Загрузка документа…
КОЖОМКУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 17-июну № 01-5/25
СКК «Рассвет» биргелешкен чарбасынына 436 га ээси жок кыймылсыз мүлк катары катталган айдоо жерин ижарага берүү жөнүндө”
Кожомкул айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 9 июнундагы № 01-10/1932 каттын негизинде 436 га айдоо жерлерин ээси жок кыймылсыз мүлк катары айыл өкмөткө катталганына байланыштуу СКК “Рассвет” биргелешкен чарбасы айдап сээп алгандыгын эске алуу менен Кожомкул айылдык кеңешинин депуттары карап чыгып талкуулап.
Кожомкул айылдык кеңеш токтом кылат;
ТОКТОМ:
1. СКК “Рассвет” биргелешкен чарбасы тарабынан айдалып, сээп алынган жерлер 2025-жылдын 1-октябрына чейин мыйзам чегинде ижарага берилсин.
2. Жердин ижара акысы тиешелүү мыйзамдарга ылайык эсептелип, айыл өкмөтүнүн бюджетине түшүрүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө Кожомкул айыл өкмөт башчысы М.Ш. Урматовго жүктөлсүн.
Төрага |
| Мураталиев У.М. |