Загрузка документа…
САРЫ-ЧЕЛЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Челек айылдык кеӊешинин IХ чакырылышынын
кезексиз VIII сессиясы
2025-жылдын 17-сентябры №8/2
«Сары-Челек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасын жана орун басарын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө»
Сары-Челек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнүн №3 протоколун жана эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп,Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56 буйругу менен бекитилген типтүү Регламентин жетекчилкке алуу менен сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Эсептөө комиссиясынын айылдык Кеңештин төрагасын жана орун басарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына ылайык,Шайдиев Алмазбек Усупбаевич Сары-Челек айылдык Кеңешинин төрагасы болуп,ал эми Шырдаков Байдөөлөт Нусупович орун басары болуп шайлангандыгы таанылсын.
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.
3.Токтом «Sary-Chelek.kg.gov» веб сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
4.Аталган токтомду расмий жарыялоо,Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык Кеңештин жооптуу катчысы У.И.Барпиевге жүктөлсүн.
Төраганын милдетин аткаруучу: |
А.У.Шайдиев |