Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин 2025-жылдын 28-октябрындагы № 10-1/286 буйругу менен бекитилген 1-тиркеме Кыртышка агрохимиялык изилдөө жүргүзүү жана жер участокторуна агрохимиялык паспорт берүү жөнүндө ЖОБО
1 - глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо кыртыштын негизги азык элементтери менен камсыздалышын жана айыл чарба жерлеринин химиялык өнүгүү шарттарын изилдөө, кыртышты изилдөөлөрдүн натыйжаларын, кыртыштын күрдүүлүгүнүн абалына жана анын табигый түзүмүнө мониторинг жүргүзүүнү эске алуу менен кыртыштын сапатынын начарлап кетишинин алдын алуу, жер семирткичтерди туура колдонуу үчүн зарыл болгон агрохимиялык картограммаларды түзүү максатында иштелип чыккан жана кыртышка агрохимиялык изилдөө жүргүзүү жана жер участокторуна агрохимиялык паспортун берүү тартибин аныктайт. Кыртышка агрохимиялык изилдөө жүргүзүү жер семирткичтеринин абалынын көрсөткүчтөрүн мамлекеттик эсепке алуу үчүн айыл чарба багытындагы жерлердин күрдүүлүгүнө мониторинг жүргүзүүнүн алкагында жүргүзүлөт жана жер кыртышынын күрдүүлүгүн сактоону жана кайра өндүрүүнү көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берүүчү зарыл иш-чара болуп саналат, жер семирткичтерди натыйжалуу пайдаланууда айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө ар тараптуу агрохимиялык маалымат менен камсыз кылууга жардам берет. 2. Менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан бардык айдоо жерлер, көп жылдык мөмө-жемиш бактары жана чабындылар кыртышты агрохимиялык изилдөө объектилери болуп саналат. Кыртышка агрохимиялык изилдөө жүргүзүү жана жер участокторуна агрохимиялык паспортторду берүүнү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы жүргүзөт (мындан ары - Ыйгарым укуктуу орган). 2 - глава. Ушул Жободо колдонулган түшүнүктөр: 4. Ушул Жободо колдонулган түшүнүктөр: агрохимиялык изилдөө - кыртыштагы өсүмдүктөргө керектүү болгон минералдык азык элементтеринин, гумустун курамын аныктоо; агрохимиялык картограмма - кыртыштын өсүмдүктөр үчүн сиңимдүү азык элементтери менен камсыз болуу даражасын түстүү түрдө көрсөткөн карта; жер участогунун агрохимиялык паспорту - кыртыштын агрохимиялык мүнөздөмөлөрүн камтыган документ; кыртыштын геомаалыматтык системасы - маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу, талдоо, моделдөө жана көрсөтүү, ошондой эле санариптик картографиялык, аналогдук жана тексттик маалыматты пайдалануу менен маалыматтык-эсептөө маселелерин чечүү үчүн арналган автоматташтырылган система; жер участогу - мыйзамда белгиленген тартипте жер мамилелеринин субъекттерине бекитилип берилген, жабык чек араларда бөлүнгөн жердин бир бөлүгү; жерге жайгаштыруу планы - жердин курамы жана аянты жөнүндө маалыматтарды камтыган, жерди пайдалануунун мейкиндик абалын жана өлчөмү жөнүндө визуалдык көрсөтүүнү камсыз кылуучу, жерди пайдалануу боюнча картографиялык документ; изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн планы - административдик райондор жана айыл аймактары боюнча иштерди жүргүзүүнүн ырааттуулугу; изилдөөнүн ырааттуулугу – агрохимиялык изилдөөлөрдүн турларынын ортосундагы убакыт аралыгы; гумус – чиринди, органикалык, адатта кара түстөгү, өсүмдүк жана жаныбарлардын калдыктарынын биохимиялык өзгөрүүсүнүн натыйжасында пайда болгон кыртыштын бөлүгү; айдоо жерлери - айыл чарба өсүмдүктөрү өстүрүлгөн жерлер; |