Редакцияот 28.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

ЖЕТИ-ОГУЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

ЖЕТИ-ӨГҮЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИНИН

XXIX-ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН   КЕЗЕКТЕГИ IV-СЕССИЯСЫНЫН

 

 2025-жылдын 28-февралы №18 

                                                 

Жети-Өгүз айыл аймагынын  туракимараттары жана жайга мүлк салыгынын

өлчөмү жөнүндө.

 

Кыргыз Республикасынын  2025-жылдын 12-февралындагы №37 “Кыргыз Республикасынын салык салуу  чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамына ылайык Салык Кодексине жана “ Кыргыз Республикасынын  Салык Кодексин колдонуунга киргизүү жонүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилгендигин эске алып Жети-Өгүз айыл аймагынын жергиликтүү кеңешин XXIX-чакырылышын IV-сессиясы токтом кылат:

 

1.2025-жылдын 1-январь айынан тартып турак имараттары жана жайлары үчүн Жети-Өгүз айыл аймагындагы мүлк салыгы төмөндөгүдөй өлчөмдө ишке киргизилсин.

 

2. 2025-жылдын 1-январь айынан баштап Кыргыз республикасынын Салык Кодексинин №379-беренесинин  1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык турак имараттары  жана жайлары үчүн 1 чарчы метр үчүн ставка 2 сом өлчөмүндө болуп бекитилсин.

                                                                           

3.Токтомдун аткарылышы  көзмөлдөө жагы  айыл өкмөтүнүн башчысы У.Докоевго тапшырылсын.

 

 

 

 

Төрага                                                                                 Ургаипов Б