Загрузка документа…
ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Элмирбек Иманалиев айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2025-жылдын 3-апрелиндеги №32
«Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө»
Айыл өкмөтүнө экскаватор алууга атайын эсебинен бөлүнгөн 1 500 000 (бир миллион беш жүз) миң сомдун багытын өзгөртүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы М.Сатаровдун 2025-жылдын 14-мартындагы №139 чыгыш сандуу сунушун угуп жана талкуулап Элмирбек Иманалиев айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Элмирбек Иманалиев айыл өкмөтүнө экскаватор алууга атайын эсебинен бөлүнгөн 1 500 000 (бир миллион беш жүз) миң сомдун багытын өзгөртүү боюнча айыл өкмөт башчысы М.Сатаровдун сунушу алымча, кошумчалары менен эске алынсын.
Элмирбек Иманалиев айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен:
- Н.Оморовдун 0,54 сотых жерин сатып алууга – 200 000 (эки жүз) миң сом;
- А.Калдарбаев,Ш.Сасыкулов көчөлөрүнүн жана Чалдобар участкасынын жолдорун ондоого 250 000 (эки жүз ) миң сом;
- Коңур-Өгуз айылына ветеринардык санитардык мал эмдөөчү
жай курууга – 450 000 (төрт жүз элүү) миң сом;
- Коңур-Өгүз айылынын Шоорук уулу Байгазы көчөсүнүн жолун
оңдоого – 100 000 (бир жүз) миң сом;
- айыл чарба каттосуна -150 000 (бир жүз элүү) миң сом;
- кичи автобус (спринтерди) оңдоого (субсидия) – 150 000 (бир жуз элүү) миң сом;
- Ж.Чаргынов атындагы орто мектебинин 3 сааттык бала бакчасынын
айланасын тосууга – 74 000 (жетимиш төрт) миң сом;
- ички жолдорду автогрейдер менен ондоого – 210 000 (эки жүз он) миң сом;
- ички канал арыктарды тазалоого – 150 000 (бир жүз элүү) миң сом;
- “Мектеп лигасы” долбоорунун футбол боюнча Жалал-Абад шаарына бара турган
Ж.Чаргынов мектебинин окуучуларына сапар чыгымына 60 000 (алтымыш) миң сом;
- КР Эл артисти,”Даңк” орденинин ээси,Шахра Талиповага 70 жаш юбилейине карата 20 000 (жыйырма) миң сом бөлүнүп берилсин;
2. Белгиленген суммадан ашкан 314 000 (үч жүз он төрт) миң сом акча каражатын кошумча каражат топтоонун негизинде жогоруда көрсөтүлгөн иштер аткарылсын.
3.Токтомду ишке ашыруу айыл өкмөт башчысы М.Сатаровго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет жана экономика, муниципиалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу
комиссиясына жүктөлсүн.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага |
А.Т.Уметалиев |