Редакцияот 12.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

САРЫ-ЧЕЛЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ 

ТОКТОМ

 

Сары-Челек  айылдык кеӊешинин IХ чакырылышынын

кезектеги  III сессиясы

 

 

2025-жылдын  12-февралы  №3/13

 

«Жылгын айылындагы көчөгө Карабеков Курбандын атын коюу жөнүндө»

 

Сары-Челек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 7-февралындагы №01-3/43 сандагы сунушуна жана айылдык Кеңештин 2025-жылдын 11-февралындагы корутундусуна негиз, сессия

                                              

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Сары-Челек айыл аймагына караштуу Жылгын айылындагы Алтыгана колоттон баштап,Артыкбаев Бекташ атындагы көчөгө чейинки көчөгө эмгектин ардагери Карабеков Курбандын аты берилсин.

 

2.Сары-Челек айыл өкмөтү өздөрүнүн иш кагаздарын жана базасын ушул токтомго ылайык жүргүзүү жагы Сары-Челек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.А.Айткуловго милдеттендирилсин.

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин «Укук,мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

4.Аталган токтомду расмий жарыялоо,Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык Кеңештин жооптуу катчысы У.Барпиевге жүктөлсүн.

 

5.Токтом мамлекеттик тилде жазылды. 

 

 

Төрага

 

Н.Абдыраманов