Загрузка документа…
ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Элмирбек Иманалиев айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2025-жылдын 3-апрелиндеги №33
«Элмирбек Иманалиев айыл аймагына караштуу Бел-Кара-Суу участкасына ат майдан курууга жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө»
Элмирбек Иманалиев айыл аймагына караштуу Бел-Кара-Суу участкасында жайгашкан айыл чарба жерлеринин кайра бөлүштүрүү фондунун кайрак жерлеринен, тагыраак айтканда эски таштандынын төмөн тарабында №3064 контурунда жайгашкан жерлерден 4,00 га жер аянтын заманбап ат майданын куруу үчүн жер тилкесин чектеп берүү боюнча Э.Иманалиев айыл өкмөт башчысы М.Сатаровдун 2025-жылдын 19-мартындагы №146 чыгыш сандуу кайрылуу катын угуп жана талкуулап Элмирбек Иманалиев айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Элмирбек Иманалие айыл аймагына караштуу Бел-Кара-Суу участкасында жайгашкан айыл чарба жерлеринин кайра бөлүштүрүү фондунун кайрак жерлеринен, тагыраак айтканда эски таштандынын төмөн тарабында №3064 контурунда жайгашкан жерлерден 4,00 га жер аянтын заманбап ат майданын куруу үчүн жер тилкесин чектеп берүү боюнча сунушу колдоого алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын жер маселелери боюнча мыйзамынын негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчы М.Ө.Сатаровко жана айыл өкмөтүнүн жер маселелер боюнча башкы адиси Э.Ажыкуловко милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Агрардык жана жер маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды
Төрага |
А.Т.Уметалиев |