Загрузка документа…
ЖЕТИ-ОГУЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
ЖЕТИ-ӨГҮЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИНИН
I -ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫНЫН
2025-жылдын 30-сентябры №72
2025-жылдын 16- сетябрында болгон өртөн чыккан, Кабак айылынын Ж.Аманбаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебин калыбына келтирүү жөнүндө.
Жети-Өгүз айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан комиссия курамында түзүлгөн актынын негизинде Жети-Өгүз айылдык кеңешинин I– чакырылыштын кезексиз сессиясы т о к т о м к ы л а т:
1. Жети-Өгүз айыл аймагына караштуу Богатыровка айылынын «Алтын балалык» атындагы балабакчасынын ашканасы курула турчу курулуш орду толугу менен тактала элек экендигине байланыштуу Богатыровка айылынын «Алтын балалык» атындагы балабакчасынын ашканасына жергиликтүү бюджетинин эсебинен 1000,0(бир миллион)сом акча каражаты Кабак айылынын Ж.Аманбаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебин калыбына келтирүүгө жумшалсын.
2. Жети-Өгүз айыл аймагына караштуу Кабак айылынын Ж.Аманбаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинен капыстан өрт чыгып, китепкана бөлүмү жан спорт залынын чатыры күйүп кеткендигине байланыштуу 1000,0(бир миллион)сом акча каражатын жылдыруу жагы финансы экономика-социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Ж.Дыйкановага милдеттендирилсин.
3. Жылдырылган акча каражаты Кабак айылынын Ж.Аманбаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин китепкана бөлүмү жана спорт залынын чатырын кайра калыба келтирүү,түзүлгөн сметага ылайык максаттуу сарпталсын.
4. Жүргүзүлгөн иштерге көзөмөл кылып иш алып баруу жагы Жети-Өгүз айыл ѳкмѳтүнүн башчысы У.С.Докоевго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага Ургаипов Б