Загрузка документа…
|
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2025-жылдын 3-ноябрындагы № 63-9 буйругуна) |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТРИЛИГИ
Куялардагы ондоо иштерин жүргүзүү эрежелери
БИШКЕК 2025
Кыскартуулар, аныктамалар жана терминдер
Кыскартуу Терминдер
ӨТБ Өндүрүштүк тейлөө базасы
СМТ Суу-мунай тийими
КТӨГЖ Катмардын терең өтүүчү гидравликалык жарака
КЧИ Кычкылдуу чопону менен иштетүү
ГКЧТ Гидрокум чубуртмалап тешүү
КГА Катмардын гидравликалык ажырымы
ГТИЧ Геологиялык-техникалык иш-чаралар
ИНЫИ Импульстук нейтрон ыкмалары менен изилдөө
КИ Кычкылдык менен иштетүү
РЗКТК Резиналык сооткаптамалуу тегерек кабель
КТО Куяны толук оңдоо
СКТ Соркыскыч-компрессордук түтүктөр
НГККИ Нейтрондук гаммалык-кен кесилишинин изилдөөсү
ККК Күлботонун катканын күтүү
ККЖАТИ Кен казылып жаткан аймактын тегерегин иштетүү
БШКЖ Бөлүп шыкап куюу үчүн жабдуулар(иштетип пайдалануу)
КУОК Куяларды утурумдук оңдоону күтүү
ҮАЗ Үстүнку активдүү зат
АМТ Ашачек-мүмкүндүк топтолгон чоңдук
КККА Кен казылып жаткан катмарын аймагы
БЖО Буужылдыруучу орнотмо
ОКИ Оңдоо-каптамалоо иштери
РИТК Райондук инженердик-техникалык кызматы
ТКИА Түшүрүү- көтөрүү иш аракети
ТГХТ Термогазохимиялык таасири
ТИЖ Технологиялык иш жүрүш
КУО Куяларды утурумдук оңдоо
КМӨЖБ Катмардагы мунай өндүрүүнү жогорулатуу
башкармалыгы
ӨТК жана ЖЖБ Өндүрүштүк-техникалык камсыздоо жана
жабдууларды жыйнактоо башкармалыгы
ТУБ Технологиялык унаабашкармалыгы
ШТСО Штанга тереңдик соркыскычтын орнотмо
ЭБЧСО Электр борборчеттөөчү соркыскычтын орнотмо
МГКАИ Мунай жана газ казып алуу ишбөлмө
БИТК Борбордук инженердик-техникалык кызматы
КБКИ Катмардын басымын кармаган ишбөлмө
КУТОИ Куяларды утурумдук жана толукоңдооишбөлмө
ШТС Штанга тереңдик соркыскыч
ИПТ Иштетип пайдалануу тилкеси
ЭБС Электр борборчеттөөчү соркыскыч
1-Тарам.Куялардагы оңдоо иштеринин эрежелери
§ 1.Жалпы жоболор
1. Бул Эрежелер куяларда оңдоо иштерин жүргүзүүнүн негизги талаптарын жөнгө салат жана бардык мунай жана газ өндүрүүчү ишканалар үчүн милдеттүү болуп саналат.
2. Оңдоо иштерин жүргүзүүдө ушул Эрежелердин 9-тарамына ылайык коопсуздук жана айлана-чөйрөнү коргоо талаптары сакталууга тийиш.
3. Оңдоо иштери максатына жараша толук оңдоо болуп бөлүнөт, анын ичинде өндүрүштүк жана шыкалма куялардын ылайыктуулугун өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча иштер жана утрумдук оңдоо иштери (1-тиркеме).
4.Куяларды оңдоо үчүн негиз болуп гидродинамикалык жана өндүрүштүк-геофизикалык изилдөөлөрдүн, ошондой эле өнөр жайлык изилдөөлөрдү талдоонун натыйжалары (аласанын өсүшү жана суунун агымынын өзгөрүшү, суунун химиялык талдоосу, катмардын басым ж.б.) болуп эсептелет.
1) Маалыматтык камсыздоо максатында куялардагы өндүрүштүк- геофизикалык изилдөөлөр оңдоого чейин (иштөө куясында), оңдоо мезгилинде жана алар аяктагандан кийин жүргүзүлөт .
2) Геофизикалык изилдөөлөрдү кайра иштетүүчү бригадалардын катышуусуз жүргүзүү мүмкүн болбогон учурларда (куялар электроборборчеттөөчү соркыскыч -ЭБЧС,штанга терендик соркыскыч ШТСтарабынан пайдалануучу, токтотулган, ошондой эле катмарга таасир этүүчү ар кандай ыкмалар менен) бул иштер оңдоо иштеринин көлөмүндө зарыл болгон изилдөөлөрдүн жыйнагы,оңдоо кызматына жүктөлөт.
5. Үйлөө (суу), пьезометрлик, артезиандык куяларды оңдоо мунай өндүрүүчү куяларды оңдоого окшош.Газ үйлөөкуяларын оңдоонун өзүнүн өзгөчөлүгү бар, жана ал газ куяларын оңдоо катары жүргүзүлөт.
6. Газ көтөргүч,сарпбашкаргычтар менен жабдылган газ көтөргүчтүк куяларды,сарпбашкаргычтарды текшерүү, орнотуу жана ажыратуу оңдоочу базалардын шарттарында атайын стенддерде жүргүзүлөт.Газ көтөргүчкуяларын оңдоо боюнча калган иш аракеттер, ушул ЖДнын талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
7. Тыгыздагыч менен жабдылган куяларды оңдоо,куяны (өчүрүү, колоннаныкалыптоо, түтүктөрдүн дубалдарын дат басуудан жана илешкенден тазалоо) жана жабдуулардыдаярдоого байланышкан жумуштарды камтыйт.
8. Өнүмдөрүндө күкүрттүү суутек жана башка уулуу компоненттери бар куяларды, оңдоодо атайын иш кагаздар менен жөнгө салынган кошумча талаптар сакталууга тийиш .
1)Күкүрттүү суутекти камтыган өнүмү бар куяларды оңдоодо колдонулуучу жабдуулардын,алеттердин жана бекитүүчү клапандардын долбоордо белгиленген параметрлерде күкүрттүү суутек чөйрөсүндө аларды пайдалануу мүмкүнчүлүгүн күбөлөндүргөн даярдоочу заводдун (жеткирүүчү фирманын) кубөнаамасы болууга тийиш.
9. Куялардагы оңдоо иштери бекитилген болжом-буюртма болгондо гана жүргүзүлүшү мүмкүн. Кийин жогору турган уюмга кабарлоо менен бүлүнүүлүк кырдаалдар өзгөчө болуп саналат.
2-Тарам. Куяларды изилдөө
§1. Гидродинамикалык изилдөөлөр
10. Гидродинамикалык изилдөөлөр мунай жана газ өндүрүүчү ишканалар менен түзүлгөн келишимдер боюнча, геофизикалык же башка адистештирилген уюмдар тарабынан жүргүзүлөт жана буюртма бергендердин катышуусунда жүргүзүлөт.
11. Иш ишкананын башкы инженери жана башкы геологу бекиткен жана оргутуу каршы кызматы менен, макулдашылган болжомго ылайык жүргүзүлөт.
12. Толук ондоо иштери куялардагы гидродинамикалык изилдөөлөрдөн башталышы керек. Технологиялык иш аракеттердин түрлөрү 1-тизмекке келтирилген.
13.Катмар же катмарлардын сугартылган аралыктарын аныктоо, гидродинамикалык ыкмаларды колдонуу менен геофизикалык изилдөөлөр менен айкалыштырып, бул аралыктарды эки катмар бөлгүчтү (жогорку жана ылдый) колдонуу менен, агып кирүүгө тандап сыноо учурунда жүргүзүлөт.
§2. Геофизикалык изилдөөлөр
14.Изилдөө жыйнагы бардык негизги ыкмаларды камтышы керек. Кошумча ыкмаларды колдонуунун максатка ылайыктуулугу өнөр жай-геофизикалык ишкана тарабынан негизделиши керек. Изилдөө ыкмаларынынжыйнактары геофизикалык жана өндүрүштүк-геологиялык кызматтардын ортосундагы өз ара макулдашылган болжом боюнча конкреттүү геологиялык-техникалык шарттарга жараша такталат.
1-тизмек
Технологиялык изилдөө ыкмалары | Куялардыоңдооболжомдо көрсөтүлгөн маалыматтар |
Колоннанын гидросыналышы | Көпүрөнү (пакер) орнотуунун тереңдиги, тешүүнүн аралыгын токтотуу(бузуу), гидросыноолор үчүн суюктуктун көрсөткүчтөрү жана түрү, чыга бериштин басымынын чоңдугу. |
Колоннанын аралык гидросыналышы | Көпүрөнү (пакер) орнотуунун тереңдиги, тешүүнүн аралыгын токтотуу(бузуу), СКТдүн түшүү тереңдиги, жумшартуучужана жуугуч суюктардын көрсөткүчтөрү жана көлөмү, соруп чыгаруунун багыты (түз, карама-каршылык), узактыгы, гидравликалык сыноо учурунда чыга бериштеги басымы. |
Суюктуктун деңгээлин төмөндөтүү жана калыбына келтирүү | Көпүрөнү (пакер) орнотуунун тереңдиги, тешүүнүн аралыгын токтотуу(бузуу), куялардагысуюктук деңгээлин төмөндөтүүыкмасы жанаамалы, куялардагы суюктук деңгээлинин абалын эсепке алуунун амалы жана жыштыгы |
Өткөрүүжөндөмдүүлүгүн бузуу же атайын тешиктерди аныктоо | Колоннаны бузуу аркылуу суюктукту басуу иш тартиби, ар бир иш тартипте чыга бериште басымдын чоңдугу,басылган суюктутун көрсөткүчтөрү жана түрү. |
Индикаторду соруп чыгаруу (боектор) | Индикатордун түрүжана химиялык курамы, индикатордук эритменин топтолуусу жана көлөмү |
15.Каптоочу колоннанын жылчыксыздыгынын аралыгы, жабдууларды орнотуунун тереңдиги, СКТ,кендин казма бөлүгүнүн абалы, динамикалык жана статикалык деңгээлдер, түтүктөрдү кармоо интервалы жана ченелүүчү көрсөткүчтөрдү кесүүгө байлаштыруу, кендин бөлүгүнүн жылчыксыздыгы жөнүндө корутундулар изилдөөлөр аяктагандан кийин түздөн-түз куяга берилет, ал эми циркуляциянын колоннасынын аралыктарын,колоннанын артындагы цемент таштын бөлүштүрүлүшүн жана абалын, колоннанын бузулушунун өлчөмдөрүн аныктоо үчүн жүргүзүлүүчү изилдөөлөр боюнча - өлчөө аяктагандан кийин 24 сааттын ичинде ыкчам байланыш боюнча жана 48 сааттан кийин жазуу жүзүндө берилет. Геофизикалык ишкананын корутундусунда мурда жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн (анын ичинде куяны толук оңдоого байланышпаган изилдөөлөрдүн) натыйжалары келтирилет, ал эми мурдагы изилдөөлөрдүн маалыматтары менен карама-каршы келген учурда алардын себептери көрсөтүлөт.
16. Иштеп чыгуу курулмасынынаралыгындагы геофизикалык изилдөөлөр:
1) Геофизикалык иштер башталар алдында куяныкуймасына керектүү тыгыздыктагы суюктук менен толтурулат, колоннаныкендин бөлүгүнө чейин үлгүгө алып келет.
2) Изилдөөнүн негизги максаты-куянын суу менен камсыз кылуу булактарын аныктоо болуп саналат.
3) Иштеп жаткан куяларда өнүмдөрүн сугаруунун булактарын аныктоодо, изилдөө өтө сезгич термометр, гидродинамикалык жана термокондуктөө сарп өлчөгүч, нымдуулук өлчөгүч, тыгыздык өлчөгүч, каршылык көрсөткүчүн өлчөгүч жана импульстук нейтрон генератору менен өлчөөлөрдү камтыйт.Изилдөөлөрдүн жыйнагы суюктуктун аласасынанжанаөнүмдөгү суунун курамына жараша болот. Өлчөнгөн көргөзгүчтөрдүтереңдикке байлоо кошкучлокаторун жана (КЧ) кычкылдуу чопонужардамы менен ишке ашырылат.
4)Тешүү менен ачылган сууланган катмарларды же аралык катмарларды бөлүп берүү жана өнүмдөгүсууну минералдаштырууда коллектордун заводдук кубаттуулугун аныктоо үчүн 100 г/л жана андан ашык кошумча иштер катары пайдаланылып жаткан, ошондой эле токтотулган куяларда импульстук нейтрондук ыкмалар (ИНЫ) менен изилдөө жүргүзүлөт. Минералдашпаган суу менен аккан учурда бул маселелер, 100 г/л ашык туз концентрациясы менен минералдашкан сууну куяга куюуга чейинки жана андан кийинки өзгөрүүлөр боюнча башкача чечилет. Бул өлчөөлөр сордурулган суунун сиңүү аралыктарын аныктоо жана колоннанын артынан айлануу аралыктарын белгилөө үчүн өтө сезгич термометр менен изилдөөлөр менен жыйнакта жүргүзүлөт.
5) Өндүрүлгөн өнүмдөгүсуунун туздуулугу 100 г/лден ашык болгондо, тешүү менен жарым-жартылай ачылган түпкү суусу бар түзүлүштөрдү изилдөөдө ИНЫ өлчөөлөрү негизги жыйнакта киргизилет.Өлчөөлөрдүн натыйжалары боюнча, алар тешүүаралыгына чейин суу берүүнүн жолдорун - суу сактагычтын куяларга жакын аймагы боюнча,же цемент шакекчесинин жылчыксыздоого туура келбегенаркылуу түбүндөгү суунун тартылышын аныкташат.
6)Камдыктын түгөнүшүнүн абалына баа берүү, жана тешүү аркылуу ачылган катмардагы калдык мунайга каныккандык коэффициентинин мааниси ар түрдүү минералдашуудагы эки суу эритмесинин пайда болушунакатмарга кезектешип куюу,ИНЫ изилдөөлөрүндө текшерилет.Катмардагы жылуулук нейтрондорунун жашооубакыт өлчөөнүн натыйжалары боюнча,каныккуунун калдык коэффициентинин мааниси эсептелет.Иштин технологиясы коллектордын калыңдыгына 1 м үчүн 3-4 м3 эритмени сордурууну камтыйт.Эритме анын мааниси турукташтырылганга чейин, өлчөнгөн мүнөздөгүчү менен өзүнчө үлүшпен сордурулат..
7)Башка горизонтторго өтүү же катмарлардын кошулуу курулмаларын көрсөткөн коллекторлордун каныктыруу абалын геофизикалык изилдөөлөрдүн натыйжалары боюнча баалашат. 50 г/л ашык өнүмдөрдү сууну минералдаштырууда ИНМ изилдөөсүн жүргүзүшөт.
8)Казып алуучу куясын сордурууга которууда гидродинамикалык агым өлчөгүч жана өтө сезгич термометр менен изилдөө милдеттүү болуп саналат, алар берүү же кабыл алуу аралыктарын бөлүп көрсөтүүгө жана колоннанын артындагы мейкиндигинин жылчыксыздандыруу даражасын баалоого мүмкүндүк берет.
17.Казып алуучу куялардын техникалык абалын көзөмөлдөө:
1) Изилдөө курулмасы болуп куянын өздөштүрүлгөн катмарлардын үстүндөгү аралыктыэсептелсе, геофизикалык өлчөөлөр куядубал колоннанынжылчыксыздоолугу бузулган жерлерди аныктоо, бузулган жерге чейин, суунун агымынын аралыгынын бөлүп, каптоо артындагы катмар аралык агымдардын, көтөрүлүүнүн бийиктигин жана колоннанын артындагы цемент шакекчесинин абалын, куяказма беттин абалын, тешүү аралыгынын абалын, технологиялык жабдуулардын,суюктуктун деңгээлинаныктооүчүн,түтүк аралыкмейкиндик, түтүктөр тыгылып калган жерлеркөрсөтүү үчүн жүргүзүлөт.
2) Эгерде каптоочу колоннанын жылчыксыздоолугун орду иш жүрүшүндө же СКТ жабылбаган аралыкта сууну (инерттүү газды) куяга куюу иш жүрушундөгү өлчөөлөр боюнча аныктаса, милдеттүү жыйнак чыгымды өлчөгүч жана кошкуч локаторун менен өлчөөнү камтыйт. Кошумча ыкмалар катары куянын акустикалык сыналгыны (капталган колоннанын бузулушунун сызыктуу өлчөмдөрүн жана формасын аныктоо үчүн), калыңдыкты өлчөгүчтү (капталган колоннанын түзүлүшүн жана анын дат басуу деңгээлин тактоо максатында) колдонот.
3) Суюктуктун же газдын мүмкүн болгон агымынын аралыгы жылчыксыздоолуккапталган колонна бар катмарлардын ортосундагы өтө сезгич термометр менен изилдөөлөрдүн, радиоактивдүү изотопторду кошумчалоожана газдын экинчилик топтолуу аймагын аныктоо үчүн нейтрондук каротаждын ыкмаларынын негизинде белгиленет.
4)Күлбото шакекчесин өстүрүүдө ОКИге көзөмөлдөөиштетип пайдалануучу колоннанын артында, кондуктор менен, катмардын куяга жакын пайда болуу аймагында начар күлботолонгон кендерди бекитүүгө акустикалык же гамма-цементомер тарабынан каптамалык иштерди жүргүзгөнгө чейин жана кийин салыштырма өлчөөлөрдүн ыкмасы боюнча жүргүзүлөт. Цементтөөнүн сапатын көзөмөлдөө үчүн АКЦтүрүндөгү сериялык чыгарылган аппаратура колдонулат. Бургуланган куялардын татаал геологиялык-техникалык шарттарында ишенимдүү маалымат алууга кең тилкелүү акустикалык каротаж аппаратурасын колдонуу өбөлгө болот.
5)Куяга түшүрүлгөн жабдуулардын (СКТ, гидротешкич, ар кандай таңгактоочу түзүлүштөр) тереңдигин, парафин кендеринин аралыгын жана калыңдыгын, колоннадагы суюктуктардын статикалык жана динамикалык деңгээлдеринин абалын, жасалма кендин бөлүгүнүн абалын көзөмөлдөө үчүнстационардык нейтрондук ыкмалардын бирин (НГК, ННК) же чачыранды гамма нурланууну (ГГК) изилдөө милдеттүү.
18. Иштетүү курулманын аралыгындагы шыкалма куяларды оңдоодо геофизикалык изилдөөлөр колоннанын артындагы мейкиндигинин жылчыксыздоолугун баалоо жана айрым катмарлардын жабылуу сапатын текшерууүчүн жүргүзүлөт.Бул маселелер өтө сезгич термометр жана гидродинамикалык чыгым өлчөгүч менен өлчөө жана радиоактивдүү изотопторду термелүү жолу менен чечилет.Катмар суунун минералдашуусу 50 г/лден жогору болгондо, тешик аралыгынан тышкары жайгашкан катмарларга суунун киришинин далил катарыИНЫ (импульстук нейтрондук ыкмасы) кошумча изилдөөлөрү менен аныктоого болот.
19. Өндүрүмдүүлүктү жана жөндөмдүүлүктү жогорулатуу жана калыбына келтирүү, ыкчамдык профилди тегиздөө, жана кошумча тешүү максатында оңдоо иштеринин натыйжалары өлчөөлөрдүөтө сезгич термометр жана гидродинамикалык сарп өлчөгүч менен салыштыруу жолу менен бааланат, оңдоо иштери башталаарда жана бүткөндө аткарылууга тийиш.Тешүү аралыктарын аныктоо жана колоннанын абалын көзөмөлдөө үчүн кошкуч локатор, акустикалык сыналгы САТ, ДСИ индукциялык кемтиктегич, AKПтешүүсүн текшерүү аппаратура жана микрокаверномерлер (диаметр өлчөгүч) колдонулат.Тоо кендинтурпатынан жана аны каныктыруучу суюктуктан нейтрондукөлчөммүнөздөгүчтөрү боюнча айырмаланган кошулмалардын жана заттардын пайда болушуна куюлган учурда, аткарылган иштердин натыйжалуулугун баалоо үчүн куяларды оңдоого чейин жана андан кийин, кошумча ИНЫ изилдөөлөрү жүргүзүлөт.
20. Аткарылган иштердин натыйжалары куяны андан ары пайдалануу мезгилинде өндүрүлгөн өнүмдөрүн мүнөзүнө жараша жана оңдоо иштеринен кийин кайталап изилдөөлөрдүн натыйжалары боюнча бааланат.
21. Ийгиликтүү оңдоо иштеринин белгилери эсептелинет:
- иштетүү курулманын аралыгында - өндүрүлгөн өнүмнүн суунун үзүлүшүн азайтуу же жок кылуу, куянын өндүрүшүн жогорулатуу;
-колоннанын жылчыксыздыгын оңдоодо - гидросыноо жүргүзүү же деңгээлди төмөндөтүү жолу менен аны жылчыксыздоолугун сыноонун натыйжалары;
-колоннадагы бузулуулар аркылуу куяга кирген же мейкиндике аркылуу жер үстүнө чыккан үстүнкү сууларды каптамалоодо - өндүрүлгөн өнүмдө үстүнкү суулардын жоктугу, жер бетине чыккан катмар сууларынын жоктугу.
22.Оңдоо иштеринин жыйынтыгы терс болсо, куяга кирген суунун булагын аныктоо боюнча изилдөө иштери жүргүзүлөт.
23.Аткарылган оңдоо иштеринин сапаты геофизикалык ыкмаларды колдонуу менен кайталанган изилдөөлөрдүн натыйжалары боюнча аныкталат:
-колоннанын артына цемент шакекчесин курууда же цементтөөнүн сапатын оңдоодо - цементометрия ыкмаларын колдонуу менен кайталап изилдөөлөр аркылуу;
- катмарлар аралык агымдарды жоюуда - термометриндик ыкмаларды колдонуу мененизилдөө. Активдүү куядагы изилдөөлөрдүн жүрүшүндө же анын таасири астында алынган термограммаларда геотермалдык градиенттин калыбына келиши мейкиндиктеги агып кетүүнүн жылчыксыздандыруунун белгиси болуп саналат.
§3. Пайдаланууколоннанын техникалык абалын текшерүү
24. Куянын төмөнкү түбүнө чейин колоннанын ички диаметринен 6-7 мм аз диаметри менен толук узундуктагы коргошун конус мөөрү түшүрүлөт:
1)Мөөрдү жердин төмөнкү бөлүгүнө чейин токтоткондо,токтооту тереңдигин атайын журналга бекитет, жана аны көтөрөт.
2) Бузулган түзүлуштүн көрүнүшин так изин алуу үчүн, кийинки түшүүчүмөөрлөрдүн өлчөмү (мурункуларга салыштырмалуу) 6-12 ммге азайтылышы керек.
3) Куянын жердин бөлүгүндө бөтөн нерсенин бар экендигин аныктоо үчүн СКТтүтүккө жалпак коргошун мөөрү түшүрүлөт.
4)1 жана 2 пункттарына ылайык иштерди жүргүзүүдө, 20 кН ашпаган октук жүгү менен коргошун мөөрүн бир жолу орнотууга жол берилет.
5)Капталанган колоннанын бузулган бөлүгүнүн калыбын жана өлчөмүн аныктоо үчүн каптал гидравликалык мөөрлөр колдонулат.
6) Колоннанын абалын көзөмөлдөө үчүн 19 пунктуна ылайык алеттер да колдонулат.
7) Өнүмдө күкүрттүү суутек бар куяларды оңдоо жана изилдөө иштери ишкананын башкы инженери, башкы геологу тарабынан бекитилген жана оргутууга каршы кызматы менен макулдашылган иш болжом боюнча жүргүзүлөт.
3- Тарам. Даярдык иштери
§4. Куяныөчүрүү
25. Оңдоо иштерин баштоодон мурун, төмөнкүлөрдү өчүрүү керек:
1) Катмар басымы гидростатикадан жогору болгон куяларды.
2) Гидростатикалык басымдан төмөн катмардын басымы бар, бирок эсептөөлөр боюнча оргуштап чыгып, жаткан же мунай-газды көрсөтүү шарттары сакталган куялар.
26. Куяларды токтотуу үчүн суюктуктарга коюлуучу талаптар:
1) Өчүрүүчү суюктуктун тыгыздыгы суюктуктун атырылып көтөрүлүп чыккан тарабынан, зарыл талаптарга ылайык катмар басымынын ашкан басымды түзүүнүн негизинде аныкталат.
2) Өчүрүүчүсуюктуктун тыгыздыгынын долбоордук маанилерден уруксат берилген четтөөлөрү 2тизмектекелтирилген.
3) Өчүрүчү суюктук коллекторды түзгөн тоо кендерге химиялык жактан инерттүү болушу керек, катмар суюктуктары менен шайкеш келиши керек, жана катмар тешикчелеринин катуу бөлүкчөлөр менен кайтарылгыс толтурулбашына жол бербөөсү керек.
4) Өчүрүүчүсуюктук фильтраты чопо бөлүкчөлөрүнө бөгөт коюучу таасирин тийгизип, катмар суусунун ар кандай рН маанисинде алардын көөп кетишине жол бербөө керек.
5) Өчүрүүчү суюктук суу тоскоолдуктарын түзбөшү керек жана коллектордун үстүңкү бетинин гидрофобизациясына жана "Өчүрүүчү суюктук - катмар суюктук"фазаларбөлүм чегиндеги фазалар аралык чыңалууну азайтуунун эсебинен катмардын тешикчелериндеги капиллярдык басымдын төмөндөшүнө өбөлгө түзүшү керек.
6) Өчүрүүчү суюктук биринчи жана экинчи түрдөгү туруктуу мунай-суу эмульсияларын түзбөшү керек.
7) Өчүрүүчү суюктуктун илешкектүү түзүмүдүк-механикалык касиеттери анын өндүрүмдүү катмарга сиңүүсүн болтурбоо үчүн жөнгө салынышы керек.
8) Өчүрүүчү суюктук куя жабдууларына аз дат басуулык таасирге ээ болушу керек.Болоттун дат басуу ылдамдыгы 0,10-0,12 мм/жылына ашпоого тийиш.
9) Өчүрүүчү суюктук жогорку температурада термикалык жактан туруктуу жана кышында суукка чыдамдуу болушу керек.
10) Өчүрүүчү суюктук күйбөй турган, жарылууга жана өрт коопсуздук, ууландуу эмес болууга тийиш.
2-тизмек
Өчүрүүчү суюктун тыгыздыгына жол берилген четтөөлөрү
Куянын терендиги, м | Өчүрүүчү суюктук тыгыздыгында жол берилген четтөөлөр, кг/м3 | ||
1300кө чейин | 1300-1800 | 1800дөн ашык | |
1200гө чейин | 20 | 15 | 10 |
2600 чейин | 10 | 10 | 5 |
4000ге чейин | 5 | 5 | 5 |
11) Өчүрүүчүсуюктук даярдоодо жана колдонууда технологиялык жактан шайкеш болушу керек.
12) Өчүрүүчү суюктуктун технологиялык касиеттери жөнгө салынууга тийиш.
13) Күкүрттүү суутек бар кендерде өчүрүүчү суюктуктарда күкүрттүү суутектин нейтрализатору болушу керек.
14) Куянын тоо-кендик, геологиялык жана техникалык шарттарына, ошондой эле аларды даярдоо ыкмаларына жараша өчүрүүчү суюктуктун(катуу фазалуу, минералдык туз негизинде, көмүр суутектери негизинде, көбүк менен)негиздүү тандоосу өчүрүүчү суюктуктардын каталогунун сунуштарына жана ошондой эле даярдоонун амалынаылайык жүргүзүлүшү мүмкүн.
27. Даярдык иштери:
1) Куядагы суунун айланышысын бар-жоктугун текшерип, оңдооттун категориясын чечишет.
2) Учурдагы катмар басымынын мааниси аныкталат.
3) Өчүрүүчү суюктуктун керектүү тыгыздыгын эсептеп, керектүү сандары аныкталат.
4) Көлөмү геологиялык-техникалык шарттардын негизинде аныкталуучу бүлүнүүлүк камды эске алуу менен, тиешелүү тыгыздыктагы суюктуктун керектүү көлөмүн даярдайт (бирок куянын бир көлөмүнөн кем эмес).
5) Куянанытоктотушат, анын разрядын чыгарышат, чыга бериш жабдууларындагы жабуучу арматуранын оң экендигин текшеришет.
6) Агрегаттарды жана автоцистерналарды жайгаштырышат, жабдууларды байлашат жана басым берүү үйлөө линиясын күтүлгөндөн 1,5 эсе жогору суу менен сынашат. Yйлөө линиясы текшерүүчү клапан менен жабдылган.
28. Өчүрүү иш жүрүшүн жүргүзүү:
1) Куянун суюктугун өчүрүү суюктук менен алмаштырат.Куяны өчүрүүкуя суюктугун толук же жарым-жартылай алмаштыруу менен суунун айланышы калыбына келтирүү менен, же калыбына келтирбестен жол берилет.Эгерде куядагы суюктукту жарым-жартылай алмаштырууга жол берилбесе, анда колоннаны өчүрүүчү суюктук менен толтуруу аны соргонго сордурганда жүргүзүлөт.
2) Бүрккүчтүк куя (газ көтөргүлүк) жана үйлөөчүкуяларды өчүрүү,суюктуктун айлануусунтүз же тескери жууп салуу ыкмасын колдонуу менен,суюктуктынайланышы жер бетине жеткенге чейин жана катмарга зарыл болгон тескери басымды камсыз кылуу үчүн,кирүүчү жана чыгуучу агымдардын тыгыздыгын теңдештиргенге чейин, өндүрүш линиясын басаңдатуу суюктукту, сордуруу жолу менен ишке ашырылат. 1-2 сааттан кийин агып чыгуулар жана газдын чыгышы болбосо, куяөчүрүлгөн деп эсептелет.
3) ЭБС жана ШТС менен жабдылган куяларды токтотуу зарыл болгон учурда куянын соркыскычы токтоп, айлануу клапанды токтоткондон кийин эки же андан көп ыкма менен жүргүзүлөт. Өчүрүүчү суюктугу СКТ аркылуу жана түтүк аралык мейкиндик аркылуу сордурулат, үстүнкү жака пайда болгонго чейин.Жылдырматээкты жабыныз жана соркыскычтын аскычтын деңгээлинен катмарга чейин, өндүрүш колоннанын көлөмүнө барабар суюктуктун эсептелген көлөмүн айдайт.
4) Катмарлардын жөндөмдүулүгү төмөн болгон куяларда өчүрүү эки этапта жүргүзүлөт. Башында, суюктукту өчүрүү соркыскычты орнотуу тереңдигине чейин алмаштырылат, андан кийин өчүрүүэсептелген убакыттан кийин кайталанат. Эсептешүү убактысы Т формула боюнча аныкталатT= H/v, мында Н- соркыскычты кабыл алуудан куянын жердин бөлүгунө чейинки аралык, м; v- суюктуктарды алмаштыруу ылдамдыгы, м/с (болжол менен 0,04 м/с кабыл алууга болот).
5) Бир иш жүруштун кайталанышы менен өчүрүүгө мүмкүн болгон жана мунайгаз көрүнүштөрү мүмкүн болгон куялар жабылганда буфердик суюктукту түтүк аралык мейкиндикке лифт жабдууларынын көлөмүнө барабар болгон өчүрүүчү суюктугунун бөлүгүнөн кийин куюу керек..Андан ары өчүрүүиш аракеттери ишканада кабыл алынган технология боюнча жүргүзүлөт.
6) Газ фактору жогору жана перфорация аралыгы чоң болгон куялар тыгылган учурда,өчүрүүчү суюктугун жогорку өткөрүүчү интервалдарда сиңирүүдө чыпка зонасына коюуланган өчүрүүчү суюктугун же ИСА(илээшкиктүү-серпилме аралашма) куюуну караштырат. Интенсивдүү сиңирүүдө мунай-кычкыл эрүүчү толтуруучу-колматанттар колдонулат, андан кийин ККА өткөрүмдүүлүгүн калыбына келтирет.
7) Эгерде мунайдын жана газдын агып чыгышы аныкталса, газ атыруулууга каршы жабдуулар жабылышы керек, ал эми бригада өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу болжомго ылайык аракеттенүүгө тийиш.Ишти кайра баштоого ишкананын жетекчиси мунай жана газ көрүнүштөрү жоюлгандан жана анын кайталанышына жол бербөө боюнча чаралар көрүлгөндөн кийин уруксат берилет.
29) Жабдууларды жана ондоо бригадасын башка жерге которуштуруу
1) Алар жабдууларды ташып келүүчүбөлүктө мунай кендеринин жолдорунун кыймылынын болжомун жана картасын түзүшөт.
2) Алар мунай кенинин жолун даярдап, техниканы жылдырып жатышат.
3) Куянын жанында оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн жумушчу аянтчаны, өтмөктөрдү, түтүктөр жана штангалар үчүн кабат текчерди уюштуруу зарыл.
30.Куянын куймасын даярдоо.
1) Тартмаларды бекитүү үчүн казыктар курулат.Топтошкондык куялардынкуймаларды жайгаштырууда казыктаркуяларды куруу эрежелерин эске алуу менен жайгаштырылат.
2) Куянын куймасындагы арматураларды ажыратууүчүн,түтүк мейкиндиктеги басымды атмосфералык басымга чейин төмөндөтүү керек.Куяны өчүрүүчү клапан жок болгон учурда,куя тиешелүү тыгыздыктагы суюктук менен басандатуулушы керек.
3) Иштеп жаткан мезгилде мунай жана газ көрүнүшү мүмкүн болгон куялардынчыга бериши жумушту өндүрүү болжомуна ылайык атыруулуусуна каршы жабдуулар менен жабдылышы керек, ал эми куя - өчүрүлүшү керек.
4) Атырылууга каршы жабдууларды орнотуу жана орнотмонун түзмөгү ишкана тарабынан иштелип чыгат, жана бүркүчкө каршы көзөмөлдөө кызматы жана Госгортехнадзор органдары менен макулдашылат.
5) Жылдырылма агрегатты орнотуу үчүн жумуш аянтын даярдоо.
6) Жылдырылма агрегатты орнотуу.
7) Жабдуулардыжайгаштыруу.
8) Бийик мамы орнотуу.
§ 5. Түтүктү даярдоо
31. Жалпы жоболор
1) Куяларды оңдоого арналган түтүктөрдү кабыл алууну жана даярдоону түтүктөрдү башкаруу кызматтары (ОТК жана ЖЖБ, түтүк базалары ж.б.) ишке ашырат.
3- Тизмек
Колоннанын диаметринин катышы
Колоннанын диаметри, мм | |||
Курчап турган | бургулоо | Курчап турган | бургулоо |
114 | 60 | 219 | 114 |
127 | 60 | 219 | 127 |
140 | 73 | 219 | 140 |
146 | 73 | 245 | 114 |
168 | 89 | 245 | 127 |
178 | 89 | 245 | 140 |
178 | 102 | 273 | 127 |
194 | 102 | 140 | 140 |
194 | 114 | 299 же андан көп | 140 |
2) Бургулоочу түтүктөрдүн колоннанын жайгаштыруу талапка ылайык, кулпулары менен, каптоо курчап турганколоннанын диаметрине жараша жүргүзүлөт.Алардын катышы 3 тизмекте келтирилген.
3) Бургулоо тилкелерин бышыктыкка эсептөө жана экинчи тик бөлүктөрдү бургулоодо багыттуу куяларды бургулоо колоннаны эсептөө сыяктуу эле жүргүзүлөт.Мындан тышкары, жаңы тик бөлүктөрдүкесүүдөн мурун, бургулоо түтүктөрүнүн абалы учурдагы башкаруу ыкмаларын колдонуу менен текшерилет.
4) Куяларга түшүрүү үчүн арналган курчап турган түтүктөрдү, ошондой эле колоннанын бузулган бөлүктөрүн каптамалоо жана экинчи тик бөлүктөрдү бекитүү үчүн, даярдоо колдонуудагы көрсөтмөлөргө ылайык жүргүзүлөт.
5) Оңдоо иштерин жүргүзүүдө кычкылдык, жегичтер жана күкүрттүү суутек агрессиясынын шарттарынан тышкары, алюминий түтүктөрүн колдонууга жол берилет.
6) Оңдоо иштеринин алдында түтүктөрдү (бургулук жана соруп-көөрүктүк түтүктөрдү) гидросыноо өткөрүү милдеттүү түрдө жүргүзүлөт.Гидросыноодо басымдын мааниси колдонуудагы ЖД жана ченемдик-техникалык иш кагаздарда көрсөтүлгөн минимумдан төмөн болбоого тийиш.
7) Түтүктөрдү куяга ташуу атайын унаанын жардамы менен ишке ашырылат.Түтүктөрдүн сайлуу туташуусу коопсуздук шакекчелери жана тыгындар менен корголушу керек.
8) Түтүктөрдү даярдоодо алардын беттеринин, кошкучтарын жана сайлуу кошулмаларынын абалын текшерилет.
9) Түтүктөрдү калыптоодо, шаблон кечиктирилсе, түтүктү жараксыз деп эсептейт.
10) Түтүктөрдүн узундугу болот өлчөгүч түрүлмө менен ченелет.
11) Даярдоо иш жүрүшүндө түтүктөр түрлөрүнө жана өлчөмдөрүнө жараша топтомдорго бөлүнөт.
12) Куянын түбүнө геофизикалык алеттерды эркин өтүшүнө жол бербөөчү куянын кесилиши бар түйүндөрдү жана өткөргүчтөрдү пайдаланууга жол берилбейт.
13)Көтөрүүчү келте түтүктөр жана өткөргүчтөр заводдо жасалган, жана болоттун маркасын көрсөткөн паспорттору болушу керек.
4-Тарам. Куяларды толук оңдоо
§ 6. Өндүрүштүк колоннанын бырыштуу участокторун оңдоо.
32. Өндүрүштүк колоннанын бырышталган бөлүгүн ондоо бекиткичтын, бекиткичткен ойгучпен же алмурут калыпдагы фрезерлердин топтомун колдонуу менен ишке ашырылат.
33. Диаметри биринчи түшүрүүчү бекиткичткенаспап 5 мм аз диаметрин курчап турганколоннанынбырыштылган аймакта болушу керек. Кийинки бекиткичтикаспаптын диаметри 3-5 ммден ашпашы керек.
34. Бекиткичткен ойгучпенколдонуу менен бырыштуу бөлүгүн оңдоо аларды 30°тан ашпаган жай айлантуу менен ишке ашырылат.Октук жүк куядубал жана бургулоо түтүктөрүнүн диаметрлерине жараша тандалат (4-тизмек).
35. Алмурут калыпдагы фрезердик кескичтердин жардамы менен бырыштуу бөлүгүн оңдоо 4-тизмекке ылайык аспапка жай айлануу жана октук жүктөө менен жүргүзүлөт.Каптал бетиндекатту эритмелеры ширетмелөөлөр бар фрезерлерди колдонууга жол берилбейт.
36. Иштин сапатын текшерүүколоннадагы жалпак коргошун басмасынын же атайын шаблондун эркин өтүшүн, камсыз кылган бекиткичтик аспаптын жардамы менен жүргүзүлөт.
§ 7. Оңдоо жана каптамалоо иштери
37.Катмарларды же алардын айрым аралыктарын токтотуу.
38. 36-пунктуна ылайык обочолоо иштерижалпы чыпкааркылуу катмар бөлгүчтөрдү орнотпостон, же алынуучу же бургулоочу катмар бөлгүчтөрдүорнотуу менен – ажыратылуучу катмардын чыпкасы аркылуу басым астында тығындоо жолу мененжүргүзүлөт:
1) куяны өчүрүү;
2) соркыскыч компрессордук түтүктөрдү"мамык" же катмар бөлгүч менен (алынуучу же бургулоочу) тушүрөт ;
3) үстүнкү же ортоңку катмарларды ажыратууда төмөнкү өндүрүмдүү катмарларды коргоо боюнча иш аракеттерди жүргүзүүшет (куятик бөлүктөрдүн жасалма түбүнөн ажыратылган катмардын түбүнөн 1,5-2,0 м ылдыйкы деңгээлге чейинки аралыкта кум, чопо же илешкек-серпилме толтуруу курамы менен, күлбото көпүрө же жарылуу катмар бөлгүч орнотулат);
4) соркыскычкомпрессордук түтүктөрдү(СКТ)жесоркыскыч компрессордук түтүктөр катмар бөлгүчменен гидросыноо жүргүзүлөт;
5) ачылган катмараралыктыныкчамдыкдуулугун аныктоо. Эгерде, 0,6 м3/(ч·МПа) аз болуп чыкса, обочолонгон аралыктын ыкчамдыкдуулугун касиеттин жогорулатуу боюнча иштер жүргүзүлөт (мисалы, туз кычкылдык менен тазалоо);
6) нымдалган эзиндинын түрүн жана көлөмүн тандоо;
7) Берилген убакыт аралыгында нымдалуучу эзилмени даярдап жана басым астында шыкап куюп, куяда кулботонун каткан убактысына калтырат(ККК).КККмөөнөтү нымдалган эзиндилердин түрүнө жараша белгиленет.КККмөөнөтү аяктагандан кийин көпүрө текшерүүдөн жана өндүрүштүкколоннагидросыноодон өткөрүлөт;
8) зарыл болгон учурда өндүрүмдүү катмардын аралыгында өндүрүштүк колоннаны тешип чыгат;
9) иштетиппайдалануусу 2 МПадан ашык катмардагы өндүрүмдүүлүктүн төмөндөшү мененишке ашырылган үстүнкү жана ортоңку катмарларды ажыратканда, басым астында нымдалган тыгындан кийин тешүү аралыгы кошумча темирбүтөөч менен жабылат.
39. Суунун агып кирүүсүн чектөө жана ар кандай каныккан суюктуктар менен катмардын участокторуна тандалма таасир этүүчү жана аларда тандап катуулануучу нымдалган тыгындоо кошулмалардыколдонуу боюнча иштерди жүргүзүүдө, кошулмаларды мунайга каныккан аралыктарды өчүрбөстөн, учурда иштеп жаткан чыпкадан айдалат, же зарыл болсо,катмар бөлгүчтөр колдонулат.Иш өзгөчө обочолооч кошулмаларды колдонууну жөнгө салуучу ЖД ылайык жүргүзүлөт.
40. Өнүмдөкүкүрттүү суутек камтыган куяларда нымдалган тығындоо ыкмасын колдонуу менен, оңдоо иштери минералдык же полимердик негиздеги күкүрттүү суутекке туруктуу тығындоочу материалдарды колдонуу менен жүргүзүлөт.
41. Цемент шакекчесинин жылчыксыздоолугун оңдоо.
1) Куяны өчүрүүнү жүргүзөт ( §4караңыз).
2) Куянынчыга беришин түз жана тескери айланышынын, ошондой эле түтүктөрдүн кыймылынын мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен жабдылат.
3) Соркыскыч компрессордук түтүктөрдү жана куянын жабдууларын көтөрөт.
4) Геофизикалык жана гидродинамикалык изилдөөлөрдүн жыйнагы жүргүзүлөт.
5) Газ менен каныккан эритмеледи өткөрүүчү каналдардын тирөөчүү мейкиндиктеги ыкчамдык касиети жана агымдын кыймылынын багыты, ошондой эле катмар тарабынан сиңирилген суюктуктун бөлүнүп чыгуу даражасы аныкталат.
6) Куянын пайда болушунун жана катмардын геологиялык-техникалык мүнөздөмөлөрү талданат.
Тизмек 4
Кесилүүчү долотонун октук жүгүн тандоо курчап турган жана бургулоо түтүктөрүнүн өлчөмүнө жараша
Курчап турган колоннанын диаметри, мм
| 114 | 127-145 | 168 | 219 | 245 |
Бургулоочу түтүктөрдүн диаметри, мм | 60 же 73 | 73 | 89 | 114 | 140 |
Октук жүк, кН
| 5-10 | 10-20 | 10-40 | 20-50 | 30-50 |
- куянын тик бөлүктүн ийрилигинин жана диаметрин өлчөмүн ;
- борборлоштургучтарды жана каптоо тилкесинин технологиялык жабдууларынын башка элементтерин жайгаштыруу тереңдигин;
- температура жана катмар басымы;
- тоо тектердин түрү;
- гидравликалык жарака басымы;
-куялардын аласасы (суюктун, газдын убакыт бирдигинде келүүсү, м3/с, м3/саат, м3/сут) ;
-өнүмдөгүмеханикалык аралашмалардын курамы жана бөлүкчөлөрүнүн өлчөмү;
- обочолонгон флюиддин химиялык курамы
7) Куянынтолтурулушу текшерилет жана суюктукту берүүнүн туруктуу абалында тирөөчтүн бузулган бөлүгүнүн ыкчамдуулук жөндөмдүүлүгү аныкталат.
8) Катмардан бөлүнүп чыккан суюктуктун көлөмү боюнча бааланат.
9) 3-5 кундо жумуштарды аткаруунун алдында, күтүлгөн температура жана басымдын шарттарында нымдалгантыгынын курамына лабораториялык талдоо жүргүзүлөт.Нымдалган тыгынтуу курам коюулана баштаган убакыт технологиялык иш жүрүшүэсептик узактыгынан 75% кем эмес болбоого тийиш.
10) Өндүрүштүк катмардын үстүндө жайгашкан цемент шакекчесинин жылчыксыздоолугун оңдоодо, кошумча даярдоо иштери жүргүзүлөт.
11) Жыштуу тоо кендерге каршы пайдаланууга чыпкадан 1 м бийиктикте (5-10 тешик) аймакта атайын тешиктерди түзөт.
12) Тешүүаралыгын (өндүрүштүү катмар аралыгында) кум тыгыны менен жаап, үстүнө кум тыгынынан 1 м бийиктикте чопо катмары жеүстүнкү тешиктерден 2-3 м бийиктикте орнотулган ВП тибиндеги жарылуучу-катмар бөлгүчү менен, бирок атайын тешиктерден 2мден төмөн кем эме, жабылат.
13) Эгерде тыгындоо туташтыруу иштетиппайдалануучу чыпка аркылуу жүргүзүлсө, анда чыпканын үстүнкү бөлүгүнүн 1 м бөгөттөлбөгөндүгүнүн, негизинде ал кум тыгыны менен жабылат.
14) Кум тыгынын орнотуу тереңдиги өлчөнөт (жарылуучу-катмар бөлгүч).
15) Бөлүнгөн объекттин ыкчамдык касиети аныкталат.
16) Куюу колоннанынтүпкүчү объекттин ыкчамдуулук касиеттине жараша түшүрүлөт жана орнотулат:
-ыкчамдык касиети 1,5 м/(ч·МПа) –атайын тешиктерден20 мжогору;
-ыкчамдык касиети 1,5 м3/(ч МПа) кем - атайын тешиктерден 1,0-1,5 м төмөн.
17) Соркыскыч компрессордук түтүктөрдүн (СКТ) колоннасын жана катмарбөлгүчтүнгидросыноосун өткөрүлөт.
18) Белгиленген аралыкта нымдалган эритме даярдалат, сордурулат жана түртүрөт:
-куянын ыкчамдык касиети 2 м3/(ч.МПа) чейин болгондо цемент эритмеси же анын полимердик кошулмалар менен айкалышы колдонулат;
- эгерде ыкчамдык касиет 2 м3/(ч·MПa) ашык болсо, алдын ала ар кандай толтургучтарды колдонуу менен сиңирүү интенсивдүүлүгүн төмөндөтөт.
19) Белгиленген мөөнөт өткөндөн кийин, (цементтин катып калышын күтүү) ЦКК өндүрүш колоннанын жылчыксыздоолугун текшерет.
20) Цемент көпүрөнү бургулап жатышат
21) Кумдун тыгыны куядан жуулуп чыгарылат.
22) ОКИ (ондоо-каптамалоо иштери) сапаты геофизикалык жана гидродинамикалык изилдөө ыкмаларын колдонуу менен бааланат.
23) Өндүрүштүк объекттин (түзүлүштүн) ылдый жагында жайгашкан цемент шакекчесинин жылчыксыздоолугун оңдоодо ОКИ төмөнкү объекттин чыпкасы аркылуу же атайын тешиктер аркылуу жүргүзүлөт.
24) Эгерде,ОКИ төмөнкү өндүрүштүк объекттин чыпкасы аркылуу жүргүзүлсө, түтүк түпкүч,чыпкадан 1,0-1,5 м төмөн орнотулат.
25) Эгерде ОКИ атайын тешиктер аркылуу жүзөгө ашырылышы болжонгон болсо, анда бул тешиктер (суу-мунай байланыш) СМБаймагында, же төмөнкү өндүрүш менен астындагы суу катмарларынын ортосундагы тыгыз бөлүш аралыгында орнотулат.СКТ (соруп-көөрүүктүтүтүктөр)түпкүчатайын тешиктердин аралыгынан 1,0-1,5 м төмөн орнотулат.Катмар бөлгүчтү колдонууда, анын резина элементи төмөнкү катмардын түбү менен атайын тешиктердин аралыгы ортосунда орнотулат.
26) Тыгындуу аяктагандан кийин, тыгындык нымдалган эритменин ашыкча көлөмү кайра жууп түтүктөнСКТ чыгарылып, түтүк 50-100 м көтөрүлүп жана куяны ЦККга калтырылат.
42.Курчалма колоннанын артындагы цемент шакекчесин бийиктетүү.
1) Иш жүрүштү жүргүзүүнүн алдында куядан төмөнкүлөр орнотулат:
- алгачкы цементтөөдө колдонулуучу, чопо жана цемент эритмелеринин өлчөм мүнөздөгүчтөрү;
-куяны бургулоо иш жүрүшүндө жанасиңирүүнүтездетүү;
- буфердик суюктуктун түрү жана башка зарыл маалыматтар.
2) Куянын иши токтотулуп, колонналар аралык мейкиндикте басымдын калыбына келүү динамикасы аныкталат.
3) Куяныөчүрүүну башташат.
4) Соркыскыч компрессордук түтүктү көтөрүп, текшерилет.
5) Иштетип пайдаланган колоннаны, каптоочу колоннанын артындагы цемент шакекчеси жайгашкан жерден 100-200 м тереңдикке чейин шаблондойт.
6) Тешүү аралыгы боюнча цемент көпүрөсү орнотулат жана ЦКК мөөнөтү аяктагандан кийин, СКТ (түтүктөрдү) жууп түшүрүүдө цемент көпүрөнүн бекемдиги текшерилет.
7) Геофизикалык жана гидродинамикалык жыйнактуу изилдөөлөрдүн жүргүзүү.
8) Сиңирүүаймактар бар болсо, алардын тездетилгенин азайтуу үчүн каптамалоо иштери жүргүзүлөт.
9) Тыгындоочу материалдын түрү геологиялык, техникалык жана температуралык шарттарды эске алуу менен сиңирүүнүн тездетилгенине жараша тандалат.Гидравликалык жарака кетиши мүмкүн болгон куяларда жеңил тыгындоо эритмелерди колдонуу керек.
10) Түздөн-түз тыгындоодо, капталанган колоннада берилген тереңдикте атайын тешиктер, аркылуу тешиктер тартылат, куядагы эски бургулоо суюктугунун калдык көлөмү толугу менен алынганга чейин жуулат, тығындоочу суюктуктун болжолдуу көлөмү сордурулуп, СКТны50-100м көтөрөт жана куяны ЦККга калтырат.Капталанган колоннада цемент шакекчесинин жогорку чеги аныкталат.Капталанган колоннада цемент чөйчөктү тешип, анын агып кетпегендигин текшеришет.
11) Тескери тыгындар бийиктетип жаткан цемент шакекчесинин үстүндө сиңирүүнү тездетүүчү катмар бар учурларда колдонулат.Толтургучтары бар тыгындык эзиндилер куянын чыга беришинентирөөч мейкиндикке сордурулат.
12)Биргелешкен тыгындоо түздөн-түз тыгындоогонго чейин кесилиштерде бир же бир нече сиңирүүчү аймактын болушуна байланыштуу айланууну калыбына келтирүү мүмкүн болбогон учурларда колдонулат.Тыгындык эзиндилерин биринчи бөлүгү тешиктер аркылуу түз айдалат, экинчиси - тескери жол менен сордурулат.
13) Иштин сапаты колонаннын артындагы тыгындык эзиндилеринкөтөрүлүү бийиктигин аныктоочу,курчалган колоннанынгидросыноонун натыйжалары менен, ошондой эле курчалган колоннанын бошотуудаколоннанын аралык басымдын маанисин өлчөөнүн байкоолорунун натыйжалары менен бааланат.
14) Эгерде атайын тешиктердин аралыгында каптамада жылчыксыздоолук аныкталса, андан ары иш болоттон жасалган бөртмөлөөген бүтөөчүлөрдү колдонуу менен жылчыксыздооны жоюу боюнча жүргүзүлөт.
§ 8.Курчап турган колоннанын жылчыксыздоолугун жоюу
43. Тыгындоо:
1) Курчап турган колоннанын жылчыксыздоолугун жоюу боюнча иштер каптоочу түтүктөрдүн кемчиликтери аркылуу каптамалоону жана алардын бириктирүүчү түйүндөрүн (сайлуу бирикмелер, туташтыргыч түзүлүштөр, баскычтуу цементтөө кошкучлары) кайра жылчыксыздоону камтыйт .
2) Куяны токтотот жана өчүрөт. Куяларды изилдөөиштери жүргүзүлөт.
3) Курчап турган колоннанытекшеришет.
4) Иш аракетти жүргүзүүнүн технологиялык түзмөгүн, тыгындоонун материалдын түрүн жана көлөмүн тандайт.
5) Байланыш түйүндөрүнүн каналдардын жылчыксыздоолугун жоюу басым астында тыгындоо аркылуу жүргүзүлөт.
6) Сайлык кошулманынынжылчыктуу жөнүндө ишенимдүү маалымат болгон учурда, темирбүтөөчү орнотуу ыкмасы колдонулат.
7) Тыгындоочу материалдар катары чыпкалоочу полимердик курамдар, газ өткөрбөөчү тыгындоочу таштар же гелдер колдонулат.
8) 1-пунктуна ылайык жумуш үчүн цемент эритмесин колдонууга тыюу салынат.
9) Эгерде,куяда колонналар аралык көрүнүштөр байкалбаса, жана гидросыноодо жылчыктуулук байкалса, СКТ түпкүчтүжасалма жердин түбүнөн 5-10 м бийиктикке же цемент көпүрөгө, тешик аралыгынын үстүндө жайгашкан.Гель түзүүчү кошулмалар тыгындоочу материалдар катары колдонулат.
10) Курчап турганколоннанынжылчыксыздоолугун аныкталбаган аралыгы болгон учурда, мейкиндик аркылуу тыгындалуучу аралашманы үзгүлтүксүз (же токтоо менен) сордуруу менен басымды жабуу ыкмасы колдонулат.
11) Эгерде,иштетип пайдалануу учурунда колонналар аралык көрүнүштөр байкалса, тешуу аралыгын өчүргөндөн кийин,түпкүч СКТүтүкчөлөр жылчыксыздоолугун аралыгынын төмөнкү чегинен 200-300 м жогору орнотулат.
12) Эгерде колонкалар аралык басымдын чоңдугу 4 МПадан көп болсо, тыгындоочу материалдар катары катуулануучу курамдарды колдонууга жол берилет.
13) Бүрккүчтүккуяларда чыгарып алынуучу полимердик кошулманы колдонууга жол берилет.
14) Курчап турган колоннанын өтмө кемчиликтерди каптамалоо төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
-колоннанын бузулган бөлүгүн алмаштыруу же аны диаметри кичине түтүктөр менен жабуу техникалык жактан мүмкүн эмес;
-курчап турганколоннаныбузулуу аймагытешууаралыктан 500 м жогору жайгашкан.Мында кеминде 5 м бийиктиктеги кошумча цемент көпүрө кемтиктин астынан 20-30 м аралыкта орнотулат.
15) Колоннада бир нече кемчилик бар болсо, ар бир кемтикти тыгындоо 20дан 30 м аралыкка кийинки бузуунун астына бийиктиги 5мден кем эмес, бөлүүчү көпүрөнү мурда орнотуп, өйдөдөн ылдый карай ырааттуу түрдө жүргүзүлөт.
16) Эгерде колоннанынкемтикинин ыкчамдуулугу 3 м3/(ч·МПа) ашык болсо, сиңирүүнүн тездетүүсүн азайтуу үчүн алдын ала иштер жүргүзүлөт.
17) Ыкчамдык касиети 0,5 м / (ч•МПа) болсо, тыгындоо материал катары полимердик материалдар колдонулат.
18) Басым астында тыгындаганда,тыгын эритмесинин ашыкча көлөмү кемтик аймагынан чыгарылбайт.
19) Катуулануу мезгилинде куятыгындын эритмесин түрткөндө жетишилген 40-60% ашыкча басым астында калат.
20) Орнотулган көпүрөнүн ордун аныктап, аны бургулап, кемчиликтин үстүндө кеминде 3 м калыңдыкта калтырат.
21)Курчап турганколоннадагы кемтикти диаметри кичине түтүктөр менен жабуу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
- курчап турган колоннадагы бузулган бөлүгүн алмаштыруу техникалык жактан мүмкүн болбосо;
- тығындоо ыкмасы курчап турган колоннанынкеректүү жылчыксыздыгын камсыз кылбаса;
-курчап турган колоннанын бир нече кемчиликтери бар болсо, аларды жоюу техникалык жактан мүмкүн эмес же экономикалык жактан максатка ылайыктуу эмес;
-куянын иштетип пайдалануу шарттарына ылайык колоннанын өтүүчү кесилишин кичирейтүүгө жол берилет.
22) Иштин сапатын баалоо:
-каптамалоо иштеринин сапатын баалоодо алар учурдагы ЖДны жетекчиликке алышат.Оңдолгон интервалды газ менен сынаганда колонна аралык көрүнүштөр болбошу керек;
-ОКИдин сапаты, тешилген аймакты өчүрбөстөн куяны өздөштүрүүдө жана иштетип пайдаланууда колонналар аралык басымдын өзгөрүшүнүн натыйжалары боюнча бааланат
- туруктуулуктун көрсөткүчүн аныктоодо (каптамалоочу тыгындын орточо иштөө мөөнөтү) куянын иштөөсүнө ай сайын иштетип пайдаланууну көзөмөлдөө белгиленет.
§ 9. Темир чаптоочторду орнотуу.
44.Дубалдын калыңдыгы 3 мм болгон жука дубалдуу түтүктөн (болот 10) жасалган чаптоочун 20 МПа чейин ашыкча басымда, жана өндүрүмдүүлүктүн төмөндөшү 7-8 МПа чейин,иштетип пайдалнууда курчап турган колоннанынжылчыксыздыгын камсыз кылууга мүмкүндүк берет.Чаптоочтунун стандарттык узундугу 9 м.Өндүрүштүк базада ширетилген узундугу 15 мге чейинки чаптооч, ошондой эле куянын чыга беришинде ширетилген чоңураак узундуктагы секциялык ширетилген чаптоочу колдонулушу мүмкүн.
45.Чаптоочту орнотуу боюнча иш аракеттер төмөнкү ырааттуулукта каралган.
1) Куяны өчүргөндөн кийин СКТ жана башка куя жабдуулары көтөрөт.
2) Курчап турган колоннанын тешик аралыгынан 50-100 м бийиктикте цемент көпүрө орнотулган.
3) Зарыл болгон учурда куяга оңдолуп жаткан аралыкка түшүрүлгөн түтүк тилкесинин салмагынан жаралган күчтөн 250 кН көтөрүү кубаттуулугу жогору болгон СКТ же бургулоо түтүктөрүнүн жыйнактары жеткирилет.
4) Түтүктөрдү 15 МПадан кем эмес ашыкча басымга гидро сыноо жүргүзөт, ошол эле учурда диаметри 36 мм кем эмес шар менен калыптайт.
5) Курчап турган колоннанын бузулушунунмүнөзүн, тереңдигин жана өлчөмүн аныкталат:
- геофизикалык ыкмалар-бузулуу аралыгы;
-катмар бөлгүчти колдонуу менен аралыктык гидросыноо - ±1 м тактыктагы бузулуунун өлчөмү;
- каптал гидравликалык басма ПГ-2 (ТУ 39-1106-86) өлчөмдөрүн көрсөтөт жана бузуунун мүнөзүн аныктайт.
6) Курчап турган колоннанын ички бети оңдоонун аралыгында СГМ-1 түрүндөгү (ТУ 39-1105-86) гидравликалык кыргычтын жардамы менен булгануудан тазаланат.
7) Курчап турган колоннаны калыптоо:
- диаметри 146 мм болгон колоннада диаметри 121 мм жана узундугу 400 мм болгон калып колдонулат;
- диаметри 168 мм колоннада диаметри 140 мм жана узундугу 400 мм болгон калып колдонулат;
- мурда орнотулган чаптоонун, КБСкошкучтын же куятик бөлуктүн башка куушунун астында жайгашкан тирөөчтин участогун калыптоо үчүн тиешелүү диаметрдеги гидромеханикалык ШГ-1 калыбы колдонулушу мүмкүн.
8) Курчап турган колоннаны түтүктөрүнүн ички жээк жак узундугунчаптоону орнотуу аралыгында СКТкө же бургулоо түтүктөрүнө түшүрүлгөн ИП-1 жээкжак узундугу боюнча өлчөнөт.
9) Эгерде курчап турган колоннаны текшерүүдө бир нече бузуулар аныкталса, алардын ар бири боюнча даярдоо иштери 5-8 пункттарга ылайык ырааттуу түрдө жүргүзүлөт.
10) Чаптоочту (дорна) жана узак-бөртмөлөө түтүктөрдү басуу үчүн, түзүлүштү чогултуу жана даярдоо өндүрүштүк тейлөө базасында жүргүзүлөт.
11) Өндүрүштүк каптоо колоннанын оңдоо үчүн дорнлар жана көп нурлууузак-бөртмөлөөчаптоочу түрүндөгү ПМ, ТУ 39-01-08-466-79 талаптарына ылайык келиши керек.
12) Дорналарчогулган түрдө ташылат.Автоунаадан түшүрүүдө дорнларды жана чаптоочулардыыргытканга тыюу салынат.
13) Дорн суюктукту кошуу жана төгүү үчүн клапандар менен жабдылышы керек.
14) Булганган суюктуктар менен иштөөдө дорнларын үстүнө кум чогулткучту орнотуу сунушталат.
15) Чаптоочунун узундугу курчап турган колоннанынбузулган бөлүгүнүн өлчөмүнө жараша тандалат.Чаптоочтун узундугу бузук бөлүгүнүн узундугунан кеминде 3 м узун болушу керек.Көпчүлүк учурларда, стандарттык узундуктагы чаптоочулар (9 м) колдонулат, зарыл болгон учурда, кеңейтилген ширетилгендер колдонулат.
16) Узак-гофрленгенчаптоочудаярдамаларынын сырткы жээкжак чеги оңдоп-түзөө аралыгындагы курчап турган колоннаны ички жээкжак чегин жана анын дубалынын калыңдыгын өлчөөнүн жыйынтыгына жараша тандалат.
17) Өндүрүштүк базада жана куяга түшүрүүдөн мурун узунунан кеткен узак-гофрленген чаптоочудаярдамаларынын сырткы бетине герметиканын кабаты колдонулат.
18) Курчап турган колоннаны болотчаптоочту орнотуунун жалпы технологиясы төмөнкүдөй:
-куянын чыга беришинде дорн узунунан гофрленген түтүк менен чогултулат;
-чаптоочудаярдамалары бар дорндыСКТүтүктөргө же бургулоо түтүктөрүнө түшүрүлөт жана куядубал колоннанын бузулуу аралыгында орнотулат;
-үйлөгүчтүк линияны түшүрүлгөн колоннанын түтүгү сапка туташтыруу, цементтөөчү агрегаттын соркыскычтын жардамы менен басым түзүү жана чаптоочуну басуу;
-12 МПа ашыкча басымда 4-5 жолудан кем эмес чаптоочунудорнер башы менен тегиздейт;
-дорндыкуядан чыгарбастан,колоннаны бастырат; зарыл болсо, текшилөө кайталанат;
- дорн менен түтүктөрдүн колоннасын көтөрүп, бекитилген болжом боюнча куяларды иштетип пайдаланып жана ишке киргизишет.
19) Иштин сапаты учурдагы нускамасынын талаптарына ылайык бааланат.
§ 10.ККА (казма бет катмарын аймагы) начар цементтелген тектердин бекитүү.
46. Кендин төмөн бөлүгүнүн жанындагы аймагындагы начар цементтелген тектерди иштетип пайдаланууда кумдун чыгышы менен татаалдашкан куялар бекитүүгө тийиш.
1) Кумду тазалоо үчүн конкреттүү геологиялык жана техникалык шарттарга жараша төмөнкү техникалык каражаттар жана материалдар колдонулат:
- чыпкаларды орнотуу;
-колонна артындагы мейкиндиктигранулдуу (дандоо) материалдар же сорттолгон кум менен толтуруу;
- жылуулук жана термохимиялык ыкмалар;
-металлдоо, темирлөө;
- синтетикалык полимерлер;
-кум-чайыр кошулмалары;
- көбүкцементтер.
47. Кендин төмөнкү бөлүгүнүн жанындагы аймагын бириктирүүчү материалдардынжардамы менен бекитүү катмар кумду бириктирүү, колоннанын артындагы мейкиндикти (боштукторду) эритмелер менен толтуруу жолу менен ишке ашырылат, алар катуулангандан кийин өткөргүч катмар пайда болот.Эгерде куянын кендин төмөнкү бөлүгүнүн жанындагы аймагындакөбүктөр (казынды) бар болсо, аны бекитүүдөн мурун сорттолгон кварц куму менен толтурулат.
48. Оңдоо үчүн куяларды тандоо жана даярдоо учурдагы ЖДылайык кендин төмөнкү бөлүгүнүн жанындагы аймагын бекитүү технологиясын колдонуу менен жүргүзүлөт.
49. Даярдык иштери:
1) Тыгындалгандынаймагында температура аныкталат.
2)ϴнүмдөгү механикалык аралашмалардын курамын аныктайт.
3) ϴнүмдөгүаласасын жана суунун курамы аныкталат.
4) Тыгындооаймагында температурага жараша тиешелүү материал тандалат.
5) Куяга тыгындын эзиндилерин даярдоо жана топтоо үчүн аралаштыргыч түзүлүшү бар сыйымдуулук, А-50 же Азинмаш-43 типтеги жүк көтөрүүчү жабдуулар, ЦА-320 М типтеги цементтөөчү агрегат орнотулат.
6) Куя токтотот жана өчүрөт.
7) СКТ кендин түбүнө чейин түшүрүлүп, куянын тик бөлүгү жуулат.
8) Эгерде куяны жууп-тазалоо иш жүрүшундө өндүрүмдүү катмар аралыгында синирүү байкалса, анда колоннанын артында кумду чайкап иштеп чыгууга (кавернага) циркуляция калыбына келгенге чейин кум себилет. Кайрадан жууп тазалоо менен куянын бетинен кумдун калдыктары чыгарылат.
9) Куянын ыкчамдык касиети бар-жогун катмарга мунай же катмар суусун айдаганда текшерилет.Зарыл болгон учурда куянын ыкчамдыкты жогорулатуу боюнча чаралар өткөрүүлөт.
10) Аралаштыргыч түзүлүш менен сыйымдуулуккатыгын эзиндилерин даярдалат. Сапаттын көрсөткүчтөрүн текшерет.
11) Технологиялык иш жүрүштүнколдонуудагы ЖД ылайык ишке ашырылат.
12) Жумуштар аткарылгандан кийин дароо жана мезгил-мезгили менен айына үч жолудан кем эмес казып алынуучу өнүмдөгү механикалык аралашмалардын болушу боюнча натыйжанын узактыгын белгилейт.
§11.Куяларды иштетип пайдалануу иш жүрүшүндө кетирилген бүлүнүүлөрдү жоюу.
50. Даярдык иштери:
1) Бүлүнүүлөрдү жоюу боюнча болжом түзүлөт.Болжомдо жарылуулардын жана ачык бүрккүчтөрдүн пайда болушун болтурбоо боюнча иш-чаралар, ошондой эле жер казынасын жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-чаралар камтылат.
2) Бүлүнүүнүн кесепеттерин жоюу болжому жарылуу жана ачык бүрккүчтөрдүнболушумүмкүндүгүн эске алуу менен бүркүттүүгө каршы кызматы менен макулдашылат жана ишкананын башкы инженери тарабынан бекитилет.
3) Бекитилген болжомга ылайык бүлүнүүнү,жоюу боюнча иштер куяларды оңдоочу мастердин катышуусу менен жыйнактуу жумуштардын бригадиринин жетекчилиги астында жүргүзүлөт.
4) Бүлүнүүнүн түрүнө жараша куяга кармоочу аспаптардынжыйнактары, мөөрлөр, атайын балка, фрезер ж.б.жеткирилет.
5) Кармоочу аспапты түшүрүүдө бургулоо түтүгүнүн бардык кошулмаларымашине же автоматтык ачкычтар менен бекитилиши керек.
6) Оңдоо-каптамалоо иштерин жүргүзүүдө газ жана мунай басымы (агымдан кийин), ошондой эле өткөргүч мунай өндүрүүчү катмарларга каршы катмардын үзүлүшү мүмкүн болгон ажырооаралыгында курчап турган колоннаны тешүүгө тыюу салынат.
51. Капталган СКТүтүктөрдү жылдырууда, түтүктөргө жана жүк көтөрүүчү жабдууларга жүктөлгөн жүк жол берилген бекемдик чегинен ашпоого тийиш.Иш атайын болжомго ылайык жүргүзүлөт:
1) Жардыргыч түзүлүштөрдү (торпедалар, тутандыруучу шооналар ж.б.) колдонуу менен жабышкан аспапты бошотуу иштери геофизикалык ишкана менен макулдашылган атайын болжом боюнча жүргүзүлөт.
2) Ванналарды (мунай, кычкылдыктар, жегичтер, суу) орнотууда куядагы суюктук мамычасынын гидростатикалык басымы, анын ичинде ванна суюктугу катмар басымынан ашпоого тийиш.Эгерде катмардан ылдыйда СКТгидростатикалык басымдын төмөндөшү же азайышы ыктымалдыгы бар болсо, түтүктү артка буруу боюнча иштер атайын коопсуздук чараларын сактоо менен боштук мейкиндиги менен жүргүзүлөт.
52.Куянын сынган СКТүтүктөрүн алып салуу төмөнкү иш аракеттерди ырааттуу аткаруу менен ишке ашырылат:
- коргошун мөөрдүтүшурүп, түтүктүн сынган учунун абалы аныкталат;
- үзүлгөн бөлүгүнүн мүнөзүнө (жарылышы, жанчылышы, четтеринин оюгусу ж.б.) жараша түтүктүн учун түздөө үчүн тиешелүү конструкциядагы кармоо аспап түшүрүлөт.
53. Цементке тыгылып калган түтүктөрдү чыгаруу төмөнкүдөй ырааттуулукта жүргүзүлөт.Цементсиз түтүктөрдү бурап, көтөрүңүз.Андан кийин цементтелген түтүктөрдү түтүк же шакекче фрезермен менен бургулаптешилет.Багыты бар фрезердин узундугу 10 метрден кем болбошу керек.Түтүктөрдү фрезерлөө жана буруу куяда калган түтүктүн учу фрезерленгендей кылып жүргүзүлөт.Түтүктөрдү фрезерлөө куяны интенсивдүү жууганда жана фрезерге 10-20 кН ашык эмес октук жүктөөдө ишке ашырылышы керек.
54. Диаметри 73 мм болгон бургулоочу түтүктөр жана СКТүтүктөр тышкы түтүк кескичтер менен кесилет.Диаметри 89 жана 115 мм болгонСКТ түтүктөр ички түтүк кескичтер менен, ал эми капталанган түтүкчөлөр тартылуучу гидравликалык кескичтер менен кесилет.
55. Куядан айрым нерселерди алып чыгаруу коргошун мөөрлөрүн колдонуу менен алардын жайгашкан жеринин мүнөзүн жана жайгашкан жерин алдын ала изилдегенден кийин жүргүзүлөт.Кармоочу аспап курал катары түтүк капкандар, коңгуроолор, ички сай салгычтар, овершоттор, магниттик кескичтер жана жөргөмүш кескичтер колдонулат.Кармоочу жумуштардыжууп-тазалоо менен жүргүзүлөт.Алына турган нерселер алдын ала фрезерлешет.Эгерде,нерсеникуядан чыгаруу мүмкүн болбосо, аны фрезерлешет же майда бөлүктөргө бөлүп, кармооо шаймандары менен кармашат жана куядан алып чыгышат
56. Куядан арканды, кабельди жана зымды кайырмак, илме шибеге ж.б менен чыгырат.Куяга түшүрүлгөн кармоочу аспаптар шаймандарда чектөөлөр болушу керек, алардын диаметри курчап турган колоннанын өлчөмү үчүн шаблондун диаметринен ашпоого тийиш.
57. Бүлүнүүнү жоюу боюнча иштерди токтотуу жөнүндө чечимди Кыргыз Республикасынын геологиялык кызмат жана экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы менен макулдашуу боюнча мунайгаз казуучу ишкананын техникалык кызматы тарабынан кабыл алынат. Өзгөчө оор учурларда бул чечим ишкананын жетекчилиги тарабынан бекитилет.
§12. Башка горизонтторго которуу жана катмарларды кошуу
58. Башка горизонтторго которуу жана, мунай кендерин иштетүүнүн технологиялык түзмөктөрүнүн жана долбоорлорунун талаптарына ылайык ишке ашырылат.
59. Башка горизонтторго жана катмарларды кошуу өтүүдөн мурда, өндүрүмдүү горизонттордун мунай-суу менен каныккандыгын баалоо, жана алар менен коңшулаш суу катмарларынын ортосундагы цемент шакекчесинин абалын баалоо үчүн геофизикалык изилдөөлөр жүргүзүлөт.
60. Башка горизонтторго өтүү боюнча оңдоо иштери төмөнкү тешиктүү горизонтту ажыратып, жогорку өндүрүмдүү горизонтту тешик аркылуу ачуу же тескерисинче:
1) Төмөнкү горизонттон бир топ аралыкта (50-100 м же андан көп) жайгашкан жогорку горизонтко өтүү үчүн, төмөнкү горизонттун үстүнө цемент көпүрө орнотулган.Бул учурда бургулоочу катмар бөлгүчти алдын ала орнотуу же толуктагычтар менен цемент эзиндилерин колдонууга болот.
2) Үстүнкү горизонтко бир топ аралыкта жайгашкан төмөнкү горизонтко өтүү үчүн, оңдоо иштери үстүнкү катмарды ажыратуу технологиясын колдонуу менен жүргүзүлөт.
3) Төмөнкү горизонтко жакын жайгашкан жогорку горизонтко өтүү боюнча оңдоо иштери төмөнкү катмарларды ажыратуу технологиясын колдонуу менен жүргүзүлөт.
4) Төмөнкү тешиктүү горизонтту ажыратуу үчүн басым астында тыгындоонун, цемент көпүрөсүн орнотуунун, кайра кум менен толтуруунун жана бургулоочу катмар бөлгүчтөрдүөзүнчө же цемент көпүрөсү менен бирге орнотуу ыкмалары колдонулат.
5)Тыгындоо ыкмасынжылчыксыз цемент шакекчесинде да, цемент шакекченин жылчыксыздыгында, бирок 5 МПадан ашык оңдоодон кийин өндүрүштүк горизонтто болжомдуу өндүрүмдүүлүктүн төмөндөшү колдонулат.
6) Цемент көпүрөсүн орнотуу ыкмасы цемент шакекчеси жылчыксыздалган жана куядагы статикалык деңгээл жогору болгондо (жоготуу болбогондо) колдонулат.
7) Кум менен толтуруу ыкмасы жылчыксыздалган цемент шакекчеси, куядагы статикалык деңгээли төмөн, өндүрүштүк горизонтто оңдоп-түзөөдөн кийин 5 МПа чейин өндүрүмдүүлүктүн төмөндөшү, жана жердин жасалма төмөнкү бөлүгунүн тайыз тереңдиги (10-20 ажыратылган горизонт төмөн) болгондо колдонулат.
8) Бургулоочу катмар бөлгүчтөрдү орнотуу ыкмасы жылчыксыздалган цемент шакекчеси, статикалык деңгээли төмөн жана 5 МПа чейин оңдоодон кийин катмарды болжомдук түшүрүү менен колдонулат.
9) Төмөнкү горизонтту басым астында тыгындоо ыкмасы менен өчүрүүдө цементтик шакекчедеги жаракаларга жана катмардын тешикчелерине жеңил чыпкалануучу пластинанын ыкчамдуулугу 2 м /(ч•МПа) чейинки тыгындоочу материалдар жана ыкчамдуулугу 2 м /(ч•МПа) жогору болгон учурда цемент эритмеси жана анын модификациясы колдонулат.
10) Иштетип пайдаланылып жаткан үстүнкү горизонтко жакын жайгашкан төмөнкү горизонтко өтүү боюнча, оңдоо иштери үстүнкү катмарларды өчүрүү технологиясын колдонуу менен жүргүзүлөт:
- Үстүнкү катмарларды ажыратуу үчүн, басымды тыгындоо ыкмалары, темирчаптоочуну орнотуу жана бул ыкмалардын айкалышы колдонулат.
- Горизонттордун ортосунда жылчыксыздоолугундацемент шакекчеси болгондо жана ажыратылган горизонттун тешик аралыгында цемент шакекчесинин бузулушунун же жоктугунун белгилери пайда болгондо басымды тығындоо ыкмалары колдонулат.
-Темир чаптоочүнү орнотуу ыкмасы горизонттордун ортосундагы жылчыксыздоо цемент шакекчеси жана ажыратылган горизонттун тешүүаралыкгында цемент шакекчесинин бузулуу белгилери жок болгон шартта колдонулат.
- Ачылган горизонттун толук жылчыксыздыгын жетишүү мүмкүн болбогон учурларда, басымды жабуу ыкмаларынын жана темир чаптоонуну орнотуунун айкалышы колдонулат.
61. Төмөнкү горизонтторго өтүү үчүн үстүнкү горизонтторду ажыратууда катмардын геологиялык өзгөчөлүгүнө жараша тыгындоочу материалдар колдонулат.
§ 13. Куяларды башка максаткаколдонууга которуу
62. Куяларды бир категориядан экинчи категорияга которуу мунай кенин сарамжалдуу иштетүүнүн зарылдыгы менен шартталат.
63. Куяларды бир категориядан экинчи категорияга өткөрүү боюнча иштер технологиялык түзмөк менен жана кендерди өздөштүрүү долбоорлорунда каралган чараларды толук сактоо менен жүргүзүлөт.
64. Куяларды башка максатка колдонууга түзүлгөнбожомол боюнча иштер «Куялардытолук ондоо өткөрүүгө буйрутманын» негизинде кайра иштетүүчү цех (КТО) тарабынан түзүлгөн жана мунай жана газ чыгаруучу ишкана тарабынан бекитилген болжом боюнча жүргүзүлөт.
65. Куяларды башка максаттарга колдонууга боюнча иш болжому төмөнкүдөй баалоо иштерин камтыйт:
1) Иштетип пайдалануучу колоннанын жылчыксыздоолугун аныктоо.
2) Колоннанын артындагы цементтин көтөрүү бийиктигин жана сапатын аныктоо.
3) Колоннанын артында агымдардын болушун аныктоо.
4) Курчап турган түтүктөрдүн ички жана тышкы беттеринин дат басууга учуроо коркунучун баалоо.
5) Эгерде иштетип пайданылган колоннадааныкталса, оңдоо иштери ылайык жүргүзүлөт.
6) Басымды калыбына келтирүү ийри сызыгын эсепке алуу жана куялардын өндүрүмдүүлүгүнүн коэффициентин баалоо, ошондой эле колдонуу менен сордуруланган суюктуктун катмардын калыңдыгы боюнча бөлүштүрүлүшүнүн мүнөзү.
7) Геофизикалык ыкмасы колдонуу менен катмардын мунайга каныккандыгын баалоо.
8) Коллекторгакуяны басандатуу суюктуктун учурдагы маанисине чондуктан жарашакатмарга басымы же жакынкы үйлөөкуянын жабылышына жараша.
9) Басым астында турган катмардан катмар суюктугун алуу үчүн куяны өздөштүрүү.
66.4-пунктуна ылайык куяны өздөштүрүү төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
1) Изилдөөлөрдүн натыйжаларына жараша ККА4-пунктуна ылайык ишке ылайык иштетилет.
2) Катмар бөлгүчти дренаждоо өзүн-өзү агызу жолу менен же компрессордун, ШТСже ЭБЧСтин жардамы менен жүргүзүлөт.
3) Куянын жабдуулары (ШТС,ЭБЧС) катмардын өндүрүмдүү-лүгүнө жараша тандалат.
4) Өндүрүмдүүлүк коэффициентин жана суюктуктун агып киришинин мүнөзүн баалоо үчүн куяны изилдөө жүргүзүлөт.
67. Башка горизонттон мунай алуу үчүн куяны иштетүүдө алгач суу куюлган катмарга карата төмөнкү же жогорку катмарды изоляциялоо иштери жүргүзүлөт.
68. Жабдуулар атайын куялардын чыга беришине орнотулат, куялардын коопсуздугун жана аларга изилдөө алеттер жана жабдууларын түшүрүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу.
§ 14. Жаңы тик бөлүктөрдү кесүү
69. Колдонулуп жатканОКИилимий-изилдөө жана бар ыкмаларды колдонуу техникалык жактан мүмкүн болбогон же экономикалык жактан кирешелүүлүк болбогон учурларда жаңы тик бөлүктөр кесилет.
70. Даярдык иштери:
1) Курчап турган колоннанын коргошун мөөрдүн колдонуу менен текшерилет, анын диаметрикурчап турган колоннанын ички диаметринен 10-12 мм аз болушу керек.
2) Калыптын ачыктыгы төмөндөтүлүп, четтөөтүчтү түшүрүү мүмкүнчүлүгүн аныктоо үчүн текшерилет.Калыптын диаметри Dшжана узундугуLштөмөнкүдөй аныкталат:
Dш= Dо+10+12 мм;
Lш= Lо+300+400 мм,
кайда:
Dо – четтөөтүчтүн эң чоң диаметри, мм;
Lо – четтөөтүчтүн узундугу, мм.
3) "Терезени" кесүү аралыгын тандоо жана цемент көпүрөсүн орнотуу үчүн кошкучтарбайкагычтардын (БК) жардамы менен кошкучтар талкаланат.
4) Бийиктиги 5-6 м болгон цемент көпүрөсү анын үстүнкү бөлүгү кошкучтуташтыргычтан 0,5-1,0 м жогору жайгашкандай орнотуулат.
5) Курчап турган түтүкчөлөрүнүн дубалдарынан цементтин кабыгы алынат жана цемент көпүрөнүн орнотуу тереңдигине чейин,курчап турган колонна кайрадан калыптанат.
6) Курчап турган колоннаныжылчыксыздоолугун, түтүктөрдүн эскиришин эске алуу менен, эсептелгенден 1,5 эсе жогору басымда текшерилет.
7) Четтетүүчүнү бургулоо түтүктөрү менен 0,2 м/с ашык эмес ылдамдыкта түшүрүлөт. Бургулоо түтүктөрүн четтетүүчү менен туташтыруу түшүрүлүүчүшынаа аркылуу ишке ашырылат.Четтетүүчү көпүрөнүн башына түшүшү масса индикаторунун көрсөткүчтөрүнө (2-3 бөлүм) ылайык башкарылат.30-40 кН октук жүк менен астыңкы жупбуроочту кесип, кыймылдуу келте түтүктү жетектөөчү түтүк боюнча жылдырат.Октук жүктү 100 кНге чейин көбөйтүү менен, үстүнкү буроолор кесилип, түшүрүлүүчү шынаа бошотулат жана көтөрүлөт.
71. Курчап турган колоннада"терезени" кесүү технологиясы:
1) Катуу эритме менен бекемделген райбер бургулоо түтүктөрүнө түшүрүлөт.Райбердын диаметри ачыла турган "терезенин" аралыгында курчап турган колоннада ички диаметринен 10-15 мм азыраак болуп тандалат.
2) Колоннаны бургулоочу аспапты 45-80 айл/мин ылдамдыкта айлантып жатканда, четтетүчүн жантайган бети боюнча бир эле убакта райберду берүү менен кесилет.Соркыскычтун өндүрүмдүүлүгү 10 л/с кем эмес болбоого тийиш..Райбергалооиш жүрүшүндө октук жүктүн маанисин бара-бара 5 кН дан, райбер иштеп жаткан мезгилде, "терезе" ачылганда 50 кНге чейин жогорулатуу керек, ал эми райберколоннадан чыкканда, бул көрсөткүч 10-20 кН чейин кыскарган.
3) “Терезе" кесилгенде оптималдуу октук жүк райбердин диаметрине жараша тандалат жана ал 2 мм райбердин диаметри үчүн 100 кН болушу керек.
4) Курчап турган колоннада "терезенин" толук ачылышы масса индикаторунун жана манифольдын линиясында орнотулган манометрдин көрсөткүчтөрү менен бааланат (басым кескин жогорулайт).
5) Экинчи тик бөлүктү бургулоо жумушчу түтүктүн узундугуна барабар тереңдикке кыскартылган октук жүктө жүргүзүлөт.
72. Андан ары бургулоо ушул геологиялык казындык боюнча кабыл алынган чечимге ылайык жүргүзүлөт.
§ 15.Мунай чыгарууну тездетүүчү боюнча иш.
Казма бет катмарынын аймагын иштетүү (КАИ).
73. Жалпы жоболор:
1) КАИмунай кендердин (кен катмары) өздөштүрүүнүн бардык этаптарында өндүрүштүн өндүрүмдүүлүгүн жана үйлөөчүкуялардын ыкчамдылык жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында ККА(казма бет катмарын аймагы) чыпкалоо мүнөздөмөлөрүн калыбына келтирүү жана жогорулатуу үчүн жүргүзүлөт.
2) КАИ ыкмасын тандоо,куялардын төмөн өндүрүмдүүлүгүнүн себептерин изилдөөгө негизделген, катмар тектеринин жана аларды каныктыруучу суюктуктардын физикалык-химиялык касиеттерин, ошондой эле ККА (ЖД (1))чыпкалоо өзгөчөлүктөрүнбаалоо үчүн атайын гидродинамикалык жана геофизикалык изилдөөлөрдүн негизиндекалыбына келтирүү жүргүзүлөт.
3) КАИизилдөөлөр менен тастыкталган өндүрүштүк колоннанын жана цемент шакекчесинин жылчыксыздоолугун эске алуу менен техникалык жактан негизделген куяларда гана жүргүзүлөт (2-бөлүктү караңыз).
4) ККА таасири боюнча, иштердин технологиясын жана мезгилдүүлүгүн, технико-экономикалык натыйжалуулугун эске алуу менен, кенди иштетүү долбооруна, КАИүн айрым түрлөрү боюнча колдонуудагы нускамаларга ылайык мунай жана газ өндүрүү ишканасынын геологиялык жана технологиялык кызматтары тарабынан негизделет.
5) ККА бир жолу жана көп жолу таасир этиш төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
- калыңдыгы 10 мге чейин тешик устуну менен, бөлүнбөгөн бир тектүү катмарларда; ылгап алуунун (үйлөөгүүдө) камтуу коэффициенти 0,5тен жогору болгондо, бир жолу таасир этет;
- бардык катмарлар тандоо (үйлөөгүүдө) менен камтылбаган жана жабуу коэффициенти 0,5тен аз болгон учурларда, убактылуу бөгөттөлгөн (обочолоонгон) материалдарды же жабдууларды, колдонуу менен көп жолу (аралык) таасирлер жүргүзүлөт.
6) Куяны тазалоонун бардык түрлөрүнө даярдык иштерин жүргүзүү милдеттүү болуп саналат, жана зарыл болгон жабдууларды жана шаймандарды камсыз кылууну, ошондой эле куянын тик бөлүгүн, казма бет аймакты кайра иштетүүгө даярдоону камтыйт.Жер астындагы жабдуулар казма бет аймагыништетүү боюнча, жумуштарды камсыз кылбаган куяларда, мисалы, тереңдик соркыскыч менен жабдылган куяларда, жер астындагы жабдуулар көтөрүлүп, түтүктөрдүн линиясы, ошондой эле башка зарыл жабдуулар түшүрүлөт.
7) КАИ кийин,куялар КАИга чейинки куяларды изилдөөтартипбине ылайык келген шарттамасында (депрессияларда) туруктуулуу жана туруксуз тандоо алуу ыкмаларын колдонуу менен каралат.
8) Куянын чыпкасын жана казма бет катмарын аймагын ар кандай булгоочу заттардан тазалоо үчүн, себептерге жана геология-техникалык шарттарга жараша төмөнкүдөй технологиялык иш аракеттер жүргүзүлөт:
- кычкылдуу ванналар;
- көбүк же беткатмар-активдүү заттын эритмеси менен жуу;
- гидроимпульстук таасир (өзгөрмө басым ыкмасы);
- чубуртмалык соркыскычтун жардамы менен катмарга башкарылуучу өндүрүмдүүлүктүн төмөндөшүн түзүү аркылуу болжомдук таасир көрсөтүү;
- көбүктутумдарды колдонуу менен көп циклдык тазалоо;
- гидроимпульстук соркыскычтун жардамы менен ККАна таасир кылуу;
- КАИ менен өзүнгенерациялоочуукөбүктүк тутумдарды (ӨГКТ) пайдалануу ;
- эриткичтерди (бутилбензол фракциясы, туруктуу керосин ж.б.) колдонуу менен ККАнын таасири.
74. Кычкылдыктуу менен иштетүү:
1) Негизинен кальцит, доломит жана көмүр кычкылынын башка туздарынан турган карбонаттык коллекторлару, ошондой эле карбонаттын курамы жогору болгон (10%дан ашык) терригендик коллекторлорду тазалоо үчүн туз кычкылдыгы колдонулат. Сульфамин жана уксус кычкылын колдонууга жол берилет.
2) Чөкмө түзүүчү кошулмалар (сульфаттар, темир бирикмелери ж. б.) жок карбонаттык коллекторлар туз кычкылдыгын 10-16% суудагы эритмеси менен иштетилет.
3) Чөкмө түзүүчү кошулмаларды камтыган коллекторлор, уксус (10% масса) же сульфаминдик (10% масса) кычкылдыктары менен иштетилет.
4) Курамында темир кошулмалары бар карбонаттык коллекторларды тазалоодо туз кычкылдыгын колдонууда эритмеде чөкмөөнү алдын ала сактоо үчүн, кошумча түрдө уксус (3-5 масса %) же лимон (2-3 масса %) кычкылдыктар киргизилет.
5) Жарылган жана жарылган тешикчелүү коллекторлордо терең (багыттоо боюнда) тазалоо үчүн, туз кычкылдыгын негизиндеги курамалар, дисперстик системдер, мисалы эмульсиялар жана карбонаттар менен жай аракеттенүүчү коюу эритмелер колдонулат:
- кычкылдык көбүгү жана мунай-кычкылдык эмульсиясын даярдоо үчүн үстүртөн - активдүү заттарды (сульфонол, ОП-10 ж.б.) жана туруктооч (КМЦ ж.б.) колдонулат;
- коюлтулган кычкылдыкты даярдоо үчүн туз кычкылдыктын эритмесине (сал. 12ден 15%ке чейин) КМЦ же сульфит-спирттүүжылчыктоочты (сал. 0,5-3,0%) кошулат.
6) Температурасы 100дөн 170°Сге чейинки куялардагы карбонаттык коллекторларды тазалоо 0,5тен 1%ке чейинки топтолгон чондук атайын эмульгатор (диаминдиолеат, биринчи аминдер, алкиламиддер) бар гидрофоб кычкылдыктын эмульсиясын колдонуу менен жүргүзүлөт.
7) Кычкылдыктын эритмесинин көлөмү жана анын катмарда кармалуу убактысы, таасирдин түрүнө, колдонулуучу курамынын сезгичи жана геолого-техникалык шарттарга (калыңдыгы, көзөнөктүүлүгү, өткөргүчтүк, куя түбүнүн температурасы, катмардын басымы) жараша 5-тизмектен тандалат.
8) Карбонаттын курамы 10%тен аз болгон терригендик суу сактагычтарды тазалоо үчүн, ошондой эле булганган ККАда туздуу (салмагы 10%тен 12%ке чейин) жана плавик (масс 3төн 5%ке чейин) кычкылдыктар даярдалган, чопо-кычкылдыктуу эритмелери колдонулат. Плавик кычкылдыктын ордуна кристаллдык аммоний бифторидиди колдонуу алгылыктуу.Чопо-кычкылдыктуу тазалоодо эритменин көлөмү катмар тектеринин бузулушуна жол бербөө шартынын негизинде тандалат.Алгачкы тазалоодо тешууга дуушар болгон катмардын калыңдыгынын 1 м үчүн 0,3-0,4 м3 эритме колдонулат.
9) Ангидриттер менен камтылган коллекторларды тазалоо үчүн, натрий нитраты 6дан 10%ке чейинки салмактагы кошумчалары бар, туз кычкылдыктуу эритмелери колдонулат.
10) Кычкылдык иштетүүлөрдү жүргүзүүдө бардык учурларда эритменин курамына куяларды жана мунай иштетүү жабдууларын кычкылдык иштетүүдөгү дат басуудан коргоо талаптарына ылайык дат басуунун ингибитору киргизилет.
5-тизмек
КАИүчүн кычкылдыктын көлөмү катмар-коллекторөтүмдүүлүгүү жана иштетүү санына жараша
Иштетүү саны | Кычкылдыктын көлөмү, м3 (ачык катмардын калындыгынын 1 м үчүн 15% концентрациясына негизделген) | ||
Коллектордун түрү | |||
тешиктүү | жаракагатуруктуулук | ||
Азөткөрүмдүүлүк | Өтөкөп өткөргүч | ||
Бир | 0,4 – 0,6 | 0,6 – 1,0 | 0,6 – 0,8 |
Эки же андан көп | 0,6 – 1,6 | 1,0 – 1,5 | 1,0 – 1,5 |
Эскертүү.
1. Кычкылдыктуу эритмесин кармоонун узактыгы пайда болуу катмар температурасына жараша болот.30°Сге чейинки температурада – 2 саат, 30дан 60°Сге чейин – 1ден 1,5 саатка чейин.
2. 60°С жогору температурада кычкылдыктуу эритмесинин катмарда кармалуу убактысы жөнгө салынбайт, жана кычкылдыгы толук нейтралдаштыруу (активдүүлүгүн жоготуу) убактысына жараша болот.
11) Термохимиялык жана термокычкыл менен иштетүү коллекторлордо 15тен 40°Сге чейинки температуралык аралыкта жүргүзүлөт.
12) Термохимиялык тазалоо туз кычкылдыктар жана магнийди же анын кээ бир эритмелерин (МЛ-1, МА-1 ж.б.) колдонуу менен жүргүзүлөт.
13) Термокычкылдыктарменен тазалоо ККАбиргелештиктаасир түрүндө, ал басым астында термохимиялык жана кадимки кычкылдыктуу менен иштетүүжүргүзүлөт.
14) Кычкылдыктар менен тазалоо учун «Азинмаш-30» түрундөгүатайын соркыскычтук агрегат колдонулат.Кычкылдыктар гуммироваланган4ЦР, 3ЦР же ЦР-20 автоцистерналарында ташылат.
75. Гидрокумчубуртмалыктешүү.
1) Гидрокумчубуртмалык тешүүнү (ГКЧТ) өтүмдүүлүгү боюнча бир тектүү да, турпатташ эмес да тыгыз коллекторды ачууда, гидравликалык жаракалар (ГЖ) алдында, берилген катмар аралыгында жаракаларды пайда кылуу, ошондой эле оңдоо иштеринде куядагы түтүктөрдү кесүүдө колдонулат.
2) Катмар тарабынан суюктукту сиңирүү шарттарында ГКЧТ жүргүзүүгө жол берилбейт.
3) ГКЧТтин эки түрү бар - чекиттүү жана жылчыктуу. ЧекиттүүГКЧТ менен кыймылсыздык тешкич менен канал түзүлөт. Жылчыктуу ГКЧТтешүүчү түзүлүштүн кыймылы учурунда жүргүзүлөт.
4) ГКЧТ профили жана тыгыздыгы геолого-пайдаланып иштетүүнүнмүнөздөмөсүнө жараша аныкталат.
5) ГКЧТы жүргүзүүдө төмөнкүлөр колдонулат: тешкичтер, СКТ, соркыскычтык агрегаттар, кум аралаштыргычтар, суюктуктар үчүн идиштер, жылчык тыгын чыгырык же превентор, ошондой эле алып жүрүүчү суюктук жана кварц куму.
6) Суюктукту-ташуучу катары газсыздандырылган мунай, туз кычкылдыктын 5-6% эритмеси, беткатмар-активдүү заттар кошулган суу (туз же жаңы), коллекторды булгабаган жуугуч эритмеси колдонулат.Өндүрүмсүз катмар аралыгында иштегенде таза суу же жуугуч суюктук колдонулат. Суюктукту-ташуучу кумдун топтолгон чондук 50дөн 100 г/лге чейин болушу керек.
7) Иш жүрүштүн узактыгы чекиттүү ачылышы үчүн 15 мүнөт, жылчыктуу ачылышы үчүн - максаттуу узундуктун ар бир сантиметри үчүн 2-3 мүнөттөн ашык эмес.
8) Чоргоодогу суюктуктун басымынын төмөндөшү (СКТүтүктөр сүрүлүү жоготууларын эсепке албаганда) саналат:
-чоргоонун диаметри 6 мм менен - 10дон 12 МПага чейин;
- чоргоонун диаметри 4,5 мм менен - 18ден 20 МПага чейин.
9) ГКЧТиш жүрүшү СКТүтүк ылдыйдан жогоруга жылганда ишке ашырылат.
10) Күтүлбөгөн узак өчүрүүлөр болгон учурда куяны тез арада тескери айланууда куяны дароо жууш керек.
11) ГКЧТдан кийин кайра жууганда топчолуу сарпбашкаргыч жуулат, куядан кум толук чыкканга чейин казма бетке чейин жуулат, тешкичти көтөрөт, куя иштетүү жана пайдалануу үчүн жабдуулайт.Тешкичти көтөрбөстөн бүрккүчтүк куяларды өздөштүрүүгө жол берилет.
76. Титиретип иштеттүү
1) Титиретипиштеттүү, булганган ККА бар куяларда жүргүзүлөт; чопо минералдарын камтыган аз өткөргүч тектерден түзүлгөн суу сактагычтарда;литологиялык жактан турпатташ эмес коллектоторда өткөргүчтүгү аз катмарларга таасири менен; химиялык тазалоо алдында; гидравликалык жардыруудан (ГЖ) же казма бет катмарын аймагына (ККА) таасир этүүнүн башка ыкмаларынан мурда.
2) Мунай-суунун тийиме жакын жайгашкан куяларда катмар суюктукту ургалдуулук сиңирүүчү куяларда, катмардын төмөнкү басымдарында титирөө тазалоону жүргүзүүгө тыюу салынат.
3) Технологиялык иш аракетти жүргүзүү үчүн СКТүтүктөгү иштетилген аралыкта ГВГ типтеги гидравликалык агым жөндөгүчтүүтитиреткич түшүрүлөт.40 МПа жогору термеле баштаганда басымда катмар бөлгүч колдонулат.
4) Гидравликалык сокку чоңдугу жумушчу суюктуктун агымынын ылдамдыгына жана анын агымын тосуу убактысына жараша аныкталат.
5) Жумушчу суюктук катары мунай, туз-кычкылдыктуу эритмеси, каныккан керосин жана алардын аралашмалары колдонулат.
6) Кычкылдыктарын жана керосиндин өлчөмү ачык катмардын калыңдыгынын 1 м үчүн 2-3 м3 эсебинде аныкталат.
77. Жылуулук менен иштетүү.
1) ККАынжылуулук менен иштетүү оор парафиндик майлары бар коллекторлордо парафиндин кристаллдашуу температурасына жакын же андан төмөн катмардык температурада жүргүзүлөт.
2) Жылуулук менен иштетүүдө коллекторга жылуулук берүү жүзөгө ашырылат: куяда жайгашкан жылуулук булагынан тоо тектин скелети жана каныккан суюктук аркылуу жылуулук берүү жолу менен (өткөргүч жылытуу ыкмасы);катмарга эрксизжылуулук-ташыгыч куюунун эсебинен коллектор аркылуу шыкап чогултуу жылуулук берүү менен (термикалык буу менен иштетүү).
3) Жылуулук менен иштетүү ыкмасын тандоо конкреттүү геологиялык жана талаа шарттарына жараша жүзөгө ашырылат:
- индуктивдүү жылытуу ыкмасы терең электр жылыткычтарды колдонуу менен жүргүзүлөт.Жылытуу температурасы мунайдын кокстоо чекитинен төмөн болушу керек.Мезгил-мезгили менен термикалык иштетүүдө өндүрүш жабдууларын куядан чыгаргандан кийин терең электр жылыткыч кабель боюнча, өндүрүмдүү катмардын аралыгына түшүрүлөт жана 3-7 күн жылытылат.Куяны жылуулук менен иштетүүдөн кийин, ишке киргизүүнүн узактыгы 7 сааттан ашпоого тийиш;
- турактуу электротермикалык иштетүүдө, жер астындагы жабдуулар менен бирге чыпка аралыкка туруктуу электржылыткыч орнотулат, анын жардамы менен жылытуу үзгүлтүксүз же берилген иш тартиби боюнча жүргүзүлөт;
- термикалык буу менен иштетүүдө ППГУ-4/120 турактуу же көчмө буугенераторлорунун жардамы менен каныккан буу менен жылытылат.Термикалык буу менен иштетүү тереңдиги 1000 мден ашпаган куяларда 50 мПа.с ашык катмар шартында илешкектүүлүгү бар мунай камтыган катмарларда жүргүзүлөт.Иш жүргүзүүнүн алдында,куя токтотулуп, иштетип пайдалануучу жабдуулар алынып, иштетип пайдалануучу колоннанынжылчыксыздоолугун текшерилет.Бууну шыкап толтуруу 10-20 м радиуста буу чөлкөмү пайда боло тургандай түрдө жүргүзүлөт.Андан кийин куя жылчыксыздайт, 2-3 күн кармалат.
78.Окдарылык газ басымынын таасири:
1) Окдарылык газдардын ККАна тийгизген таасири,азөтүмдүүлүктүү(кумдуктар, акиташ теги, доломиттери 0,10дон 0,05 мкм2же андан аз өткөрүмдүүлүктөгү) коллекторлордо, жаракаларды бекитпестен, катмарды ажыратуу жолу менен ишке ашырылат.Алевролиттерден, чопо аралык катмарлары бар жогорку чополуу кумдуктардан, акиташ тектери бар алевролиттерден, ошондой эле кумдардан жана начар цементтелген кумдуктардан түзүлгөн коллектордо көрсөтүлгөн ыкма менен ажыратууну жүргүзүүгө жол берилбейт.
2) Технологиялык иш жүрүшAСГкорпустуктүрүндөгүокдарылык генераторлорунун же жылчыксыздыктүрүндөгүПГДБK жана жылчыксыздык эмес түрүндөAДСтин жардамы менен ишке ашырылат.
3) AСГ 105 К аппараттар 80°Сге чейинки температурада жана 1,5тен 35 МПага чейинки гидростатикалык басымда диаметри 122 мм минималдуу капталганкуяларда колдонулат.
4) ПГДБK түрүндөгүаппараттар 200°Сге чейинки температурада жана гидростатикалык басымда 100МПа чейинки, диаметри 118ден 130 ммге чейинки курчап турган колоннада, AДСтүрүндөгү - тиешелүүлүгүнө жараша 100 °С жана 35 МПа чейин колдонулат.ПГД БК үчүн минималдуу гидростатикалык басым 10 МПа, AДС үчүн - 3 МПа.
5) ПГД БК типтеги генераторлордун түшүүсү жана көтөрүлүшү зооттолгон каротаждык кабелде суюктукта 1 м/с жана газ-суюк чөйрөдө 0,5 м/с ашык эмес ылдамдыкта жүргүзүлөт.
6) Технологиялык иш жүргүзүүдө куянын чыга беришинде тешиктүү жылдырма тээк менен же бүрккүчарматура менен, кээ бир учурларда майлоочу алет менен жабдылат.Куяныкалыптайт. Кабелдин узундугу алмаштырылат жана каротажды колдонуу менен байланат.Гидростатикалык басым жана казма беттүн температурасы өлчөнөт.Басым генераторун таасир этүүчү аралыкка карама-каршы, же ага жакын жерге орнотулат.Эгерде тазалоо аралыгы торпеддалоо жолу менен ачылса, басым генератору тешүүчөлкөм үстүнө 1 м аралыкта орнотулат.
7) Генераторду берилген тереңдикке түшүргөндөн кийин, каротаждык кабель куянын чыга беришине бекитилет.
8) Окдарылык дүрмөтүн күйүшү, кабелдин тартылышы, суюктуктун чыгышы же үн натыйжа аркылуу аныкталат.
9) Катмардын калыңдыгы 20 мден ашканда, окдарылыктардындүрмөтү бир нече жолу күйөт.
10) Бир нече аралык катмарлардан турган коллекторга таасир этүүдө,аралык жана ырааттуу, ылдыйдан жогоруга таасири айрым катмарларга алдын ала ачылгандан кийин колдонулат.
11) Куяда түзүлгөн эң чоң басымды каттоо алуу үчүн,кабелдин башынын жанындагы кабелге бекитилүүчү кремердик алет колдонулат.
79. Катмардын гидравликалык жаракалары(КГЖ):
1) Катмардын гидравликалык жаракалары(КГЖ) жыш, өткөргүчтүгү төмөн коллекторга, ошондой эле ККАгын булгануунун чоң радиусу болгондо таасир этүүдө колдонулат..Мында катмардын геологиялык мүнөздөмөлөрүнө жана кендерди иштетүү тутумуна жараша белгиленген узундуктагы бекитилген жаракалардын тутумдары түзүлөт: 10дон 30-50 метрге чейин.
2) 50-10 мкм2 кем өткөргүчтүү суу сактагычтарда кененирээк жаракаларды түзүү менен терең өтүүчү гидравликалык жарака (ТГГЖ) жүргүзүлөт.
3) Гидрожараканын иш жүрүшүнүн натыйжалуулугун камсыз кылуу үчүн, материалды тандоодон мурун, куянын дренаждык аймагынын радиусун жана үйлөөкуялардын жакындыгын эске алуу менен, катмардын өткөрүмдүүлүгүнө жараша жараканын оптималдуу узундугун аныктоо керек. Теориялык көз карандылыгы жараканын оптималдуу жарым узундугу L (куядан жараканын чокусуна чейинки аралык) катмардын өткөрүмдүүлүгү- k, 6-тизмекте берилген. Туура тандап жатканда L, куянын дренаждык аймагынын радиусун жана үйлөө куялардын жакындыгын эске алуу керек. Жакынкы үйлөө куяга чейинки аралык 500 метрден кем болбошу керек. Lоптималдуу чоңдугу куянын дренаждык аймагынан ашпашы керек.
4) Калыңдыгы 30мден ашкан коллекторлордо гидравликалык жаракалоо иш жүрүшүаралык гидравликалык жаракаГЖ технологиясын колдонуу менен жүргүзүлөт.
5) Көп катмарлуу кендерди биргелешип иштетип пайдаланууда,куяларда, айрым объектилерге таасир этүү максатында селективдүүГЖ колдонулат.
6) Гидравликалык жаракалардын ГЖнатыйжалуугун жогорулатуу максатындажылчыктуугидрокумчубуртмалык тешуу (ГКЧТ)алдын алажүргүзүлөт.
7) ТУ 39-982-94 боюнча фракцияланган кум 2400 мге чейинки тереңдикте жаракаларды бекитүүчү материал катары, 2400 мден жогору ТУ 39-014700-02-92 боюнча - жасалма орто бекемдиктеги жана жогорку бекемдиктеги ТУ 39-1565-91, пропанттарды колдонот.
8) Гидравликалык жарака иш жүргүзүү үчүн, сууга жана көмүр суутектери негизделген технологиялык суюктуктар колдонулат.Полимерлердик суулуу жана көмур суутектертутумдардын курамы, касиеттери, касиеттерин көзөмөлдөө жана жөнгө салуу ыкмалары, аларды даярдоонун жана колдонуунун технологиялары, гидравликалык жарака жараянын жүргүзүү үчүн эсептөө материалдары жөнүндө маалымат ТϴГЖ (тереңөтүүчү гидравликалык жарака)иш жүргүзүү боюнча колдонмодо келтирилген (10).
6 - тизмек
Оптималдуу жараканын жарым узундугунун катмардын өткөрүмдүүлүгүнө көз карандылыгы
k10,мкм | 100 | 10 | 1 | 0,5 | 0,1 | 0,05 |
L,м | 40-65 | 50-90 | 100-190 | 135-250 | 250-415 | 320-500 |
9) Жардыруучу суюктуктун түрү катмардын шарттарына (литология, температура, басым ж.б.) ылайык жүргүзүлөт.Бул тандалып алынган суюктуктун катмар матрицасы жана катмар суюктуктары менен шайкештигин эске алат.Эгерде катмар сууга сезгич чополорду камтыса, анда көмүртектүү суюктукту колдонуу зарыл.Мындан тышкары, мындай суюктуктар аз сүзүлүү коэффициентине ээ жана узак жаракаларды жаратууга жөндөмдүү.
10) Гидравликалык катмардын жаракалар(ГЖК) үчүн технологиялык суюктуктар төмөнкү негизги талаптарга жооп бериши керек:
- суюктуктун минималдуу чыгымдалышы менен чоң жаракалардын пайда болушун камсыз кылуу;
- илешкектүүлүк кумдун (пропанттын) жогорку көтөргүлүк жөндөмдүүлүгүн камсыз кылууга тийиш, желими шынаатекзатты ташуу жана гидравликалык жаракага бир калыпта жайгаштыруу жана берилген жарака тешигин түзүү үчүн жетиштүү;
- конкреттүү геолого-техникалык шарттарда суюктуктун максималдуу мүмкүн болгон куюу ылдамдыгын камсыз кылуу үчүн, аз гидравликалык каршылыкка жана жетишерлик жылышуу туруктуулугуна ээ болууга;
- тазаланган катмар аймагын өткөрүмдүүлүгүн төмөндөтпөөгө;
-жүктөө учурунда суюктук тутумун жогорку туруктуулугуна ээ;
- иштин жүрушүнөн кийин катмардан чыгаруу оңой;
-өткөргүчтүктү төмөндөтүүчү жана гидравликалык жаракалардагы желими шынаазаттардын туура бөлүштүрүлүшүн түзбөгөн, эрибеген катуу чөкмө түзбөстөн, катмардын шарттарында жок кылынуучу башкарылуучу жөндөмгө ээ.
11) Гидравликалык жарака иш жүрүштүкөзөмөл жүргүзүүнүн, негизги технологиялыкөлчөммүнөздөгүчү -жүктөөнүн ылдамдыгы жана көлөмү, куйма басым, суспензиядагы кумдун (пропанттын) топтолуусу болушу керек.
12) Жалпысынан алганда, ТϴГЖ жүргүзүү үчүнсуюктукту колдонуу технологиясы КГЖүчүн колдонулган технологиядан айырмаланбайт.Жумуш учурунда колдонулган жабдууларга цементтөөчү агрегаттар (ЦА-320М, ЦА-400, АН-700), кум аралаштыргыч агрегаттар (4ПA, УСП-50), манифольдук кошоктор(IБM-700, IБM-700С),цистерналар кирет.Терең отүүчү гидравликалык жарака (ТϴГЖ)чыгаруүчүн технологиялык жабдууларды жайгаштыруунун жана түтүктөрдүн схемалары [10]-бөлүмдө келтирилген.
13) Даярдоо иш аракеттен кийин, анын ичинде катмар бөлгүчтү түшүрүү жана отургузуу, арматураларды орнотуу, технологиялык суюктуктар жана желими шынаа агент жеткирилет, жер үстүндөгү жабдуулар орнотулат, ошондой эле бардык өткөргүчтүтүктөр жана катмар бөлгүч текшерилет. Иш жүрүштүбаштоонун алдында, суюктуктардын технологиялык касиеттерин көзөмөл жүргүзүлөт.
14) Суу негизиндеги тутуму ар кандай идиште даярдалышы мүмкүн.Көмүр суутек тутумдарын даярдоо үчүн контейнерлер коопсуздук максатында, жана жаан-чачындын ичине киришине жол бербөө үчүн жабык болушу керек.Кышында контейнерлер жылытуу тутумусы менен жабдылышы керек.
15) Куянын куймасынжабуудан кийин, үйлөөөткөргүч түтүкгө бекемдик коэффициенти менен гидравликалык жаракалар учурунда күтүлгөн басымга чейин басым жасалат:
Жумушчу басым, МПа< 20 20 - 56 56 – 65 > 65
Бекемдик камкоэффициенти 1,5 1,4 1,3 1,25