ПЕРВОМАЙСКИЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
12-апрель 2023-ж № 3\19
Первомайский айылындагы муниципалдык менчикте турган турак жай жѳнүндѳ
2013-жылдын 9-июлу № 117 Кыргыз Республикасынын “Турак жай” Кодексинин 12-13-14 беренелеринин негизинде, 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» жана 2002-жылдын 15-марты № 37 «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамдарын жетекчиликке алып, Первомайский айылындагы Спортивная көчөсү №51 муниципалдык менчикте турган турак жай көп батирлүү үйүн башкаруунун тартибин аныктоо максатында, айылдык кенештин XXVIII-чакырылышы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Первомайский айылындагы Спортивная көчөсү №51 муниципалдык менчикте турган турак жай көп батирлүү үйүнүн абалын аныктоо максатында комиссия төмөнкү курамда түзүлсүн:
1) Насиров Эльман – айылдык кеӊещтин депутаты;
2) Асамбеков Жалил – айылдык кеӊештин депутаты;
3) Ибраимов Эрнис – айылдык кеӊештин депутаты;
4) Керимкул уулу Шеримкул – Первомайский айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик жана жер суроолору боюнча жетектөөчү адиси.
5) Караталова Бактыгуль - Первомайский айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси
6) жарандык коргоо, өрт жана радиациялык коопсуздук жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү (макулдашуу менен);
7) шаар куруу жана архитектура жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү (макулдашуу менен);
8) санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү (макулдашуу менен);
9) Мамыров Бакыт - Первомайский айылынын участковый милиционери.
2. Первомайский айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Эдик Омурзакович Сартпаев:
- Первомайский айылындагы Спортивная көчөсү №51 техникалык абалын текшерүү максатында төмөндөгү атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга кайрылсын:
1) шаар куруу жана архитектура жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;
2) жарандык коргоо, өрт жана радиациялык коопсуздук жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;
3) санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;
4) айлана чөйрөнү коргоо, экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана жаратылышты пайдалануу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга.
- атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын текшерүүсүнүн кортундулары жогорудагы комиссияга берсин;
- атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын текшерүүсүнүн кортундуларынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Турак жай Кодексинин беренелерине ылайык иш алып барсын.
5) Первомайский айылындагы Спортивная көчөсү №51 муниципалдык менчикте турган турак жай көп батирлүү үйүнүн абалын аныктоо максатында комиссия:
- атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын текшерүүсүнүн кортундуларынын негизинде, аталган муниципалдык менчикте турган турак жай көп батирлүү үйүндө мыйзамсыз убактылуу жашап жаткан жарандар менен, мыйзамдаштыруу тууралуу түшүндүрүү иштерин алып барсын.
6) Первомайский айыл ѳкмѳтүнүн жооптуу катчысы Т.Кутманалиева бул токтомду Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына мамлекеттик тилде каттоого жөнөтсүн.
4. Бул токтомду кѳзѳмѳлдѳѳ Первомайский айылдык кеңешинин жер комиссиясынын тѳрагасы Э.М.Насировго жүктѳлѳт.
Тѳрайым |
| З.М. Кочкорова |