Редакцияот 31.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПЕРВОМАЙСКИЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

31-март 2023ж. № 2/12

 

Жайыт жерлерин пайдалануу үчүн жыйым жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январы № 30 “Жайыттар жөнүндө” мыйзамын 10-беренесинин негизинде, Первомайский айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Э.Ибраимовдун маалыматын угуп жана талкуулап айылдык кеңештин XXVIII чакырылышы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Первомайский айыл аймагындагы жайыт жерлерин пайдалануу үчүн жыйым төмөндөгүдөй бекитилсин:

- ийри мүйүздүү малга-100сом 1 башына;

- майда мүйүздүү малга (койго)-20сом 1башына;

- жылкыга – 100сом 1 башына.

2. Жайыт пайдалануучулар:

- жайыт жерлерин пайдалануу үчүн жыйымдын жалпы көлөмүнүн 50 пайызынан кем эмеси учурдагы жылдын 15-апрелинен кечиктирилбестен, ал эми калган бөлүгү - 15-майынан кечиктирилбестен төлөшсүн.

- жыйым өз убагында төлөбөгөн учурда, мөөнөтү өткөрүлгөн ар бир күн үчүн Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине ылайык туум кошулуп эсептелсин.

3. Первомайский айыл ѳкмѳтүнүн жооптуу катчысы Т.Кутманалиева, бул токтомду мамлекеттик тилде Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигинен катоодон ѳткѳзсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Первомайский айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Тѳрайым

 

З.М. Кочкорова