Редакцияот 12.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

САРЫ-ЧЕЛЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ 

ТОКТОМ

 

Сары-Челек  айылдык кеӊешинин IХ чакырылышынын

кезексиз III сессиясы

 

 

2025-жылдын  12-февралы  №3/1

 

«Сары-Челек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.А.Айткуловдун 2024-жыл аралыгындагы аткарган жумуштары жөнүндөгү отчётун угуу жөнүндө»

 

Сары-Челек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин «Бюджет жана экономика», «Айыл чарбасы жана экология», «Укук,мыйзам жана этика», «Социалдык» маселелелер боюнча туруктуу комиссияларынын 2025-жылдын 11-февралындагы кошмо отурумунун корутундусуна ылайык,сессия

                                              

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Сары-Челек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.А.Айткуловдун   2024-жылдын аралыгында жүргүзгөн иштеринин жыйынтыктары тууралуу отчёттук билдирүүсү кабыл алынсын.

 

2.Отчёттук билдирүүнү угууда депутаттар тарабынан айтылган сын-сунуштардын негизинде белгиленген кемчиликтерди четтетүү боюнча иштиктүү чараларды көрүү жагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигине милдеттендирилсин.

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

4.Аталган токтомду расмий жарыялоо,Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык Кеңештин жооптуу катчысы У.Барпиевге жүктөлсүн.

 

5.Токтом мамлекеттик тилде жазылды    

 

 

Төрага

 

Н.Абдыраманов