АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги IX сессиясы
2025-жылдын 8-август №9-7
“Чар” участогундагы курулмаларды (имараттарды) 1,5 га жер аянты менен
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн карамагына муниципалдык менчикке өткөрүп алууга макулдук берүү жөнүндө
Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу “Чар” участогундагы курулмалардын (имараттардын) 1,5 га жер аянты менен пайдалануу жана башкаруу укуктарын Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндөгү сунушту карап жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Чар”участогунда жайгашкан (идентификациялык коду №4-02-23-0006-0066) курулмаларды (имараттарды) 1,5 га жер аянты менен Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп алууга макулдук берилсин;
2. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Докоев “Чар” участогундагы курулмаларды (имараттарды) 1,5 га жер аянты менен өткөрүп алуу иштерин мыйзам чегинде жүргүзүүнү камсыз кылсын;
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлдөө Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Докоевге жүктөлсүн.
Тѳрага | У. Мелис уулу |
|
|