Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 8-август №9-11
“Ат-Башы айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кенешинин 2025-жылдын 29-майындагы №8-9 токтому менен бекитилген «Ат-Башы айыл аймагынын Ардактуу атуулу» наамы жөнүндө Жобого ылайык Ат-Башы айыл аймагынын өнүгүүсүнө, социалдык-экономикалык жактан көтөрүлүшүнө жана спорт тармагын өнүктүрүүгө, жаштардын арасында сергек жашоону жайылтууга кошкон зор салымын эске алуу менен, жергиликтүү тургундардын жана Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, депутаттык мандат, этика жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарынын негизинде, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл аймагынын коомдук, спорттук жана чарбалык өнүгүүсүнө кошкон эмгеги үчүн төмөндөгү жарандарга “Ат-Башы айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын:
1) Ак-Жар айылынын тургуну Акматов Токтогул Акматович 1944-жылы туулган;
2) Ат-Башы айылынын тургуну Өмүралиев Сапарбек Чепеевич 1956-жылы туулган;
3) Ат-Башы айылынын тургуну Базарова Асылбүбү Самыйкановна 1959-жылы туулган;
4) Ача-Кайыңды айылынын тургуну Абдылдаев Темирбек Имамадиевич 1988-жылы туулган;
5) Ача-Кайыңды айылынан Сыдыков Таалайбек Кубатович 1968-жылы туулган.
2. Наамды жана күбөлүктү тапшыруу аземи Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата 31-август күнү салтанаттуу түрдө өткөрүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, депутаттык мандат, этика жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | У. Мелис уулу |
|
|