Редакцияот 29.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

САРЫ-ЧЕЛЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ 

ТОКТОМ

 

Сары-Челек  айылдык кеӊешинин IХ чакырылышынын

кезексиз I сессиясы

 

 

2024-жылдын  29-ноябры  №1/2

 

«Сары-Челек айыл аймагынын жергиликтүү курултайын ѳткѳрүүнү уюштуруу жѳнүндѳ»

 

Мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын,айкындуулугун жана эл менен байланышын чыӊдоо максатында К.Р.Президентинин 2024-жылдын 24-сентябрындагы «Элдик Курултайды чакыруу жѳнүндѳ» №271 Жарлыгы жана Элдик Курултайды ѳткѳрүү боюнча комитетинин 2023-жылдын 16-декабрындагы №16 чечими менен бекитилген «Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жѳнүндѳгү Жобого» ылайык жана Сары-Челек айылдык Кеӊешинин «Бюджет жана экономика», «Социалдык», «Айыл чарбасы», «Мыйзамдуулук жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссияларынын 1924-жылдын 29-ноябрындагы биргелешкен отурумунун №1 протоколуна негиз, сессия

                                              

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Сары-Челек айыл аймагынын жергиликтүү Курултайы 2024-жылдын 7-декабрына саат 10-00 гѳ чакырылсын.

 

2.Сары-Челек айыл аймагынын жергиликтүү Курултайынын курамы калктын санына ылайык 100 делегаттан турары белгиленсин.

 

3.Авлетим айыл аймагынын жергиликтүү Курултайын ѳткѳрүү жана уюштуруу боюнча жумушчу топтун курамы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

4.Аталган токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын  мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык Кеӊештин жооптуу катчысы У.Барпиевге жүктѳлсүн.

 

5.Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы айылдык Кеӊештин туруктуу комиссияларына (Тѳрагалары:Д.Арстанбеков,К,Темирбеков,Г,Жоробекова,Б.Тѳрѳбеков) жүктѳлсүн.

 

Төрага

 

Н.Абдыраманов

 

 

 

 

Сары-Челек айылдык кеӊешинин 2024-жылдын  29-ноябрындагы

№1/2 токтомуна тиркеме

 

 

 

Сары-Челек айыл аймагынын жергиликтүү курултайын уюштуруу жана ѳткѳрүү боюнча жумушчу топтун курамы

 

 

          Ф А А

Кызматы

1

Абдыраманов Нурмырза Абасович

Төрага

2

Барпиев Уметалы Исакович

катчы

3

Тѳрѳбеков Болотбай Аманбаевич

Мүчөсү

4

Тургуналиев Кенжебек Оросбекович

Мүчөсү

5

Жумабеков Апсалам

Мүчөсү

 

 

 

Сары-Челек айылдык Кеӊешинин

 жооптуу катчысы:

 

 

 

 У.Барпиев