Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин 2025-жылдын 28-октябрындагы № 10-1/286 буйругу менен бекитилген 2-тиркеме Кыртышка агрохимиялык изилдөө жүргүзүү жана жер участокторуна агрохимиялык паспорт берүү боюнча МЕТОДИКАЛЫК КӨРСӨТМӨЛӨР
1. Жалпы жоболор
1. Методикалык көрсөтмөлөр жерди пайдалануучуну өсүмдүктөрдүн кыймылдуу азык элементтеринин курамы боюнча маалымат менен камсыз кылуучу, кыртышты агрохимиялык изилдөө боюнча иштерди аткаруу үчүн колдонмо болуп саналат, атап айтканда жеңил гидролизденүүчү азот, алмашуучу калий, кыймылдуу фосфор, гумус, ошондой эле чарба жүргүзүү шарттарын эске алуу менен кыртыштын күрдүүлүгүн сактоо жана кайра калыбына келтирүү максатында химиялаштыруу каражаттарын натыйжалуу пайдалануу боюнча сунуштарды берет. 2. Агрохимиялык изилдөөлөрдү өз убагында жүргүзүү жер пайдалануучуларга кыртыштын курамындагы азык элементтеринин оптималдуу болушун контролдоого, чарбада өстүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүнөн пландуу жана сапаттуу түшүм алууга мүмкүндүк берет.
2. Агрохимиялык текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн шарттары жана тартиби3. Кыртышты агрохимиялык изилдөө кыртыштын асылдуулугунун көрсөткүчтөрүн аныктоо үчүн жүргүзүлөт. Мында жер участокторунун менчик ээлери жана (же) жерди пайдалануучулар кыртышты агрохимиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн жер участокторуна жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга милдеттүү. 4. Кыртыштын асылдуулугунун көрсөткүчтөрү төмөнкүлөрдү камтыйт:
5. Химиялык анализдер мамлекеттик стандарттарга ылайык ушул Методиканын 4-тиркемесине ылайык жүргүзүлөт. 6. Айдоо катмарында гумустун, кыймылдуу фосфордун орточо салмактагы курамы, алмашуучу калийдин, жеңил гидролизденүүчү жана нитраттык азоттун, рН орточо салмакта болушунун көрсөткүчтөрү мезгили менен жүргүзүлүүчү кыртышты агрохимиялык изилдөөнүн натыйжалары боюнча аныкталат, алар төмөнкү мөөнөттөрдө жүргүзүлөт: - айдоо жерлерине, көп жылдык мөмө-жемиш бактарына – 5 жыл; - чабындылар үчүн – 7 жыл; - мамлекеттик сорт участоктору, үрөн чарбалары үчүн – 3 жыл. Жер участокторунун менчик ээлеринин жана/же жерди пайдалануучулардын өтүнүчү боюнча кайталап өткөрүлгөн изилдөөлөрдүн ортосундагы мөөнөттөрдү кыскартууга жол берилет. 7. Ыйгарым укуктуу орган райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктары менен жылдык иш пландарын түзөт жана макулдашат, аларда төмөнкүлөр каралат: - изилденүүгө тийиш болгон жер аянттарынын көлөмү; - административдик райондор боюнча иштерди жүргүзүүнүн кезеги; 8. Административдик райондордун, айыл аймагынын топурактарынын агрохимиялык изилдөөлөрү бир талаа мезгилинде (вегетациялык мезгилде) жүргүзүлөт. 9. Изилденүүгө тийиш болгон айдоо жерлеринин, көп жылдык мөмө- жемиш бак, чабындылардын аянттары текшерүү жүргүзүүнүн алдындагы жылдын 1-январына карата абал боюнча эсепке алынат. 10. Кыртыштын бириккен үлгүлөрүн тандоо бир аралаш топурак үлгүсү (мындан ары-элементардык участок) тандалып алынган участоктор боюнча жүргүзүлөт: 1) минералдык жер семирткичтер аз өлчөмдө чачылган, сугарылбаган дыйканчылык талааларында бүткүл вегетациялык мезгилинде кыртыш үлгүлөрү алынат; 2) сугат жерлерге минералдык жер семирткичтерин дайыма себүүдө таасир этүүчү затта гектарына 90 килограммдан ашык эмес кыртыштын үлгүлөрү бүткүл вегетациялык мезгилдин ичинде, гектарына 90 килограммдан ашык таасир этүүчү затта – жазында жер семирткичтерди чачканга чейин же аларды чачкандан кийин 2 жана андан көп ай өткөндөн кийин алынат; 3) жогортодон сугаруу же чектерди суу каптатып чөктүрүп суугаруу шартында, кыртыштын үлгүлөрү суу каптаганга чейин же суу агызылгандан кийин жана түшүм жыйноодон кийин алынат. Бириккен үлгүлөрдү алуу жыштыгы жер кыртышынын түрүнө жана жер семирткичтердин санына жараша белгиленет жана элементардык участоктордун өлчөмүнө жараша аныкталат. Ар бир жер участогуна катар номер ыйгарылат. 11. Кайрак айдоо жерлерде элементардык участоктордун торчосу жер катмарына жана рельефтик абалын эске алуу менен киргизилет. Башталгыч элементардык участоктун эң чоң аянты 10 га, сугат жерлеринде 4 га (5- тиркеме). Картографиялык негизге элементардык участоктордун торчосун колдонууда алардын чек аралары чарба жүргүзүүчү субъекттин жер участогунун чек аралары менен дал келүүсү зарыл. 12. Ар бир элементардык участоктон бирден бириккен үлгү алынат. |