануучулар” муниципалдык ишканасынын бюджетине кириштелсин.
- Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчы М.Б.Алиевке жана финансы-экономикалык бөлүмдүн башчысы З.Аттоевага милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы, экономика жана инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.
- Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин 21.02.2024ж. №28/1-5- токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
Төрага А.Ш.Кыштобаев