Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Жаратылыш ресурстары, экология
жана техникалык көзөмөл министрлигинин
2025-жылдын 28-октябрындагы
№ 01-01/344 буйругуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Эко Оператор" мамлекеттик ишканасынын уставы
1. Жалпы жоболор
1. Бул Устав Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Эко Оператор" мамлекеттик ишканасынын (мындан ары – Ишкана) ишмердигинин укуктук жана экономикалык негиздерин белгилейт.
2. Мамлекеттик ишкананын уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги (мындан ары – Уюштуруучу) болуп саналат. Ишкананын уюштуруу документи Устав болуп эсептелет.
3. Ишкана Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин (мындан ары – Министрлик) карамагындагы ведомстволук бөлүм болуп саналат. Ал акча каражаттарын топтоо жана экономикалык жөнгө салуунун заманбап механизмдерин ишке ашыруу, товарларды пайдалануудан, товарлардын таңгактарынан калган, андан ары кайра иштетүүгө жарактуу таштандылар менен иштөөнүн комплекстүү тутумун түзүү, аталган тутумду башкарууну камсыз кылуу, мындай таштандылардын адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирин алдын алуу, аларды чийки зат, материалдар жана буюмдар катары чарбалык жүгүртүүгө тартуу, мындай таштандыларды жаңы продукцияны даярдоо жана энергия алуу үчүн пайдалануу, ресурстарды үнөмдөө жана утилдештирүү жыйымынан түшкөн финансылык каражаттардын эсебинен айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы маалыматтык системаларды эксплуатациялоону камсыз кылуу максатында түзүлгөн.
4. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Министрликтин актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, жамааттык келишимди, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.
5. Ишкана ишмердүүлүгүнүн мөөнөтү чектелбестен түзүлгөн, Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып юридикалык жак болуп саналат.
6. Ишкана жарандык-укуктук мамилелерге өзүнүн атынан кирет, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин алкагында жарандык-укуктук мамилелердин тарабы болууга укуктуу.
Ишкана сот органдарында жана башка уюмдарда талаш-тартыштарды чечүүдө доогер жана/же жоопкер катары чыгууга, өзүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын Кыргыз Республикасынын жарандык, административдик жана процессуалдык мыйзамдарында каралган ыкмалар менен коргоого укуктуу.
7. Ишкана мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн юридикалык жак статусуна ээ. Ал өзүнө бекитилген мамлекеттик мүлктү ыкчам башкарууга, мамлекеттик жана расмий тилдердеги өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штампы, бланктары, логотиби жана башка атрибуттары бар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын банктарында белгиленген тартипте эсептешүү, валюталык жана башка эсептерди ачууга укуктуу.
8. Ишкана өз ишин Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин мамлекеттик органдары, жеке жана юридикалык жактары менен өз ара аракеттенүү аркылуу жүзөгө ашырат.
9. Ишкананын каражаттары республикалык бюджетте топтолот, алар максаттуу жана атайын багыттагы каражаттар болуп саналат.
10. Ишкананын толук фирмалык аталышы:
– мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу “Эко Оператор” мамлекеттик ишканасы;
– расмий тилде: Государственное Предприятие «Эко Оператор» при Министерстве природных ресурсов, экологии и технического надзора Кыргызской Республики.
Ишкананын кыскартылган фирмалык аталышы:
– мамлекеттик тилде: “Эко Оператор МИ”.
– расмий тилде: «ГП Эко Оператор».
11. Ишкананын юридикалык адреси: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 2.
2. Ишкананын максаттары, милдеттери жана функциялары
12. Ишкананын ишмердүүлүгүнүн максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
– товарларды пайдалануудан түшкөн калдыктарды кайра иштетүүчү юридикалык же жеке жактар, жеке ишкерлер менен келишим түзүү жолу менен товарларды колдонуудан түшкөн таштандыларды кайра иштетүү нормативдеринин аткарылышын камсыз кылуу;
– Кыргыз Республикасынын аймагында таштандыларды өзүнчө чогултуунун натыйжалуу системасын киргизүү, алдыңкы технологияларды ишке ашыруу, кайра иштетүүчү ишканаларды куруу жана модернизациялоо, өндүрүүчүлөрдүн жана керектөөчүлөрдүн экологиялык жоопкерчилигин жогорулатуу, ошондой эле ресурстарды үнөмдөөчү технологияларды жайылтуу аркылуу таштандылардын көлөмүн азайтуу.
– калдыктарды кайра иштетүүнүн деңгээлин жогорулатуу, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана калдыктарды экинчи чийки зат катары чарбалык жүгүртүүгө тартуу механизмдерин түзүү, алдыңкы технологияларды колдонуу жана кайра иштетүүчү ишканаларды колдоо үчүн шарттарды түзүү.
13. Ишкананын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат: