Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 25-сентябры № 1
Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бекитилген бюджетин чыгашаларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесинин 4-пунктуна ылайык ѳзгѳртүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ. ”Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 3-главасынын 13-беренелеринин негизинде Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бекитилген бюджеттин чыгашаларынан 4917300 ( төрт миллион тогуз жүз он жети миң үч жүз) сом азайтылуусуна макулдук берилсин.
2. Отуз –Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бекитилген бюджеттин чыгашаларына 4917300 ( төрт миллион тогуз жүз он жети миң үч жүз) сом кошулушуна макулдук берилсин.
3. Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетиндеги атайын счетунан “ФИТНЕС” залына 1000 (бир миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4. Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүнбала бакчага тамак аш үчүн 36 219, 3 сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысына жүктѳлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Д. Атанов |