Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-октябрындагы № 697 токтомуна)
Социалдык кызматкерлер тарабынан балдарды социалдык коштоо жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо социалдык кызматкерлерди жумушка кабыл алуунун тартибин аныктайт, квалификациялык талаптарды, укуктарын, милдеттерин, жоопкерчилигин жана функцияларын, ошондой эле оор турмуштук кырдаалдагы балдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө социалдык кызматтарды көрсөтүү тартибин белгилейт.
2. Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
социалдык кызматкер - өзү аткарып жаткан иштин талаптарына жана мүнөзүнө ылайык келген зарыл квалификацияга ээ жана оор турмуштук кырдаалдагы адамдарды социалдык тейлөөнү түздөн-түз жүзөгө ашыруучу же болбосо уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин түрүнө карабастан социалдык кызматтардын системасында аны уюштуруучу адис;
баалоо - социалдык кызматкердин ишинин жумуш ордунда аткарылуучу функциялык милдеттерине ылайык келишин системалуу аныктоо жол-жобосу.
2-глава. Социалдык кызматкерге карата квалификациялык талаптар
3. Социалдык кызматкерге төмөнкүдөй квалификациялык талаптар коюлат:
1) Кыргыз Республикасынын жараны;
2) 18 жаштан жаш эмес жана 65 жаштан жогору эмес;
3) социалдык кызматкер "социалдык иш" адистиги боюнча же болбосо педагогикалык/психологиялык/социологиялык/медициналык/экономикалык/юридикалык багыттардагы жогорку же орто кесиптик билимге ээ болушу керек.
4. Төмөнкү адамдар социалдык кызматкер боло албайт:
1) соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз деп таанылган же болбосо соттун өкүмү менен социалдык коштоо жана тейлөө объекттерине кызматтарды көрсөтүү боюнча ишти жүзөгө ашырууга тыюу салынган;
2) мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган соттуулугу бар;
3) адамдын өмүрүнө, ден соолугуна, эркиндигине, жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине, конституциялык түзүлүштүн негиздерине жана мамлекеттик коопсуздукка каршы жасалган оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн, ошондой эле коррупциялык, экономикалык жана мамлекеттик кызматтын кызыкчылыктарына каршы башка кылмыштар үчүн жоюлгандыгына карабастан жана/же кылмыштык куугунтуктоого алынган;
4) акыркы үч жылда психиатриялык мекемеде каттоодо турган же стационардык дарылоодон өткөн;
5) соттуулугу жоюлгандыгына же алып салынганына карабастан сексуалдык мүнөздөгү кылмыштарды жасагандыгы, зомбулук көрсөтүү, асылуу, киши өлтүрүү үчүн соттуулугу бар же болбосо аталган кылмыштар боюнча кылмыш иши реабилитациялабоочу негиздер боюнча токтотулган.
5. Социалдык кызматкердин негизги принциптери:
1) жекече мамиле;
2) мыйзамдуулук;
3) комплекстүүлүк;
4) жоопкерчилик;
5) купуялуулук;
6) өз кызыкчылыгын көздөбөө;
7) коммуникабелдүүлүк;
8) ак ниеттүүлүк.
6. Социалдык кызматкер төмөнкү билимдерге ээ болушу керек:
1) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө;
2) оор турмуштук кырдаалдагы балдарды жана адамдарды социалдык коргоо жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги принциптери жөнүндө;
3) кесиптик иш катары социалдык иш жөнүндө;
4) социалдык иштин кесиптик-этикалык ченемдери жана баалуулуктары жөнүндө;
5) кызматтарды алуучулардын курактык, психосоциалдык жана этномаданий өзгөчөлүктөрү жөнүндө;
6) үй-бүлө мүчөлөрүнүн өнүгүүсүнө жана жүрүм-турумуна каада-салттардын, маданияттын, диндин, ошондой эле жеке ишенимдердин жана мамилелердин таасири жөнүндө, мындай таасирдин оң жана терс жактарын эске алуу менен;
7) оор турмуштук кырдаалдагы балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жөнүндө;
8) мамлекеттик кепилденген социалдык төлөмдөр жөнүндө;
9) үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана болтурбоо, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга жардам көрсөтүү жөнүндө.
7. Социалдык кызматкер төмөнкүлөрдү билүүгө тийиш:
1) оор турмуштук кырдаалды идентификациялоо;
2) муктаждыктарды баалоого негизделген жеке пландын долбоорун иштеп чыгуу, ошондой эле анын аткарылышын камсыз кылуу;
3) кызматтарды алуучулардын оор турмуштук кырдаалдан чыгуу боюнча жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү;
4) кызматтарды алуучуларды социалдык мекемелерге жөнөтүүгө көмөк көрсөтүү;
5) кызматтарды алуучуларга мониторинг жүргүзүү;
6) кызматтарды алуучулардын укуктарын коргоо;
7) кесиптик билимдердин базасын кеңейтүү менен кесибин өркүндөтүү.
8. Социалдык кызматкердин кесиптик жана этикалык баалуулуктары:
1) инсанды урматтоо жана кызматтарды алуучулардын өзүн баалоосун таануу;
2) кызматтарды алуучуларга карата адилеттүү жана айыптоосуз мамиле жасоо;
3) кызматтарды алуучулардын өзүн-өзү аныктоо укугун урматтоо;
4) кызматтарды алуучулардын ишенимин урматтоо;
5) кызмат алуучулар жөнүндө толук маалымдоо жана маалыматты ачыкка чыгарбоо;
6) кызматтарды алуучулардын жеке кадыр-баркын урматтоо;
7) коммуникативдик маданият;
8) эмпатия (адамга боор ооруу);
9) кызматтарды алуучуларга көңүл бөлүү;
10) кесиптин кадыр-баркын жана бүтүндүгүн сактоо жана коргоо, этикалык ченемдерди, билимдерди жана социалдык иштин миссиясын өнүктүрүү;
11) социалдык кызматкердин өз жөндөмдөрүн ачуусуна, өзүн көрсөтүүсүнө жана өзүн-өзү өркүндөтүүсүнө, кесипкөйлүккө жетүүгө болгон муктаждыкка байланышкан баалуулуктар.
9. Социалдык кызматкер өзүнүн кызматтык жүрүм-турумунда төмөнкүлөрдөн алыс болууга тийиш:
1) адамдын жынысы, курагы, расасы, улуту, тили, жарандыгы, социалдык, мүлктүк же үй-бүлөлүк абалы, саясий же диний артыкчылыктарынын белгилери боюнча басмырлоочу мүнөздөгү сөздөрдөн же аракеттерден;
2) оройлуктан, кайдыгер мамиледен, текебердиктен, адилетсиз мамиледен;
3) коркутуудан, кемсинтүүчү сөздөрдөн же репликалардан, нормалдуу баарлашууга тоскоолдук кылуучу аракеттерден.