Загрузка документа…
ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Элмирбек Иманалиев айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2025-жылдын 13-майындагы №38
«Элмирбек Иманалиев айыл аймагына караштуу №36 А.Ибраимов, №39 М.Термечиков билим берүү мептептеринин жаңы курулуп жаткан имараттарына көзөмөл жүргүзүү, айыл аймагындагы курулуш иштерин, менчиктештирилип кеткен объектилерди тактоо боюнча комиссия курамын түзүү жөнүндө»
Элмирбек Иманалиев айылдык кеңештин депутаттарынын сунушун угуп, талкуулап Элмирбек Иманалиев кеңешинин I чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Элмирбек Иманалиев айыл аймагына караштуу №36 А.Ибраимов, №39 М.Термечиков мектептеринин жаңы курулуп жаткан имараттарына көзөмөл жүргүзүү, айыл аймагындагы курулуш иштерин, менчиктештирилип кеткен объектилерди тактоо боюнча төмөндөгүдөй комиссия курамы түзүлсүн:
- Суранбаева М.Б. – айылдык кеңештин депутаты, комиссия төрайымы;
Мүчөлөрү:
- Тоялиева Б.Ч. – айылдык кеңештин депутаты;
- Назаркулова Г.К. - – айылдык кеңештин депутаты;
- Бусурманов Э.Ш. -– айылдык кеңештин депутаты;
- Жумалиев М. -– айылдык кеңештин депутаты;
- Бешкемпирова Н.- – айылдык кеңештин депутаты;
- Жанкорозов А. -– айылдык кеңештин депутаты;
2. Жогорудагы түзүлгөн комиссия курамына Элмирбек Иманалиев айыл аймагына караштуу №36 А.Ибраимов, №39 М.Термечиков мектептеринин жаңы курулуп жаткан имараттарына көзөмөл жүргүзүү, айыл аймагындагы курулуш иштерин, менчиктештирилип кеткен объектилерди жерлеринен тактап келүү жагы тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага |
А.Т.Уметалиев |