Загрузка документа…
ЖУСУП АБДРАХМАНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин кезектеги 12 - сессиясы
13.10.2025ж. № 12-12
“Акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө”
Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн орун басары – жооптуу катчысы Т.М.Агатаеванын айыл аймактын карамагындагы бардык социалдык обьектилердин печать, штамптарын алмаштыруу жөнүндө сунушун угуп, талкуулап Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊеши токтом кылат:
1.Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын карамагындагы
- Мектептердин печать, штамптарын алмаштырууга – 60000(алтымыш миң)сом;
- Бала бакчалардын печать, штамптарын алмаштырууга – 24000(жыйырма төрт миң)сом;
- Айыл өкмөтүнүн штампына – 1500(бир миң беш жүз)сом;
Жалпысынан 85500(сексен беш миң беш жүз)сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Алиевке жана жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы, экономика жана инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.
4. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин 21.02.2024ж. №28/1-5- токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
Төрага А.Ш.Кыштобаев