Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 8-август №9-9
Ат-Башы айыл аймагына тиешелүү бала бакчаларга
кошумча план берүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тиешелүү, жай мезгилинде иштеген бала бакчалардын балдарынан чогулган тамак-ашка каражаттын натыйжалуу пайдаланылышын камсыздоо максатында, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тиешелүү жай мезгилинде иштеген төмөндөгү бала бакчаларга ата-энелерден балдардын тамак-ашына чогулган акча каражатына кошумча план алынсын:
1) А. Курманалиев атындагы бала бакчага – 116 110 сом;
2) К. Тыналиев атындагы бала бакчага 104 775 сом;
3) “Акжар-Сезими” бала бакчасына 150 000 сом.
Жалпы сумма: 370 885 сом.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлдөө айыл өкмөттүн финансы-экономикалык жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Тѳрага | У. Мелис уулу |
|
|