Загрузка документа…
ЖЕТИ-ОГУЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
ЖЕТИ-ӨГҮЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИНИН XXIX-ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ V- СЕССИЯСЫНЫН
2025-жыл 14-июль №46
«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунан кошумча түшкөн 104940 сом акча каражаты жөнүндө.
«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунан кошумча түшкөн 104940(жүз төрт мин тогуз жүз кырк) сом акча каражатын кароо максатында Жети-Өгүз айылдык кеңешинин ХХIX –чакырылыштын кезектеги v-сессиясы т о к т о м к ы л а т:
1. Жети-Өгүз айыл аймагына караштуу Ырдык айылына ФАПка контейнер алууга 104940 ( бир жүз төрт мин тогуз жүз кырк) сом акча каражаты өздүк салым катары жумшалсын.
2. Жети-Өгүз айылдык кеңешинин финансы-бюджет жана экономика комиссиясына жана айыл өкмөтүнө түшкөн акча каражатын б.а 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн планын көбөйтүп берүү жагы Жети-Өгүз райондук финансы бөлүмүнөн суралсын жана түшкөн акча каражатын өз багытында максаттуу колдонуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ж.Дыйкановага мидеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага Ургаипов Б