Загрузка документа…
САРЫ-ЧЕЛЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Челек айылдык кеӊешинин IХ чакырылышынын
кезексиз VIII сессиясы
2025-жылдын 17-сентябры №8/1
«Сары-Челек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы Н.А.Абдырамановдун арызын кароо жөнүндө»
Сары-Челек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы Н.А.Абдырамановдун 2025-жылдын 12-сентябрында жазган башка жумушка өткөндүгүнө байланыштуу, Сары-Челек айылдык Кеңешинин төрагасы кызматынан бошотууну суранган арызынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жегиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 6-декабрындагы №01-25/330 буйругу менен бекитилген “Жергиликтүү Кеңештердин Типтүү регламенттерин бекитүү жөнүндөгү” Жергиликтүү Кеңештин Типтүү регламентинин 3-пунктуна ылайык,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Челек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы Н.А.Абдырамановдун жазган арызы канааттандырылсын.
2.Н.А.Абдырамановдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жагы Аксы райондук аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы, айылдык Кеңештин ”Укук,мыйзам жана этика”маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Төрөбековго тапшырылсын.
4.Токтом «Sary-Chelek.kg.gov» веб сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
5.Аталган токтомду расмий жарыялоо,Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык Кеңештин жооптуу катчысы У.И.Барпиевге жүктөлсүн.
Төраганын милдетин аткаруучу: |
А.У.Шайдиев |