Загрузка документа…
ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Элмирбек Иманалиев айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2025-жылдын 13-майындагы №37
«Элмирбек Иманалиев айыл аймагына караштуу Бел-Кара-Суу участкасынан таштанды таштоочу жайга №3064 контурунан 1 га жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө»
Элмирбек Иманалиев айыл аймагына караштуу Бел-Кара-Суу участкасынан таштанды таштоочу жайга №3064 контурунан 1 га жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө айыл өкмөт башчысы М.Сатаровдун сунушун угуп, талкуулап Элмирбек Иманалиев кеңешинин I чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Элмирбек Иманалиев айыл аймагына караштуу Бел-Кара-Суу участкасынан таштанды таштоочу жайга №3064 контурунан 1 га жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө айыл өкмөт башчысы М.Сатаровдун сунушу эске алынсын.
2.Элмирбек Иманалиев айыл аймагына караштуу Бел-Кара-Суу участкасынан таштанды таштоочу жайга №30-64 контурунан 1 га жер аянты бөлүнүп берилсин.
3.Бул токтомду көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жер маселелер боюнча башкы адиси Э.Ш.Ажыкуловко жана айылдык кеңештин Агрардык жана жер маселелер боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
4.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага |
А.Т.Уметалиев |