Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 8-август №9-8
2025-жылдын 4-апрелиндеги №6-4 “Ат-Башы айыл аймагындагы ээси жок
ирригациялык системаларды жана каналдарды Ат-Башы райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү” токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынынын айыл өкмөтүнүн жер, айыл чарбасы жана жайыт маселелери боюнча башкы адиси Р. Мүсүралиевдин берген сунушун угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2025-жылдын 4-апрелиндеги №6-4 токтомунун темасындагы «Ат-Башы райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө» деген сөздөр «муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө» деп өзгөртүлсүн;
2. Токтомдун 1-пунктундагы «Ат-Башы райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин» деген сөздөрдүн ордуна «муниципалдык менчикке алууга макулдук берилсин» деген сөздөр жазылсын;
3. Токтомдун 1-пункту төмөнкүдөй жаңы 20-пункча менен толукталсын: «20) Кайырма-1 каналы узундугу 3,11 км жана суу бөлүштүрүүчү курулмасы».
Тѳрага | У. Мелис уулу |
|
|