Загрузка документа…
ВОЕННО-АНТОНОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 18-апрели № 01-5/22
"Кожомкул айылынын №20-Бала бакчасы Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасына киргизилгенине байланыштуу акча каражат бөлүп берүү жөнүндө"
Кожомкул айылынын №20-Бала бакчасы Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык түлүк программасына киргизилгенине байланыштуу кошумча каржылоого жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө долбооруна катышуу тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап
Военно-Антоновка айылдык Кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. №20-Бала бакчасы Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык түлүк программасына киргизилгенине байланыштуу ашканага азык-тулүк сакталчу жайларга капиталдык оңдоо-түзөө ремонтуна,электрикалык жабдуулар жана суу түтүктөр алмаштырылып,стандартка ылайыктап жасоого 1 млн.600 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кожомкул айыл өкмөтүнун башчысы М.Урматовго жүктөлсүн.
Төрага |
| Мураталиев У.М. |