Редакцияот 29.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПЕРВОМАЙСКИЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

29-май 2023-ж. № 4/25

 

Первомайский айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринен, аймактагы социалдык контракттын негизинде социалдык жардам алган, аз камсыз болгон үй-бүлөѳлөргѳ түз берүү жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтому менен бекитилген " Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу" типтүү жобонун 69-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы №385 токтомун аткаруу максатында, Первомайский айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Э.О.Сартпаевдин социалдык контракттын негизинде социалдык жардам алган, аз камсыз болгон үй-бүлөѳлөргѳ колдоо кѳрсѳтүү жѳнүндѳ маалыматын угуп жана талкуулап, айылдык кенештин XXVIII-чакырылышы кезектеги сессияда

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Первомайский айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун №55-контурдагы чѳп чабынды жерлеринен ижарага тоорук менен эмес, түз сүйлөшүүлөр жолу менен пайдаланууга социалдык контракттын негизинде социалдык жардам алган, тѳмѳнкү аз камсыз болгон үй-бүлөѳлөргѳ берилсин:

- Хазиева Наргиза Фанузовнага – 2,25га жер участкасы,

- Эшбаева Зымырат Жолдошевна -2,25га жер участкасы,

2. Первомайский айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Э.Сартпаев бул жарандар менен ижара акысы мыйзамдын негизинде карап, 5-жылдык мѳѳнѳткѳ жер участкасын ижаралоо келишимин түзсүн.

3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Первомайский айылдык кенешинин жер комиссиясынын тѳрагасы Насиров Эльманга жүктѳлѳт.

 

 

Тѳрайым

 

З.М. Кочкорова