Загрузка документа…
ЖЕТИ-ОГУЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
ЖЕТИ-ӨГҮЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИНИН XXIX-ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКCИЗ СЕССИЯСЫНЫН
2025-жыл 28-апрель №29
«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунан айыл чарба эмес жерлеринин салыгынан түшкөн 2590569сом акча каражаты жөнүндө.
«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунан айыл чарба эмес жерлеринин салыгынан түшкөн 2590569(эки мил беш жүз токсон мин беш жүз алтымыш тогуз) сом акча каражатын кароо максатында Жети-Өгүз айылдык кеңешинин ХХIX –чакырылыштын кезексиз сессиясы т о к т о м к ы л а т:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 «Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү жана натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш- аракеттер планы жөнүндө» Жарлыгына ылайык таштанды ташып чыгаруучу HOWO center автоунасы мамлекеттик лизинг компаниясы аркылуу эки даана алууга 2000000 (эки миллион) сом акча каражаты өздүк салым катары жана 590569(беш жүз токсон мин беш жүз алтымыш тогуз) сом акча каражаты Улуу Ата Мекендик согуштун Жети-Өгүз айылынын эстелигин бүтүрүүгө жумшалсын.
2. Таштанды чыгаруучу техникаларынын керектелүүчү документтерин бүтүрүүгө,каттоодон өткөзүүгө жана алып келүүдө,киреше-чыгашалары айыл өкмөтүнүн жергиликүү бюджетинен каралсын.
3. Жети-Өгүз айылдык кеңешинин финансы-бюджет жана экономика комиссиясына жана айыл өкмөтүнө түшкөн акча какржатын б.а
2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн планын көбөйтүп берүү жагы Жети-Өгүз райондук финансы бөлүмүнөн суралсын жана түшкөн акча каражатын өз багытында максаттуу колдонуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ж.Дыйкановага мидеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага Ургаипов Б